Ислам дүйнөсү

​“Таййып Эрдоган президент болбосо, аялыбыз менен балдарыбыз бизге арам!”

4 июня 2018 г. 0:39 1233

Туркия жумалыгы

Өткөн аптанын этегинде Таййып Эрдоган менен анын исламчыл – АКП-МХП – улутчул кош партиясына каршы чыккан Саадет партиялыктарды МХПнын мүчөлөрү кызыл жаян кылып сабады. Окуя болгон жерге келген полис кол салгандарды эмес, таяк жегендерди алып барып камады. Түрк соцтармактарында бул окуя катуу талкууланды.

Түркиянын күрддөр жашаган Түштүк-Чыгышында Жогорку шайлоо мекемеси 144 миң шайлоочунунун добуш берүү сандыгын башка жерге ташуу чечимин кабыл алган. Бул сандыктар күрд саясатчыларынын ХДП партиясына 70-80% добушун берген айылдардан, бийликке добуш берип келген айылдарга ташылууда дешет ХДП партиясынын өкүлдөрү.

29-майда АКШнын тышкы иштер департаменти ишеним эркиндиги боюнча рапортун чыгарды. Анда 200 өлкөнүн дин жана ишеним эркиндиктерине баа берилген. Түркияга 22 бет каралып, 2016-жылдын 15-июнундагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин токтобой жаткан камоолорго көңүл бурулган. Рапортто “саясий куунтуктагы дин аалым” делген Фетхуллах Гүлендин жамаатынын мүчөсү деп, бери жагы дегенде, 50 миң киши кармалып, камалгандыгы билдирилген.

Өлкөлөрдүн насыя алууга мүмкүндүгүн өлчөгөн Moodys мекемеси Түркиянын илгерилөөсүн 4төн 2,5%га түшүрүп, түрк экономикасынын мындан да төмөндөөсү күтүлүүдө деди. Түрк лирасынын куну түшкөнүн жана инфляциянын жогорулашын инвестиция менен экономиканын өсүүсүнө тоскоол боло баштаганын айткан. Эки апта мурун Лондонго барган Эрдогандын “инфляция пайыздын натыйжасы” деген экономика эрежелеринен узак одоно сөздөрү түрк борбордук банкынын көз-карандысыздыгын төмөндөтүп, түрк бийлиги укук тааныбаганын дагы бир жолу көрсөттү деген Moodys.

Кол тийбестиги болгон, бирок Таййып Эрдогандын Мыйзам өкүмүндөгү токтому менен камалган Султани Йылдырым деген сот: “Жакында жумуштан айдалып, капаска солонгон 5000 прокурор менен соттордун камалганга чейинки соттук иштери каралып чыксын деген буйрук кеткен. Демек, алардын эмнеден жумушунан кол жууп, түрмөгө тыгылганы али белгисиз экен да. Карап чыгышса жакшы болмок, балким, акталып чыгабыз”, - деп жазган.

Түрк твиттеринде: “16 жыл бийликте туруп кылбагандарын, шайлоодон кийин кылабыз деп жатышат. Бул калпты жутсак, орозобуз бузулбайбы, устаз?, - деген суроо тараган.

Калк, оппозиция жана бийлик

24-июнда өтчү түрк шайлоосу тууралуу бир нерсени так жана даана айтса болот - шайлоодон кийин Түркияда баары өзгөрөт. Себеби, бул шайлоодо президенттикти ким утуп чыкпасын, анын эбегейсиз кеңири ыйгарым укуктары болот. Түркиядагы акыркы жылдагы укуксуздукту эске алсак, баарын жумуру баш, айры бут бири жалгыз чече баштайт.

MoonStar TV каналынын баяндамачысы Тарык Тороздун ою боюнча түрк коому менен оппозициясы өлкөдөгү коопту абалды түшүнүүдөн узак. Демократиялык шайлоого бараткандай мамиле кылууда. Бул бийлик да мурунку өкмөттөрдөй шайлоо аркылуу кетет деп ойлошууда.

“Таййып Эрдоган ондогон мамлекеттик жана менчик телеканалдар менен гезиттерде чыгып, өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүгүн өзү жана партиясы үчүн колдонуп жатат. Седат Пекер деген “чёрныйлардан” бери Таййып Эрдоганды колдоп, шаарларда митинг уюштурмакчы, - дейт MoonStar TVнын баяндамачысы. - Шайлоо компаниясын түрмөдөн өткөрүүгө мажбур болгон, оппозициянын күчтүү талапкеринин бири Салаатдин Демирташ Фокс каналына 10 мүнөткө телефон аркылуу чыгат деп жатып, чыкпай калды”.

Шайлоо алдындагы Түркияда Таййып Эрдоганга кошоматчылык жанры пайда болду. Анын күйө баласы, энергетика министри министри Берат Албайрак твиттерине: “Ажобуз айга төрт багыттуу жол салабыз десе, валлахи ишенебиз”, - деп майланып алган. Дагы бир аткаминер чыгып, “Сени президент кыла албасак, аялыбыз менен балдарыбыз бизге – арам” деген динден чыгарып жиберчү сөздөрдү айтты.

Түрк коомунун сүтү да, каймагы да соо эмес

Бул окуя жөнүндө VideonTR каналын маек курган журналист Камил Маман түрк коомдундагы терс кубулуштарды: “Буга чейин берилчү добушту арттыруу үчүн же каршылашын жаман атты кылуу максатында акчага атайын кишилер жалданчу. Азыр түрк коому ушунчалык бөлүнүп, айбандашып калгандыктан, кишилер зөөкүрлүктү өздөрү каалап кыла башташты. Болгону бирин көрсөтүп “булар душман” десе эле жетиштүү болуп калды. Калктын калганы да мындай айбандыкка кайдыгер карап калды”, - деп жоруду.

“Таййип Эрдоган макиавелист лидер. Карапайым калк кимди кааласа, ошол болуп берет. Учурда эл исламчыл-улутчулдукка ооду. Ошондуктан Эрдоган исламчыл-улутчулдуктун үлгүсү болуп чыга келди, - деген VideonTRнын коногу, оюн төмөнкүчө корутундулады, - Кыскасы Эрдоган уттуруп, анын ордуна башкасы келген күнү да эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени анын атаандаштары да өзү жана өзүндөй ойлонгондордон башка эч кимге жакшылык каалашпайт. Бири-бирин жек көргөн, фашисттик, бөлүүчү, башкага айып тамгасын басып жок кылганга даяр коом жана бул коомдун каймагы ошол бойдон кала бермекчи”.

Бийлик мастыгына алдырган премьер-министрдин жардамчысы Бекир Боздаг, учурдагылардан бийликти талашууга милдеттүү болгон оппозицияны: “Булар шайлоону экинчи турга калтырайын деген ойлору бар”, - деп, айыптады.

Калктын жон терисине жабышып семиргендер

Буга чейин жакшы келе жаткан экономика акыркы беш жылда 180 градуска бурулуп, экономикалык көзөмөлдүн алсыздашы, бюджет тартибинин жоктугунан каражаттын жоопкерчиликсиз ушатылуусу, миллиарддаган акчанын көзөмөлдөн сырткары кирип-чыгуусу сыяктуу экономикалык өнүгүүгө терс иштер күч алды.

АКШнын Valdosta State университетинин каржы профессору Элван Акташ: “Бийлик өзүнө жакын кишилерге мега-долбоорлорду карматып, мамлекеттин кепилдиги менен сырттан жогору пайыз менен каражат алып, бул “ишкерлерге” аны арзан бергендиктен ортодогу айырманы калкка үстөккө-босток салык салып жаабууга мажбур. Ал аз келгенсип, мисалы, салынган көпүрөөдөн түшчү кирешеге да кепил болуп, келишимде каралганчалык каражат түшпөй калса, айырмасын мамлекеттик бюджеттен жаап берип жатышат. Мындай экономикалык өнүгүүгө терс иштер түрк лирасын доллар алдында алсыратып, карапайым калк менен келечек муунга катмарланган карыздар калып жатат”, - дейт.

Экономикалык туруктуулук үчүн укук-коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз-карандысыздыгы маанилүү экенин ар бир эл өз жону менен сезгенде гана түшүнөт экен. Түрк калкы да бул эки баалуулуктун жетпей жатканын, доллар көтөрүлүп кеткенде сезе баштады.

Түрк абактарында кимдер жатат

Чет өлкөлүк жана Түркиялык эксперттердин баамында, 2016-жылдын 15-июнундагы бийлик өзү катышкан жасалма аскердик төңкөрүш аракетинен кийин капаска солонгондордун көбү мугалим, журналист жана бизнесмен болгону эч кимге жаңылык болбой калды. Араларында беш күн аскерлик милдетин өтөгөнгө үлгүргөн катардагы жоокер жана аскердик окуу жайдын курсанттары камалып, аларга буйрук берген командачылар бошотулууда. Төмөндө бийликтин адилетсиздигине кабылгандардын кээ биринин айткандарын келтиребиз:

Түркиянын эң күчтүү бизнес түзүмдөрүнүн катарына кирген үй-бүлөлүк “Бойдак” холдингдин ээлеринин бири Мемдух Бойдак: “Мамлекетим менен элимди сүйгөн адаммын. Унаа жана ойнош эмес, жакшы иштерди коллекция кылдым. Бул өлкөдөн сыртка бир доллар да чыгарып кеткен жокмун. Үй-бүлөмдү террорчу деш мүмкүн эмес. Мен мамлектимден эмес, мамлекетим менден кечирим сурасын”, - деген.

670 күн капаста жаткан, 7 жыл 6 айга кесилген “Заман” гезитинин журналисти Эмре Сонжан Швециянын адам укуктарын көзөмөлдөгөн “Стокгольм центр фридом” уюмуна берген жазуу түрүндө маегинде: “Журналист сындоочу, шектенүүчү, азоо, утопист болушу мүмкүн. Бирок журналист террорчу эмес. Ичимдеги эркиндик сезими эч качан уктаган жок. Кайра журналистикага кайтып, эл үчүн иштөөчү күндү сабырсыздык менен күтүп жатам. Үч кишилик камерада он үч киши олтурабыз. Адам өлтүрүүгө шектелген бири тарабынан жараландым. Кылмыш катары эсептелген кабарларым, китептерим, жорумдарым, эң маанилүүсү – пикрлерим – менин балдарымдай. Менден балдарымдан баш тартууну талап кылышты. Аларга балдарымды берген жокмун. Балдарыңызды эч кимге бербеңиздер”, - деп жазган.

Дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун бийликте түбөлүк калам дегендер бир кылка, примитивдүү ойлонуп, примитивдүү иштерге барат тура. Алардын эң корккон нерсеси эркиндикти сүйгөн билимдүү, чечкиндүү калк экен. Түрк бийлиги, оппозициясы менен түрк эли примитивдешип, түндүккорейлешип кетип бара жатат. Кудай мындайдан сактасын!