Кытай/Индия

​Тоталдык көзөмөл мамлекетинин үлгүсү катары Синзян-Уйгур автономдуу району

12 июня 2018 г. 16:23 1507

Исламды карманган уйгурлар (10 млн тегерегинде, бул райондун 45% тургуну) жашаган Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан Синзян-Уйгур автономдуу району мурунтан бери эле түрдүү нерселерди тестирлөө аймагы болуп эсептелет.

СУАРда 1964-жылы Кытай өзүнүн биринчи өзөктүк, андан кийин алгачкы суутек бомбасын сынаган Лобнор полигону жайгашкан. СУАРда Кытай эң жаңы согуштук техникасын сынап, куралдуу күчтөрүн машыктырган ири аскердик базалар менен полигондор бар. СУАРда дүйнө эли менен жергиликтүү калкка Бээжиндин кубатын көрсөткөн кеңири согуштук параддар өтөт.

Бирок акыркы убактарда СУАР “санариптик диктатура”, “расистик полис мамлекети” жана “терс коомун (дистопия)” калыптаган жаңы технологияларды сыноо аймагына айланды деп көп айтыла баштады. СУАРды эмитен эле учурдун эң ири социалдык эксперименти, дүйнөлүк ЖМК менен коомчулуктан алыс жерде террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүнү шылтоо кылып, калктын үсүтүнөн толук электрондук жана биометрикалык көзөмөл орнотуу жери деп атап калышты. СУАРдан келген маалыматтарды талдаган АКШнын мамлекеттик департаменти Кытайдагы “калкын көзөмөлдөө боюнча эбегейсиз чараларына” тынчсызданганын билдирген.

2016-жылы СУАРдагы миллиондогон уйгурлар паспортторун “копсуз сактоого” тапшырып, өлкөдөн сыртка чыга турган болсо, алар үчүн гана каралган, атайын уруксат алууга мажбурланышкан. Мындан сырткары аялдарына жүзүп жапкан беткап колдонуу, эркекетерине узун сакал коюуга тыюу салынган.

Ошол эле 2016-жылы Кытайдын 40тын тегерегиндеги уюмдары жарандар тууралуу маалымат менен бөлүшүп, өз базаларын башка агенттиктерге ачып беришкен. Бул 40 мекеменин ичине күч түзүмдөрү, полистер, банктар, транспорттук уюмдар, соттор, жер бөлүштүргөн умдар кирген. Андан кийин сапеттерди (велосипед) ижарага берген компаниялардан бери мамлекеттик органдар менен маалымат бөлүшө башташкан.

2017-жылы “Калкты эсепке алуу” жана “Баардыгы үчүн медицина” программаларынын алкагында СУАР калкы медкөзөмөлдөн өтүүгө мажбур болгон. Ал учурунда ДНК үлгүлөрү, кан группасы тууралуу маалымат жана бармак издери, көздүн торчосун скандоо сыяктуу биометрикалык маалыматтар жыйналган. Максаты СУАРдын 12ден баштап, 65 жашка чейинки калкынын толук биометрикалык маалымат корун түзүү болгон. Калктын толук катышуусун “элдик комитеттер” көзөмөлдөп, бардык коңшуларынын медкөзөмөлдөн өтүүсүн тизмекке алышкан.

Мындан сырткары сүйлөө үлгүлөрү жыйналып, үн базасы да түзүлгөн. Аны менен кандай болбосун сүйлөшүүсүнөн кишини таап чыкса болот. СУАРдын тажрыйбасы жалпы Кытай боюнча улуттук үн базасын түзүүгө жол ачты.

Калктын чөнтөк телефондоруна ээси жана анын интернеттеги активдүүлүгүн, анын мэссенжерлердеги маалымттары менен пароль жана логиндеринен бери көзөмөлдөгөн тиркеме да жүктөтүлгөн. Тактап айтканда, бардык абоненттерге бул тиркемени жүктөөнүн колдонмосу жөнөтүлүп, анын телефондо бар экени бир сыйра текшерилген. Жергиликтүү активисттердин айтымында, тиркеме жок болсо, кишини он суткага кармашкан. Тиркеме аркылуу телефонунан кишинын кандай файлдарды карап жатканы көзөмөлдөнүп, анын мамлекетке кооптуу эместиги бааланган.

2016-жылы СУАРда чет элдик мессенжерлерди колдонгондордун интернети кесилген.

2017-жылдын жазында СУАРдын Үрүмчү шаарынын полистери кишиде шектүү аракеттер байкалса полиске ыкчам кабар берген тиркемесин иштеп чыгышкан.

Жарандар унаалары кайда жүргөнүн спутниктер аркылуу аныктаган датчиктерди тагууга да милдеттүү. Мындай системасы жок машинаны сатууга жана ага бензин куюуга мүмкүн эмес.

Учурда СУАР аймагында кишини жүзүнөн тааныган кеминде 40 миңден ашык камера орнотулган. Кээ бир жерлерде мындай камералар 200 кадам сайын коюлуп, кишилер менен унааларды идентификациялап турат. Маалыматтар боюнча, күч органдары кызыккан адам жашаган же иштеген, же адатта жүргөн аймагынан 300 кадам алыстаса, камералар дароо полистерге кабар берет. Буга чейин мамлекетке документтерди көрсөтүү керек болсо, учурда мамлекет баарын жүзүңөн эле билип алат.

СУАРдын IT-инфраструктурасын түзүү, программалык камсыздоо жана камераларды орнотуу бюджети 2013-жылдан бери беш эсеге көбөйгөн. Журналисттер билдиргендей, уйгурлар унаасына бензин куям десе да өзүнүн жүзүн тастыкташы шарт.

Кытайдын IT-технологияларды чыгарган компаниялары мамлекет менен биргелешип, коомдун тынчсыздануусу менен баш оорутуп отурбастан, реалдуу шарттарда эксперимент өткөрүп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк алды.

Мында иш аңдуу жана чектөө менен токтоп калган жок. Быйылкы май айында СУАРда атайын “билим берүү” лагерлери ачылып, ал жакта уйгурлар (башка мусулман калкы да – Саресеп) мажбурлуу идеологиялык мээ чайкоодон өтүп жатканы билинди. Business Insider басылмасынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын апрелинен баштап бул лагерлерден жүз миңдеген, кээ бир маалымат булактарынын айтымында, миллионго чейин киши “кайра окуп” чыккан.

Бул лагерлерде кишилерге Кытайды, коммунисттик идеология менен партияны сүйгөнүн айттырып, аларга мекенчил ырларды ырдап, марш тээп, үгүт-насаат видеотамаларын көрүп, этникалык бирдик тууралуу курстарды угуп, кытай тилин үйрөнүүгө мажбурлашууда. Жергиликтүү жарандык активисттерге таянган чет элдик басылмалар кишилердин мындай лагерлерде айлап калып жатканын жазган.

СУАРда 70-80 чамасында мындай лагерь менен борборлор бар деген маалыматтар тараган. Бул лагерлердеги кишилерди кайтарууга 2016-жылы эле 90 миң кытай (ханьдар) тартылган.

Мындай коомдук түзүм бара-бара Чыгыш Түркстан гана эмес, Кытайдын бардык жерине жайылат деген чочуулар бар. Андан да кооптуусу, башка мамлекеттер да кытайлык усулдарды улуттук азчылыктары жана бардык жарандарына карата пайдалана башташы мүмкүн. Мисалы, жарандарынын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл орнотууну каалаган АКШнын кээ бир мекемелери менен топтору кытайлык экспериментти кунт коюп карап олтурат. Алардын бул тажрыйбаны Кошмо Штаттарында эртең-бүрсүгүнү колдонуп баштоосунда шек жок.

Илья Плеханов, ИноСМИ, Орусия