Жорум

Түрк элчиси эмнеге кайра-кайра жаңылып жатат

6 июня 2018 г. 18:28 2110

Бүгүн 6-июнда Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат АКИpress агенттигине Балыкчы шаарында “Сапат” мектебинин ачылганына өлкөсүнүн нааразы экенин, бул түрк президенти Режжеп Эрдогандын зыяратына терс таасир тийризээрин билдирди.

Оболу, учурда оппозициясын куугунтуктаганы, жүздөгөн энени ымыркай балдары менен бирге капаска сологону, өлкөсүнүн эркин интеллигенциясын жумуштан айдаганы жана күрд калкын жеригени менен билинген Эрдогандын Кыргызстанга келгенинен келбегени жакшы. Бул диктаторлошуп бара жаткан лидер өзүнө окшогон зөөкүр же көз-каранды жетекчилер менен гана жолугуп жатат. Дүйнөлүк деңгээлдеги дөөлөттөрдүн лидерлери болсо, бийликке келгенден бери эбегейсиз байыган Эрдоган жана жакындарынан, түрк элинин кызыкчылыгына терс, бирок өз мамлекеттерине миллиарддаган долларлык пайда алып келчү контракттар үчүн гана жолугушууга аргасыз. Бул жагымсыз, бирок өлкөсү үчүн зарыл жолугушуу тууралуу дипломатиялык такты менен айырмаланган Франциянын президенти Эммануэль Макрондун: “Өлкө башкаруу анча жагымдуу иш эмес экен. Мисалы Таййып Эрдоган менен жолугууга мажбурсуң”, - деп айтканы бар.

Түрк элчилеринин кайра-кайра жаңылып, Кыргызстандын ички иштерине кийлигише берүүсүнүн бир нече себеби бар.

Түрк бийлиги кандай мамекеттердин ишине кийлигише алат? Косовадай өзүнө көз-каранды, коррупциялашкан бийлиги бар өлкөнүкүнө кийлигишет. Мындан эки ай алды ал жактан төрт түрк жаранын уурдап чыгып, ИИими менен коопсуздук кызматынын башчыларынын отставкасы жана премьери менен президентинин ортосунда жаңжалды тутандырган саясий кризиске себеп болушкан. Афганистандай жарандык согуштан алсыраган мамлекеттикине кийлигишет. Өткөн айда түрк элчиси куралчан кишилер менен ал жактагы афган-түрк мектептин бирине кирип келип, аны түрк өкмөтүнө жакын “Маариф” фондуна тартып бергенге аракет кылган. Бирок афган ата-энелер аларды кууп чыгышкан. Кээ бир уруу башчылык деңгээлден көтөрүлө албаган африка мамлекеттеринин жетекчилерине түздөн-түз пара берип, түрк элчилеринин өз билгендерин кылгандары тууралуу фактылар бар.

Кыргыз Республикасындагы буга чейинки түрк элчиси менен “Манас” университетинин ректору да бүгүнкү түрк элчисине окшоп биздин ички иштерибизге кийлигишкен. Бирок ал кездеги кыргыз жетекчиликтен катуу каяша угуп, мыш болуп отуруп калышкан. Анда да толугу менен кыргыздарга таандык “Сапат” мектебинин маселеси козголуп, ал кездеги ажобуз Алмазбек Атамбаев түрк тарапка психиатриялык жардамга кайрылуусун сунуштаган.

Учурдагы түрк элчиси Женгиз Фырат өлкөбүзгө келээри менен зыяратка барган жеринин баарында “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын келечегине коркунуч деген акылга сыйбаган маалымат таратууга аракеттенген. Мунун эки себеби бар: биринчиси коркуу жана эңсөө, экинчиси адистик деңгээлинип пастыгы.

Түрк элчиси эмнеден коркуп, эмнени эңсейт. Түркияда баары көңүлү жазгы аба ырайындай алмашып турган Таййып Эрдогандан коркушат. Жүз пайыз бийлик да анын колунда, кааласа май-талканга бөлөйт, кааласа капаска солойт. Айрыкча Кыргызстанда бир мектепти тартып алып, бир-эки түрк мугалимин уурдап чыгарып берсең, Эрдогандын “талгагын” кандырып, каалаганыңды сурап алсаң болот. Анте албасаң аркаңда сенин ордуңду эңсеген миңдеген түрк чиновниги турат.

Мурунку жана учурдагы түрк элчилеринин адистик пастыгы иштеп жаткан өлкөлөрү менен өз өлкөсүн алмаштырып алганында. Түркиянын жарандык коому талкаланып бөлүнгөн, жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин гана сөзүн сүйлөйт, укук системасы он миңдеген адисти сот-соболсуз капаска солоп, жүз миңдегенин жумуштан айдоо менен алек. Саясатчылары Таййып Эрдоганды “кудайдын баардык сапаттарын ташыган”, “ал айга төрт тараптуу жол салынат десе, айтканы болот” деп жерге-көккө батыра албай кошоматтанышат. Түрк элчиси Кыргыз Республикасын Түркиянын бир велаети катары көрүп алгандай кейпи бар. Кыргыз бийлиги муну бул уйкусунан ойготуп, ордуна коюусу зарыл. Айрыкча түрк президенти Режжеп Таййып Эрдоган өлкөбүзгө зыяратка келет деп мерчемделип жаткан убакта бул ого бетер мааанилүү. Кыргыз аткаминерлери антпесе кашык менен башыңан обон чыгарам дегендер түрк тараптан далай чыгат.