Ислам дүйнөсү

​Түркиянын тарыхий шайлоосуна эки апта калды: диктаторлукпу же демократиябы

10 июня 2018 г. 16:21 1507

Өлкөнүн экономикалык абалы

Германиянын абройлу Deutsche Welle маалымат агенттиги түрк мамлекеттик облигацияларынын пайызы рекорддук деңгээлге жеткенин жазды. Бул инвесторлор мурунку шарттар менен өлкөгө акча бергиси келбей калды дегендик. Майдын башында АКШнын каржы боюнча Standart & Poor рейтинг агенттиги Анкаранын кредиттик мүмкүндүгүн ВВ- (сүткөрдук) деңгелине чейин төмөндөткөн. Дагы бир ири каржы агенттиги Moody's, мындай чечимге март айында эле барган.

Түркия борбордук банкы 16,5тен 17,75 пайыздан насыя берүүгө өтүп (Кыргызстандыкы 4,75%), дүйнөдөгү эң кымбат пайызга каражат берген өлкөлөр арасында Аргентина, Венесуэла жана Ирандан кийинки 4-орунга түштү.

7-июнда Moody's кредиттик чарк-чамасын төмөндөтүү максатында 11 түрк компаниясынын абалын изилдей баштады. Алардын арасына “Түрк абаа жолдору” да кирген.

Германиянын экономикалык изилдөөлөр институтунун (DIW) президенти Марсель Фратцшердин баамында чет элдик гана эмес, түрк ишкерлеринин көбү Эрдогандын экономикалык саясатына ишенбей калышты. “ Эгер өлкөнүн бийлиги экономиканы каалаганындай калчап, демократия менен адам укуктарын чектей берсе, түрк валютасы түшүп кете бермекчи”, - дейт немис эксперти.

Констанца университетинин эл аралык экономика боюнча профессору Эрдал Шерген түрк экономикасынын кооптуу кырдаалын төмөкүчө сүрөттөду: “Эгер түрк лирасы кунун жоготуп кете берсе, чет элдик капитал активдерин ыкчам сатып, өлкөнү бир нече күндүн ичинде таштап кеткен fire sale кырдаалы келиши мүмкүн”.

Бийлик менен бизнести бирге алып кетүү учурдагы бийликке сонун көрүндү. Бирок бул “тандем ыкма” Түркияны туңгуюкка кептеди. Учурда мамлекеттин 30 млрд долларлык резерви бар, бирок Түркияны үстүбүздөгү жылы 240 миллиард долларлык төлөм күтүп турат. Карызы додо, укугу иштебеген, соту адилетсиз, саясатчылар бизнеске кол салган өлкөгө кайсыл инвестор келет?

Түркиянын башка апталык жаңылыктары

Бириккен улуттар уюму (БУУ) өз билгендик менен башка өлкөдөн өз жаранын уурдай качуу, айып такпастан түрмөгө камоолорду айтып, Түркиянын өкмөтүнө ультиматум сыяктуу кайрылуу кылды. Аталган документте “Месуд Качмаз үй-бүлөсүнүн кармалып, чыгарылып кетүүсү Пакистан өкмөтү атынан жана анын жардамы менен Түрк бийлигинин талабына ылайык ишке ашкан” деп жазылган. Качмаз үй-бүлөсү Пакистандын мыйзамдары көзгө алынбай уурдалып, Туркияга берилгендиги жана ал жакта капаста камалгандыгына БУУ пак өкмөтүн күнөөлү деп тапкан. Иш тобу түрк өкмөтүн Качмаздарды шартсыз дароо бошотуп, материалдык жана моралдык жоготууларын толук өтөп берүүгө чакырган. Түрдүү өлкөдөн дагы башка жарандарын уурдоосуна да Эрдоган менен анын өкмөтү жооптуу деп табалган.

Baylok тиркемесин колдонду делип Стамбулдун Силиври капасына камалган 28 жашындагы доктор Ибрахим Халил Өзявуздун жансыз денеси туугандарына берилип, үстүндө кыйноо издери бар экени тастыкталган. Бул ийгиликтүү жаш доктор башында өз жанын кыйды делген, бир күндөн кийин өзүн өзү ургулап өлтүрдү дешкен, бирок дагы бир күн өткөн соң камерада аны менен чогуу жаткан дагы беш доктор аны сабап өлтүрүшүптүр деп билдирилген. Нааразы болгон туугандарын полис коркуткан. Ибахимдин атасы: “Бизди да өлтүрүшөт. Бул жакта өкмөт жок”, - деп башка сөз айтуудан баш тарткан.

Эрдогандын башкы кеңешчиси Мехмед Учум 24-июнь шайлоосунан кийин парламентте оппозиция көпчүлүк болуп калса, жаңы шайлоо болоорун, мындай натыйжа өлкөнү туңгуюкка алып бараарын айтты.

Ооганстандагы ооган-түрк мектептеринин жетекчилиги окуу жайларын түрк бийлигине жакын “Маариф” вакфына өткөрүп бербей койгон. Мындан улам аларды жабуу чечими кабыл алынган. Буга ооган ата-энелер каршы чыкты. Өкмөттүн эч кандай себепсиз жаптырып салган мектептердин ата-энелер комитетинин башчысы Абдышүкүр Дадрес: “Буга чейин дүйнөлүк олимпиадаларда жүздөгөн сыйлык алган мектептер коомдук кызыкчылыкка каршыбы? Бардыгы түрк өкмөтүнүн талабы менен болууда. Бул күндөр өткөндө чечим кабыл алгандар кантет”, - деген.

Илим-билимдүүнү сүйбөгөн бийлик

Түркиянын буга чейинки экономика министри Танер Йылдыздын оозунан “жарандарыбыз канчалык билимдүү болсо, биздин АКП партиябызга ошончолук аз добуш берип калат экен” деген сөз чыгып кеткен. Аны сыңарындай Эрдоган менен партиясы илим-билимге согуш ачкандай эле көрүнөт.

Нью-Йорк шаарында иштеген көз-карандысыз журналист Адем Явуз Аслан апта сайын өз жарандарын кыйнап өлтүргөн Түркия социологиялык, психологиялык, саясий жагынан чөккөн өлкөгө айланды деген ойдо. “Түрк ойчулу Али Булач Эрдогандын АКПсы Түркиянын элитасы кырылып калган Чанаккале согушунан кийинки эң чоң таргедия дегени бар. Чын эле учурдагы өкмөт да Түркиянын интеллектулдык кыртышын жок кылып жатат. Түрк инсанын айылдан чыгарып, өлкөсү жана дүйнөгө пайда келтиргендей тарбиялаган Фетхуллах Гүлен жамаатынын идеалдарын карманган кишилер же капаста, же чет өлкөдө, бир тобу түрдүү ыкма менен өлтүрүлдү. Учурда көз-карандысыз ой жүгүрткөн бардык инсандарга каршы аракеттер күч алды. Муну интеллектуалдык геноцид десе болот. Өлкөнү акылы менен көтөргөн кишилер жумуртка сатып, тазалыкчы болуп же курулуштарда иштеп калды”, - дейт Адем Явуз Аслан.

24-июнда кандай болбосун ыкма колдонуп президенттик макам менен парламентти алууга аттанган Эрдоган менен партиясы исламчыл-улутчулдук байрагын көтөрдү. Секулярдык бийлик орношунан чочулаган жана улутчулдукка берилген түрк калкына күрддөрдү мокочо көрсөтүп добушун алуу уланууда.

“Бул шайлоодо 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракети менен Сириянын Афринин басып алуу жетиштүү добуш алып келе албаганын Эрдоган түшүндү, - деген Kronoshaber.com сайтынын журналисти Доган Эртугрул оюн минтип улаган, - Ошондуктан түрк коомунун эң кеңири тобу болгон исламчыл-улутчул тайпанын добушун алыш үчүн социалист күрддөрдүн символу болгон Ирактагы Кандил тоосуна түрк байрагын саюу жар салынды”.

Серепчилер Эрдогандын күрд маселесин каалаган убакта аларга согуш, кааласа кучак ачып колдонуп келе жатканын айтышат. Демек, бул шайлоо алдында Эрдоган үчүн күрддөргө согуш ачуу добуш алып келет. Андан кийин кайра кучак ачып да бир нерсе утат.

Күрддөрдү согуш менен коркутуп добушун алган Эрдоган

Бул арада күрд депутаттары капаста, аларга тиешелүү акимияттын баарын бийлик тартып алды, президертке талапкери Салаатдин Демирташ митингдерге түрмөдөн сотка аркылуу катышып жатат.

Өзү жана партиясы жеңээрин алдын ала билген Эрдоган кайсыл шаарда жүргөнүн деле эстеп коëюн дебей, кечээ жакындагы митингинде Бингөл шаарын беш жолу Диярбакыр деп атады.

Күрд тараптан президентикке талапкер Салаатдин Демирташ ошондуктан: “Суфлëрсуз эки мүнөн сүйлөй албаган бири Түркиянын жүз жылдык келечегин аныктайм деп жатат”, - деп күлдү.

Митинг талааларында Эрдоган сөзүн токтото электе эле элдин тарап жатканы, премьер Бинали Йылдырымдын митингдерине эл аз келгенине карабай бийлик тарап утабыз деп жатканы, албетте, шайлоо күнү мыйзамсыз көп нерсе болоорунан кабар берет. Адем Явуздун айтымында статистикага караганда Эрдогандын утуусу мүмкүн эмес, бирок ал өз калкын жарандык согуш менен коркутуп кайра бийликте калуу аракетинде.

Түркия азыркы абалынан кантип чыгат?

Мамлекет өзү уруксат берип, тыгыз көзөмөлдөгөн мектепте, бейтапканада, ЖМКда, фонддо, банкта иштеген киши бир күнү ойгонсо эле мунун баары кылмыш катары каралып, капаска тыгылуусу Түркия тарыхында буга чейин болгон эмес.

Глобалдык саясат илиминин доктору, профессор Мехмет Эфе Чамандын айтымында Түркиядагы шайлоо келечекте бийликке келем деп жаткандардын легитимдүүлүгүнө шек келтирген абалда өтүүдө, муну шайлоолорду көзөмөлдөгөн дүйнөнүн бардык олуттуу уюмдары тастыктап жатат.

“Түркия бул шайлоодон кийин батыштын олуттуу мамлекеттер лигасынан чыгып, Орто Азия менен Кавказдагы диктатуралар менен бир катарда карала баштайт. 8000 университет мугалимин президенттик токтомдор менен жумуштан чыгарган, 150-160 миң мамлекеттик кызматкерди бир убакта ишинен айдаган, 60 миңге жакын саясий туткуну бар мамлекет бетине канчалык демократиялык макияж чаптабасын эч кимди алдай албайт, - дейт профессор. - 2016-жылдан бери Түркиядагы саясий режим толугу менен алмашты. Адамдын өзүн гана куугунтуктабастан, жубайы менен балдарын, ата-энесин кошо басмырлаган, мал-мүлкүн тартып алган учурдагы түрк бийлигин Гитлер режими менен гана салыштырууга мүмкүн”.

Эң коркунучтуусу коомду бөлүүчү, укуксуздукту даңазалаган бийлик колдонгон идеяларды түрк оппозициясы да колдонуп, өлкөнүн келечегин туңгуюкка кептегенге кол кабыш кылууда. Демек, 24-июндан кийин ким бийликке келсе да ушул кездеги зулум чеккендердин акысы толук кайтарылып берилет деп үмүттөнүү кыйын.

Профессор Мехмет Чаман: “Эрдогандын мыйзам өкүмүндөгү токтомдору жокко чыгарылып, бардык саясий туткундар коё берилип, өзгөчө кырдаал режими токтотулуп, өлкө кайра конституциялык талаага кирмейинче Түркияга укук кайтып келиши мүмкүн эмес”, - дейт.