Орусия

​Жакында орус армиясына дагы алты миң танк берилет

8 июня 2018 г. 12:51 1054

Орусия совет доорунан калган тактардан кутулуу максатында аларды жок кылууну пландаган. Буга чейинки жылдары Москва 10 миң эски үлгүдөгү танкты таштандыга жиберүүгө ниеттенген, эми бул цифра төрт миңге кыскарганы турат.

“Программа иштелип чыгып жаткан учурда сактоо базаларында чогулуп калган, советтик доордо чыккан он миң танкты утилдештирүү мерчемделген”, - дейт Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы бронетанктык башкармалыгынын башкаруучусу генерал-лейтенант Алксандр Шевченко. Анын буз сөзүн ТАСС маалымат агенттиги тараткан.

“2020-жылына чейин түзүлгөн бронетанк куралы менен техниканы өндүрүштүк утилдештирүү программасы боюнча таштандыга жиберилген танк төрт миңге жеткен”, - деген Шевченко, коопсуздук абалы өзгөргөндүктөн, программага байланыштуу чечим да өзгөргөнүн айткан. Калган эски танктар утилге жиберилүүнүн ордуна жаңыланмакчы.

“Эл аралык абалдын өзгөрүүсү, Орусия федерациясынын (ОФ) Куралдуу күчтөрүнүн согуштук даядыгынын артуусу, ОФ жарандарынын мекенчилдигинин жогорулоосу менен бирге эскирген техниканы терең модерндештирүү боюнча жаңы техникалык жана технологиялык чечимдер иштелип чыгып, аны заманбап куралга айлантуу мүмкүндүгү пайда болгондуктан, бронетанк куралдыры менен техниканы утилдештирүү пландарын кайра карап чыгууга туура келди, - дейт Шевченко.

Бирок акыйкат бир аз башкача болушу мүмкүн.

Орусиянын эски танктарды сактап калуу чечими бюджеттин тартышытыгынан кабыл алынып, Москва жаңы танктарды куруп чыгуунун ордуна колдогу согуштук машиналарды жаңыртууну пландашы мүмкүн.

“Бул чечим боюнча, бюджеттик чектөөлөрдөн улам көбүрөөк курал модерндештирүүгө калтырылат, же алар Улуттук гвардияга өткөрүлүп берилет”, - деген Орусияга тиешелүү маселелер боюнча the Center for Naval Analyses борборунун кызматкери Майкл Кофман.

Бирок бул чечим Т-90М жана айбаттуу Т-14 “Армата” сыяктуу жаңы танктарын орусиялык куралдуу күчтөрү үчүн сатып алуу токтоп калат дегендик эмес. Орусия коргонуусуна чегерген каражатты бир аз кыскартканы менен кабыл алынган чечимдин буга байланыштуу экени тууралуу Шевченко жеткиликтүү маалымат берген эмес.

Бул ашыкча согуштук машиналар өнөктөш мамлекеттерди анча кымбат эмес системалар менен куралдандыруу үчүн колдонулушу мүмкүн деген да ой кетет. Орусиянын Т-90СМ сыяктуу таптакыр жаңы техниканы сатып алууга чама-чаркы жетпеген көп өнөктөшү бар. “Бул да акылга сыярлык чечим. Мындай ыкма менен Сирия сыяктуу жакыр өнөктөштөрдү же мамлекеттик эмес согуштук түзүмдөрдү арзан куралдандырса болот”, - дейт Кауфман.

Кандай болбосун, келерки жылдары орусиялык куралдуу кошундарга дагы алты миң танк берилмекчи. Маселе бул кошумча курал менен орустар эмне кылаарында жатат.

Дейв Маджумдар, The National Interest, АКШ