Кытай/Индия

​Кытай-Орусия мамилеси батышты кызгандыра баштады

9 июня 2018 г. 16:21 1459

Кытай менен Орусия көптөгөн келишимге кол коюп, коопсуздук жана тышкы саясатта “эки тараптуу шайкештикти арттырууну” убадалашып, АКШ менен араздашуу эки коңшуну жакындатып жатканын баса белгилешти.

Владимир Путиндин Пекинге үч күндүк зыяратынын алгачкы – жума күнү өткөн салтанатуу жолугушууда кытай лидери Путинге жакында бекитилген Достук орденин тапшырды.

“Кытай менен туруктуу алакалар Орусиянын негизги приоритеттерине кирип, эбегейсиз деңгээлге жетти”, - деди Путин.

Москванын чет өлкөлүк авантюралары жана батыш өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы АКШ менен өнөктөштөрү киргизген санкциялардан улам Орусия барган сайын көбүрөөк Кытайга ыктап, саясий өнөктөш катары ага илгери үмүт арта баштады.

Дональд Трамп Кытайды “ашыкча” тарап катары карап, Путин менен жакындашып кетеби деген Пекиндин чочулоосу өтмүштө калды, анткени Вашингтон менен Москванын бири-бирине каршы душмандык сезимдери дагы эле күч. Учурда Орусия менен Кытай Иран жана Түндүк Корей сыяктуу эки тараптын кызыкчылыгына жараган маселелерде биригип, америкалык санкциялар менен төлөмдөргө каршы ишмердиктерин арттырууда.

Жума күнү кытайлык жана орусиялык расмий тараптар өзөктүк энергетика, космосту изилдөө менен транспорттук байланыш боюнча да макулдашууларга кол коюшту. Тараптар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден Трамптын администрациясынын чыгып кеткенин айыптаган бирдиктүү билдирүүгө кол коюшуп, эки өлкөнүн согуштук жана дипломатиялык кызматташуусун кеңейтүүнү убадалашты.

Бул мамилелер эки президенттин тыгыз жеке байланыштары менен да бекемделди. Кытайдын Борбордук телевидениеси (CCTV) шаршемби күнү Си Цзинпин менен туулган күнүн “жүз грамдашып, чучук кесип” майрамдашканы тууралуу орусиялык лидерден алган маегин берди.

“Менин бир да адам менен мындай мамилем болгон эмес... чет элдик коллегаларымдын бири менен туулган күнүмдү куттуктагандай. А, бирок, председатель Си Цзинпин менен муну кылдык”, - деген Путин маегинде.

CCTV туулган күн тууралуу маекти “Путин аттуу интернет-жылдыз” деген онлайн-тасмага орноткон. Анда Путиндин пианино ойногон, шатыратып кол чапкан топтордун алдынан өткөн, председатель Си менен бир нече жолу жолуккан кадрлар да коюлган.

Жакында Кытай конституциясынан президенттик мөөнөттү чектөө беренесин алып салууну “демилгелеген” кытай лидери Путин менен “мүнөздөрү окшогонун” айтты. Ал марттагы шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетип, төртүнчү президенттик мөөнөткө шайланган Путинге дароо чалып куттуктаган.

Ал Путинге: “Биз глобалдык башаламандык доорунда кытай-орусиялык мамилелеринин сыноодон өтүп, тарыхтагы эң жакшы абалга жетишин бирге камсыздадык”, - деди.

Кытай Кремлге же Путиндин жакындарына таандык орусиялык компанияларга миллиарддаган доллар чегерип, батыш санкциялары алдында калган Орусиянын абалын жеңилдетүүгө жардам берип келет. Бирок эки өлкөнүн экономикалык мамилелери тең салмактуу эмес. Мунай-газ менен куралды албаганда, Кытай Орусиядан көп деле нерсе импорттобойт.

Серепчилердин баамында, кытай лидерлери Орусияны Азия жана дүйнөдө АКШны мурункудай эле теңдеп турган күч катары карашат. Айрыкча АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясынын авторлору аларды Американын негизги каршылаштары катары аныктагандан бери бул ишеним күчөгөн.

Кытай менен Орусия акыркы жылдары согуштук кызматташуусун арттырышкан. Өткөн жылы өлкөлөр Тынч мухитинин түндүк тарабы менен Балтика деңизинде биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшкөн.

“Кытай менен бирдиктүү командада Орусия кичүү өнөктөш ордун ала баштады, - дейт Москвалык Карнеги борборунун орусия-кытай мамилелери боюнча эксперти Александр Габуев. – Орусиянын геосаясий маселелерди чечүүгө күчү жетпейт, андыктан ал кытайлыктардын жөндөмү же дымагы жетпеген нерселерди аткарып берүүдө”.

Джеймс Марсон, Джош Чин, The Wall Street Journal, АКШ