Борбор Азия

​Түркмөн армиясы: күчтөнүүдөбү же алсырап жатабы

7 июня 2018 г. 14:28 946

Түркмөн президенти Бердымухамедов өзүнө бронжилет жарашаарын, автоматтан таамай атаарын, канжарды бутага кадай алаарын калкына көрсөтүп келет. Түркмөн армиясы анын салтанатында күчтөндүбү?

Президент Гурлангулы Бердымухамедов ахалтекиндерди атырактата чаап, физикалык көндүмдөр менен министрлерине келбетин кантип жарашыктуу сактап калууну гана эмес согуштук техниканы кандай айдап, заманбап куралдар менен бута атууну, бычак ыргытуу менен согуштук тик учактардын кароолун багыттоону көрсөтүп бере алат. Жергиликтүү телеканалдар мунун баарын элине жеткирип, түркмөн куралдуу күчтөрү (КК) тунгуч президент Сапармурад Ниязовдун убагындай “дыйкандашып” кетпегенине ынандыруу аракетинде.

Түркмөн президенти таамай атат

“Телеканалдарга карасак, президен өлкөсүн коргоого жакшы көңүл бургандай көрүнөт. Анын аскердик бөлүктөргө барып, көбүнчөсүн өзүнүн согуштук жөндөмдөрүн көрсөткөнү чагылдырылат. Бул – эми президенти эле ушундай болсо, армиясы да сонун куралданып, жакшы такшалгандыр – деген ойго түртөт. Бирок бизге жеткен маалыматтар андай эмес экенинен кабар берип жатат”, - дейт Венада жайгашкан “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” (АУТД) жарандык уюмунун жетекчиси Фарид Тухбатуллин.

“Маалыматтар боюнча түркмөн армиясында кырк миңдин тегерегинде аскер бар. (Салыштырсак: өзбек ККсында 65 миң, казактардыкы 75 миң) Мунай-газдын акыркы жылдары арзандашына байланыштуу экономикалык кризис аларга чоң таасир тийгизүүдө. Калкка берилчү жөлөк пулдар гана эмес, ККга чегерилген каражаттар да кыскарууда”, - дейт эксперт.

Түркмөн аскерлери эмнеге көгүчкөн уулап жүрүшөт

Ошондуктан аскерлердин тамагынан да кыскартылган, деп тастыктайт Тухбатуллин. “Бул жагдай акыркы эки жылда айрыкча сезиле баштады. Андыктан аскерлерди көбүнчөсүн ата-энелери тойгузуп калган. Алар же акча которушат, же аскерлик бөлүккө тамак киргизип турушат. Өкмөттүн бир аскерге чегерген каражаты, учурдагы көмүскө базардын курсу менен алганда, айына үч долларды түзөт. Бул акчадан түрдүү басылмалар менен иш-чараларга да кармап калышат”, - дейт түркмөн эксперти.

Жакында ЖМКларда Түркмөнстандын коргоо министрлигинин кызматтык колдонуу үчүн тарткан видеотасмасы тууралуу маалыматтар тарады. АНТ маалымат агенттиги анын кыска мөөнөттүк аскерлике келгендерге көрсөтүлөөрүн билдирген. Тасмадагы көгүчкөн кармоо учурунда аскерлердин жаралануусу тууралуу маалыматты журналисттер жакшы тамактанбоо менен байланыштырышкан.

“Президенттин бир сөзүндө, аскерлер жар-жемиштерди өздөрү өстүрүүсү керектиги айтылган. Ниязовдун учурундагы жоокерлердин пахта-буудай өндүргөн жылдары кайтып келүүдө. Кыскасы, армия өз кекиртегине кеткен азык-түлүгүнө өзү кам көрүүсү керек”, - деген ойдо АУТДнын эксперти.

Өзбекстан менен Тажикстан арасында

Global Firepower компаниясы түзгөн, дүйнө армиялары тууралуу Military Strenght Ranking 2018 рейтинги боюнча, түркмөндөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында орто жерге жайгашкан. 80-орун алган түркмөн армиясы Өзбекстан менен Казакстандан (39 жана 50-орундар) артта калганы менен Кыргызстан менен Тажикстандын (91 менен 96-орун) алдында. 2017-жылга караганда Түркмөнстан алты даражага жогорулаган.

Бирок орусиялык согуштук эксперт Лев Корольков рейтинг формалдуу гана көрсөткүчтөргө таянган дейт. Мисалы түркмөндөрдүн аскердик бюджети ачык болбогондуктан, адатта көп көрсөтүлөт, айрыкча азыркы газдын баасы түшүп кеткен учурда күмөн ого бетер күч.

Бул армия, деп сөз улаган орус эксперти, рейтингде төмөндө калган Тажикстан менен Кыргызстандын армияларынан да олуттуу кемчилиги бар. СССР тарап кеткенде, дароо аскердик реформага белсенген региондогу башка армиялардан айырмаланып, бардык башкаруучу макамдарда советтик офицерлер калган, деп эскерет ал.

“Алар көбү Ооганстанды башынан өткөргөн адистер болчу. Канча бир убакыт, армиясы советтик согуштук эрежелерге баш ийип, катардагы жоокер менен сержанттардын даярдыгы жакшы болчу. Бирок кийин “түркмөндөшүү” башталып, жакшы кадрлар, чекарачылар Түркмөнстандан көчүп кетишкен”, - дейт согуштук серепчи.

Түркмөн ККсынын кемчиликтери

Бирок бул армия, тажик менен өзбек, керек болсо, даярдыгы анча жогору эмес кыргыздыкынан да айырмаланып, согуштук жана мобилизациялык тажрыйбасынын жоктугу менен белгилүү дейт Лев Корольков. “Ооганстанды талибдер бийлеген учурда, Сапармурад Ниязов молдо Омарды мазут берип жоокалатып, өлкөсүндө же коңшулары менен маселе чыгып калса, анын жардамына үмүттөнчү. Андан кийин Ооганстанга батыш коалициясы келип, алар регионалдык коркунучтардан кепил болчудай көрүнгөн. Ал убакта советтен калган куралдар эскирип, бирин-серин чет элдик техника гана алынган. Алар да, мисалы, катерлер жаңы эмес болчу”, - дейт Корольков.

“Түркмөн ККларынын деңгээли жогору эмес. Биздин маалыматтар боюнча, акыркы үч жылы ооган чек арасында согушкерлер менен бир топ эле кагылышуу болуп, армиянын согушка даяр эместиги көрүнгөн. Кыска мөөнөт кызмат өтөгөн аскерлер менен офицерлер набыт болгон” - дейт Фархад Тухбатуллин.

Маселеге башка өңүттө чара колдонулганга чейин, чек аранын ооган тарабына бир топ танк менен БТРлер жиберилгени менен жакшы натыйжа берген эмес, деген түркмөн серепчиси, сөзүн төмөнкүчө улаган: “Ооган тарапты белек-бенчек, акча менен кызыктыруу аракети башталган. Ниязов убагындай эле күйүүчү май да беришкен. Ошондон кийин абал бир аз тынчыган”.

Гератта баары тынч

Түркмөндөр менен чектешкен ооган аймактарында салыштырмалуу тынч экени да маанилүү дейт Лев Корольков. Бул ооган провинциясында Өзбекстан менен Тажикстанга чектешкен жерлерге караганда абал туруктуу.

Түркмөн аскерлик кошундарынын баарында дедовшина өкүм сүрүп, өнөкөттөшкөн көйгөйгө айланган. Уруулук араздашуулар да бул илдетти кубаттап турат. Жогоруда аталган видеотасмада эрежеден сырткаркы мамилелерден түрдүү кырсык чыкканы да тизмектелген.

Офицерлик курамга келсек, түркмөн офицерлери Орусия менен Түркияда окутулат. “Бирок алар аз. Балким мындай программалар үчүн акча тартыш. Атайын кызматтар да буга шектүү карашат”, - дейт Фарид Тухбатуллин, - Түркиядан окуган курсанттар менен офицерлер атайын кызматтын бүйүрүп кызытып турган чак”.

Армиянын офицерлеринен атайын кызматтар шектенет

Мындан сырткары, салттык эмес делген исламдык багытты карманат деп шектелген офицерлердин көбөйүүсү да атайын кызматтарды чочутат деп билдиргеп АУТДнын жетекчиси.

“Буга байланыштуу бир нече кылмыш иши козголгон. Тежендеги аскердик бөлүктөн көп аскер кармалган. Ашхабаддын жанында да, салттык эмес исламды карманып тим болбой, аны кол алдындагыларга таңуулаган офицерлер камалган. Башкача айтканда, КК бийликтин өзүнө коркунуч келтире баштады”, - дейт укук коргоочу.

Орусиялык аскердик булактардан келген кыйыр маалымат боюнча түркмөн бийлиги ККсына чет элдик инструкторлорду тартып жатканы айтылган. Атын атагысы келбеген орус экспертинин айтымында, мисалы, оогандык уруулук куралдуу курамдары менен да бул өңүттө келишимдер бар.

Deutsche Welle, Борбор Азия