Батыш

​G7 жана ШОС: Квебекте суук, Циндаодо жылуулук өкүм сүрүүдө

13 июня 2018 г. 16:13 1219

Өткөн дем алыш күндөрү батышта да, чыгышта да саммит болду. Кытайдын Циндаосунда Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) 18-саммити, канадалык Квебекте “Ири жетилтиктики” (G7) өттү.

Бул эки иш-чара бир убакта өткөнү менен маанайы жагынан катуу айырмаланды. Бул жакта, Циндаодо достук маанай, Квебекте болсо андайдан алыс жагдай өкүм сүрдү.

Орусия менен Кытай маанайды багыттап...

Кытай ЖМКларына Путин жөнүндө кабарлар толуп кетти. Кытайга аттанаардагы мегинде Путин Си менен достугу тууралу айтып берген. Орус президенти “орусиялык кыял” менен “кытайлык кыялдын” окшош тараптары көп экенин айтып, орусиялык-кытайлык кызматташуу менен ШКУнун кеңейишинин келечеги кең экенин айткан.

8-июнда Си Цзинпин Путинге Кытай эл республикасынын (КЭР) Достук орденин тапшырган. Бул баалуу сыйлык социализмди жаңыртууга, Кытай менен башка мамлекеттердин кызматташуусуна жана дүйнөдө тынчтык орнотууга өзгөчө салым кошкон чет элдиктерге тапшырылат.

Орусия менен Кытайдын ортосундагы жылуу мамилелер ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитине багыт бергенсиди. Жаңы эле бул уюмга кирген мамлекеттердин арасында да өз ара пайдалуу кызматташууга жүздөнүү аракети көрүнүп турат.

Мисалы уюмга жаңы кирген Индия менен Пакистан да мындан кийин “бир сахнада ойномокчу”. Бул эки коңшу мамлекет бири-бирин душман тутуп келишет. Британ Индиясы бөлүнүп, өз алдынча мамлекеттер пайда болгондон бери бул эки өлкө үч жолу куралдуу кагылышка барган. Кандай болбосун, Индия менен Пакистан түштүк-азиялык субконтиненттин эң күчтүү өлкөлөрү. Ошондуктан бул өлкөлөрсүз Түштүк Азиянын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыздоо мүмкүн эмес. Кытайдын аракети менен эки мамлекет бир сахнага чыгышты, алар эмнеде келише алаарын келечек көрсөтөт.

Дагы бир мисал – Ирандын президенти Рухани да Кытайдагы саммитке келди. АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин Ирандын лидери биринчи ирет Кытайды зыярат кылды. Ага чейин КЭРге ирандын тышкы иштер министри Зариф келип кетти. Ирандык өзөктүк программанын тегерегиндеги маселелерге дүйнө бүтүндөй үңүлүп турат. Кытай менен Ирандын кызматташуусу башкаларга үлгү болууда. Чет элдик аналитиктердин көбү Пекин Тегеранга “сооротуучу дары” берди деп жатышат.

Жердин баары тооктун канаты

Тынч мухитинин наркы тарабындагы G7нин саммити темир жол кырсыгына окшоп турат.

Бул өлкөлөрдүн саммитке чейин жолуккан каржы министрлери менен борбордку банктарынын башчылары бажы төлөмдөрү боюнча кайчы пикирде калышты. Чогулуштун төрагасы Трамптын аракетинен улам анын жыйынтыгын “убаракерчилик жана өкүнүү” жеп мүнөздөдү.

Квебекке алдын ала келген Макрон АКШга катуу тийип: “Бизге бүткүл дүйнөлүк гегемондун кереги жок”, - деди. Ошол эле убакта француз презденти “Трамп менен сырдаша алган жападан-жалгыз европалык лидер” делип келет.

Европанын башка мамлекеттери G7ни сакайтууга көңүлдөрү чаппай турат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель жыйынтыктоочу коммюникенин мазмуну боюнча “Ири жетилтиктин” бир пикирге келиши кыйындай көрүнүп калды, андыктан “расмий билдирүүнү ачыкка чыгарбай эле коюу туурараак болчудай” деген пикирин билдирди.

Британиянын Тереза Мэй менен Канаданын Жастин Трюдо премьер-министрлери Трамп менен бетме-бет сүйлөшө албай калышты.

Алты өлкөнүн каяша айтышаары Вашингтонго айдан ачык болду, мындан улам Трамп Түндүк Корейдин президенти менен 12-июндагы жолугуусун шылтоо кылып, саммиттен 10-июнда кетип калды.

Идеялардын келишпестиги

Бул саммиттердеги түрдүү маанай эл аралык коомчулукту да түрдүү келечек күтүп турганынан кабар берет. Эскилик менен бөлүнүү жана ачыктык менен биримдик.

Кытай менен АКШ бул эки саммиттерде негизги ролдорду ойношот. Бул эки платформа аркылуу алар бири-бирине дал келбеген өнүгүү идеялары менен дүйнөнүн келечек түзүмүнө байланыштуу ойлорун сунуп жатышат.

Акыркы жылдары Кытай “бир тагдырга байланган коомдор” оюн түшүндүрүүгө аракеттенип, мамлекеттер аралык мамиледе орток кызыкчылык караштырды. Ири же кичине, күчтүү же алсыз болобу, баардык мамлекеттер бири-бирине таасир этет, ошондуктан кеңешүүлөрү шарт. Күчтүү өлкөлөр өз региондорундагы тычтык жана өнүгүү үчүн көбүрөөк жооптуу, алар эл аралык иштерди толук бийлей алышпайт. Дал ушул пикир доордун акылман ою менен негизги идеясы болушу керек.

ШКУ – өнүгүүнүн кытайлык үлгүсүнүн сыртка чагылуусу. Ал 17 жылы ичинде коопсуздукка гана байланыштуу кичинекей “кылдыректен”, коопсуздук, экономика, гуманитардык алмашуу жана кызматташуу “автоунаасына” айланды. Өз алкагына Индия менен Пакистанды алуусу менен ШКУ Чыгыш Азия аймагынан азиянын түштүгүн көздөй багыттанып, Евразиядагы эң көп калкы бар коопсуздук уюмуна айланды. ШКУга байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш катары Иран, Афганистан жана Түркия кирип, уюмдун жакынкы чыгыш регионуна да таасирин күчөттү. Кытайдын тартыш маселелерде ортомчулук кылып, карама-каршылыктарды азайтууга аракеттенип жатканы көрүнүп турат.

“Ири жителтик” болсо өзөгүн АКШ түзгөн эл аралык уюм, анын тегерегиндеги алты өлкө жалпы кызыкчылык табуу аракетинде. Буга чейин алар тышкы саясатта бир багытты карманышып, калган дүйнөгө жетекчилигин таңуулап, эзип келишкен. Эми алардын доору өтүп, өз ара араздашуусу башталды. Мындан батыш дүйнө таанымы, буга чейинкисиндей эле, өз көмөчүнө күл тартуу экени билинип турат. Бул уюмга кирген ар бир өлкө толук утушка жетем деп, жеңген баарын тартып алчу жунгли мыйзамы менен жашагандыктан, “Ири жетилтик” акыры тарап жок болот.

Кичине нерсени карап, чоңуна баа берсе болот. Жогоруда айтылган саммиттерди карап туруп, элдер бүткүл дүйнөнүн өнүгүү багыттарын эсептеп чыкса болот. Улуу идеялар эч кандай сөз коротпостон кишилерди өзүнө тартаарына биз ишенебиз. Ошондуктан барган сайын көп өлкө бөлүнүү менен биримдик, эскилик менен ачыктык арасында туура нерсени тандап алышат.

Цзиньжи тоутяо, Кытай