Батыш

​Немис жаштары менчик унаа алууга эмнеге шашылбайт

4 июня 2018 г. 15:53 1071

Немистердин жаш мууну барган сайын менчик унаа алууга муктаж болбой бара жатат. Ошондуктан Daimler, Volkswagen менен BMW каршериңге басым жасай башташты.

Германиянын ири шаарларында жашаган жаштар менчик унаалуу болууну артыкчылык катары карабай калды. Бергиш-Гладбах шаарынын Экономикалык жогорку мектебинин изилдөөсү боюнча 18-25 жаш арасындагы немис жарандарынын жеке унаа алуу ниети барган сайын азаюуда.

Изилдөөнүн жетекчиси профессор Штефан Брацельдин баамында, мындай жагдай шаар ичинде коомдук транспорт жана башка альтернативдик ыкмалар менен жүрүүгө кеңири жол ачып жатат. Алардын бири каршериң – автоунааны орток колдонуу. Албетте айыл жеринде бул ыкма менен жүрүү кыйын. Андыктан мегаполистерден сыртта жашаган жаштар менчик унаасыз дагы көпкө чейин жүрө алышпайт.

Каршериңдин жаңы борборлору Лейпциг менен Гамбург

Ал убакта Герман федеративдик республикасынын (ГФР) көптөгөн шаарларында учурдагы транспорт түзүмүнө жаңылыктарды киргизүү аракети күч. Мисалы Лейпцигде (600 миң тургун) автоунаа менен сапеттерди (велосипед) ижарага берүүчү 28 жай ачылган. Алардын баары борбордук коомдук транспорт турактарына жакын жерлерде ачылган. Ошондуктан, мисалы, автобустан түшүп, сапетке минип кетүү ыңгайлуу. Автоунаа менен сапеттерди убактылуу колдонуунун акысы атайын чип орнотулган пластик карддар аркылуу төлөнөт.

Өз учурунда, Volkswagen концерине кирген MOIA компаниясы айдоочусуз VW электирбустарына смартфон аркылуу буйрутма берип колдонуу кызматын Гамбургда (1 млн 800 тургун) ачкан. Мындай унаага, жүргүнчү көчөгө чыккан жерден 250 метр аралыкта жайгашкан виртуалдык турактан, отуруп кетсе болот. Бул долбоор учурда тестирленип, 2019-жылы расмий колдонууга берилмекчи.

Deutsche Bahn да ижарага унаа берет

Немис темир жол Deutsche Bahn концернине кирген IOKI компаниясы да ижарага айдоочусуз автоунаа бере баштады. Мындай долбоорлорду тестирлөө мегаполистерде гана өткөн жок. Мисалы, Бавариядагы Бад-Бирнбах шаарчасында 2017-жылдын күзүнөн баштап айдоочусуз электирмикробус ишке киргизилип, буга чейин 10 000 жүргүнчү ташыганга жетишти.

Мюнхен (1 млн 400 миң тургун) да жаңы агымдан сыртта калган жок. Июндун орто ченинде шаардын транспорттук мекемеси MVH Isar-Tiger атту каршериң кызматын ишке киргизмекчи. Шаар тургундары мобилдик тиркеме аркылуу газ менен иштеген VW Caddy автоунаасын ижарага алса болот.

Немис шаарларынын негизги көйгөйү – буйрутма ташыган унаалар

Шаардын коомдук транспорт системасына каршериңди киргизүүгө саясатчылардын жардамы керек. Автоэксперт Штефан Брацельдин айтымында бул маселе сөзсүз бийлик макамы деңгелинде тескелүүсү шарт. Шаарда жеке автоунаалардын санын ушул жол менен гана азайтууга болот.

Кандай болбосун, бул тууралуу чечим жакын заманда кабыл алынуусу максатка ылайык болот. Братцелдин баамында кардарлар Amazon интернет-дүкөнү аркылуу көп товарга буйрутма берип баштагандыктан шаар ичинде товар ташуу көлөмү артууда. “Бир күнү шаар ичинде жүрүүгө мүмкүн болбой калат. Келечекке багытталган узак мөөнөттүк чаралар менен гана мунун алдын алса болот”, - дейт серепчи.

Daimler менен BMW каршериң кызматтарын бириктирүүдө

Немистердин ири автоөндүрүүчүлөрү жаңы транспорттук багыттарга көп жылдан бери каражат жумшап келишет. 2018-жылдын мартында, буга чейин атаандашып келген Daimler менен BMW, Car2Go жана DriveNow каршериң сервистерин бириктирүүнү макулдашышты.

Бул жол менен алар кардарларын 40 миллионго чыгарышып, Европада анча жактырылбай калган америкалык Uber такси буйрутма сервиси менен тирешүүгө өтүштү. Келишим боюнча жаңы ишкананын акцияларынын 50/50 пайыздарына Daimler менен BMW ээ болушмакчы. Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын, 2018-жылдан кечиктирбей, бул бирикмеге уруксат берилүүсү күтүлүүдө.

Deutsche Welle, Европа