Ара жолдогу мамлекет

​Ара жолдо калган Кавказ

11 июня 2018 г. 12:22 980

Деңиздер арасы байланыш тууралуу теория боюнча – Балтика менен Кавказ тараптагы окуялар эгиз баладай, бири-бирин кайталап турат. Балтика мамлекеттериндеги кубулуштар кавказ өлкөлөрүнө таасир берет жана тескерисинче ал жактагы абал бизге да чагылат.

2008-жылды эскерели

Ал жылы Орусия кол салган Грузия Европадан эч кандай жардам ала алган жок. Орусиялык баскынчылыкты президент Лех Качинскийдин акылга сыя бербеген жигиттиги гана токтотту. Ал Чыгыш Европанын төрт мамлекетин грузиндерди колдоого ынандырды. Бул өлкөлөр Европадан алыс жердеги орусиялык баскынчылыкта өздөрүнө – эстон, латыш, литов жана украиндерге – коркунуч бар экенин сезишти. Москванын кийинки олжосу Украина, Балтика мамлекеттери, андан кийин Польша да болуп калышы мүмкүн деген ушул эле тезисти (ал турмушка аша баштады) Тбилисинин борборундагы митингде Качински өзү айтты. Ал кезде мага эгемендиги үчүн жаналакетке кирген Грузиядан эмес, Эстония менен Латвиялык досторум чала башташты. Орусия капыстан кол салса, бул мамлекеттер коргонуп кала алмак эмес.

Батыш мамлекеттери Москванын “жеңишке алып келген чакан согуш” уюштуруу саясатына көз жумуусу менен орусиялык импердик дымагынын жандануусу арасында байланыш бар экенин байкамаксанга салышты. Лех Качински дүйнө салганда алар анын жаназасына келишкен жок. Башка континентте жүргөн Михаил Саакашвили учуп келип жетишип калды...

НАТО Чыгыш Европада Балтикадан баштап, Кара деңизге чейин күчүн арттырып кирген кезде, биз менен Кавказ өлкөлөрү арабыздагы коопсуздук асман-жердей алыстай баштады. Демек негизги оюндар ошол жакта болот. Украина сыяктуу эле бул мамлекеттер да Батыштан коопсуздук кепилдигин ала алышкан жок. Алардын Евробиримдик менен Түндүкатлантикалык согуштук альянска кирүүсүн Орусия токтотуп калды.

Украинада мындай абал Януковичтин Орусияга ыктаган режиминин төңкөрүлүүсүнө жана Москванын куралдуу кийлигишүүсүнө алып келди. Орусиялыктар бул операциясын азыркыга чейин токтото элек. Бирок Европа санкцияларды тезирээк жокко чыгарып, “анча маанилүү эмес элдердин” – поляк, балтикалыктар, украин жана грузиндердин үстүнөн Орусия менен соода кылайын деп, шаштысы кетип турат.

Кремлдин канаты алдына

Мындай абалда калган Европанын кавказдык өлкөлөрү эмне кылмакчы? Армения Москвадан башпаанек издеп, коңшуларына далысын салып, алардан бөлүнүп, экономикалык кризис менен эбегейсиз коррупцияга батып турат. Эми бийликке келген Пашинян радикалдуу реформаларды өткөрө алабы, аны көрө жатаарбыз. Бирок саясатынын батыштык өңүткө түшөөрү арсар экени байкалды. Армения Москва менен өнөктөштүгүн улантып, европалык жолдон баш тартып, Азербайжандан курал колдонуп тартып алган Карабах менен башка аймактарды басып жата берээрин ачык айтты.

Азербайжан күтүлгөн жоопту берди: элдешкис сөздөрдү айтты, куралдуу күчтөрүн көбөйтүп жаңыртуусун улантты. Согуштук күч бир күнү акыркы жыйырма жылдагы майнапсыз дипломатиялык аракетке караганда салмактуураак аргумент болуп бермекчи. Былтыркы кагылышууда Азербайжандын басылып алынган бир-эки чакырым жерин кайтарып алганын Европа байкабай калды. Бул кыпындай ийгилик армяндардын үрөйүн учурду. Орусиянын бул жолу Азербайжанды катуу какпастан, эки анжы саясат жүргүзгөнү абалды ого бетер оорлоштурду. Ал азерилерге курал сатуусун улантты.

Армян жетекчилиги акыркы жылдары экономикасына катуу сокку урган транспорттук курчоодон чыгуу аракетинде. 26-майдагы Грузиянын эгемендигинин жүз жылдык мааракесине армяндардын жаңы лидерлери келди. Серепчилер Пашиняндын Еревандан грузин аймактарынан өтүп, Орусия Федерациясынын чектерине чейин барган темир жол тууралуу кеп кылды деп айтышууда.

Азербайжан менен экономикалык жаатта кызматташкан Грузиянын иштери болсо бир топ жакшырган. Ал азерилердин эки маанилүү эл аралык долбооруна кирген: жакында ачылган Баку – Тбилиси – Карс темир жолуна жана Бакудан Грузия менен Түркиянын аймагынан өтүп, Греция, Албания, Балкандар менен Болгарияга газ өткөргөн ири газ кууруна. Бул газ кууру жарым-жартылай иштесе эле Азербайжанга чоң ишке жарап берет. Азерилер түрк бир-туугандары менен мамилесин бекемдеп, каспийдеги ири газ кендерин европалык базарда сата алат. Буга чейин курулуп, Азербайжандан грузиндердин Кара деңиздеги Поти деңиз портуна келген газ кууру аларды орусиялык “газ куралынан” көз-каранды болуудан куткарган. Эми Грузия бул эки куурдан ташылган газдан түшкөн кирешени бөлүшүп, экономикасын бекемдей алат.

Баары ушунча сонун кетсе, эмнеге жаман дейбиз?

Грузияда баары сонун нукка салынган болсо, эмне үчүн Тбилиси эки аптадан бери тынч эмес? Грузин серепчилери окуя жарым жыл мурунку өспүрүмдөрдүн мушташында экөө бычак жеп өлгөнүнөн тутанган дешет. Прокуратура шектүүлөрдүн күнөөсүн далилдей албай койгон. Буга окуучулардын биринин атасы, Грузияда эбегейсиз популярдуу регби оюнунун мурунку чабуулчусу, Заза Саралидзе катуу нааразы болгон. Ага экинчи окуучунун атасы кошулганда Тбилисинин тургундары да көтөрүлүп кеткен. Алар өлкөдөгү адилет системасы менен дүнүйөкорлукка алдырган бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын жетекчилигине нааразы.

Саакашвилиден кийин бийликке келип, Кремль менен алакасын жөнгө салган бул партияга коюлган талаптар күн санап арта баштады. Алар буга чейинки команда баштаган пайдалуу реформалардын натыйжаларын бошко кетирип, айрыкча сот органдарындагы паракорлукту кайра жандантышкан.

Жекелик аракет катары башталган акцияга башка нааразы топтор да кошула баштаган. Алар аянттагы нааразылыкты басаңдатуу ниети менен келген премьер-министрди митингинен кууп чыгышкан. Митингге оппозициячыл партиялар кошулганда, бийлик маселени саясатташтырбай тез чечүүнү сунуштады. 6-июнда парламент эки өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу атайын комиссия түзгөнү менен өкмөт башчысы юстиция министрин кызматтан алуудан баш тарткан. Оппозиция бир нече топко ажырады. Бийликтеги партиянын “аташкасы” миллиардер Бидзина Иванишвили нааразылыктын аркасында бийликке кайтууну кыялданган Саакашвили турат, ошондуктан уйку жок деди. Ара жолго ташталган Кавказ сыяктуу биз да жамбаштап жатып албай, сергек болуубуз шарт.

Ежи Любах, Gazeta Polska Codziennie, Польша