Батыш

​Евробиримдик - АКШ: соода-сатык согушу башталды

2 июня 2018 г. 14:46 750

АКШнын президенти Дональд Трамп айтканынан кайтпастан, Евробиримдиктен (ЕБ) импорттолгон болот менен алюминийге айып пул төлөмдөрүн киргизди. Мунун кандай мааниси бар жана канчалык кесепети тиет?

Бул маселе боюнча Трамп адатынча твитт жазып, апыртып сүйлөп отурган жок. Европалыктарга суук кабар угузууну соода-сатык миристри Уилбур Росско тапшырды: Евробиримдиктин болот жана алюминий экспортточуларына буга чейин колдонулуп келген айып пул төлөмдөрүн кечеңдетүү режими узартылбайт. Бул – 1-июндан баштап болоттон жасалган нерселерден 25%, алюминийден жасалгандардан 10% төлөм алынып баштайт дегендик.

Бул чечим европалыктарга жаңылык болгон жок. Май айында ЕБнын өкүлдөрү соода-сатык тирешүүсүн алдын алуу максатында америкалыктар менен бир нече жолу жолугушкан. Бирок тараптар бир бүтүмгө келе алышкан эмес. Вашингтон европа мамлекеттеринин кээ бири менен эки тараптуу келишүүгө мүмкүн деген. Брюссель, тескерисинче, ЕБди бирдиктүү түзүм катары кабыл алып сүйлөшүүнү талап кылып, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эрежелерин карманууга чакырган.

АКШдан келген виски, мотоцикл жана жынсы кымбаттайт

ЕБнын өкүлдөрү АКШга Европадагы америкалык компаниялар үчүн жеңилдиктерди караштырууну сунушташкан. Анын ордуна болот менен алюминийге төлөм киргизүүнү, буга чейинкидей эле, кийинкиге жылдырууну сунушташкан. Вашингтон бул сунушту четке какты. Бирок Брюссель буга да даяр турган. Соода-сатык боюнча еврокомиссар Сесилия Мальмстрëм ДСУга арыз берилээрин билдирди. Аны менен бирге европалык экспортточуларды коргоп, жооп катары америкалык товарларга айып пул төлөмдөрү киргизилээрин айткан.

ДСУнун эрежелери боюнча Евробиримдиктин жооп кайтарууга 90 күнү бар. Бул мөөнөт ичинде көрүлгөн чаралар “соода-сатык тең салмактуулугун калыбына келтирүү” катары каралат. Ал чаралардын шарты боюнча, АКШдан Европага кирген импорттон АКШнын опузасынын көөлөмүнчөлүк сумманы гана өндүрсө болот.

Брюссель европалыктардын жообунун жөнөкөй айып пул төлөмү эмес, анын саясий да өңүтү бар экенин баса белгилейт. Анткени жооп катары киргизилген төлөмдөргө кабылган виски, мотоцикл менен жынсылар Трампты колдоп жаткан республикачылдардын штаттарында өндүрүлөт. Мындан улам, бул штаттардын губернаторлору Трампка басым көрсөтүшөт деп күтүлүүдө.

Мындай таасир күтсө болобу? Немис өндүрүүчүлөрүнүн федералдык бирикмесинин президенти Дитер Кемпф: “Америкалык президент дагы башка айып пул төлөмдөрүн киргизет, бизди дал ушул нерсе кооптондурат”, - дейт. Чын эле, АКШнын соода-сатык министри Уилбур Росс буга чейин айткандай, ЕБ жооп кайтарса, соода-сатык араздашусу ого бетер ырбайт.

Европалык унааларга 25 пайыз төлөм

Дональд Трамп европалык автоунааларды кымбаттатууну ойлонуп жатканын айткан. Мунусуна автоунаа жана тетиктерин чыгаруу “улуттук өндүрүш” үчүн өтө маанилүү деген жүйө келтиргенге аракеттенген. Бул максатта соода-сатык министрине автоиндустрияга да коргоочу төлөмдөрүн киргизүү чараларын караштырып көрүүнү тапшырган.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Мас бул демилгенин немис автоөндүрүүчүлөрүнө багытталганы “ачык эле көрүнүп турат” деп жоруган.

Болот менен алюминийге төлөм киргизилгенде, Мас Берлинде журналистерге өзүнүн коллегасы, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого: “Майк, сен мени чын эле немис унаалары америкалык коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деп ишендиргиң барбы? Тескерисинче, немис унаалары американын көчөлөрүн коопсуз кылып жатат”, - дегенин айткан.

Бешинчи авенюда бир да “Мерседес” болбосун

Помпеонун эмне деп жооп кайтарганы белгисиз, бирок суроо тамашалуу болгону менен Хайко Мастын маселеге өтө олуттуу карап жатканы сезилип турат. Анын айтымында, учурдагы маселелерде Вашингтондун өзүмчүлдүгү даана байкалууда. Мас белгилегендей “сырткы соода-сатык балансы дүйнө саясатынын жалгыз өлчөмү боло баштады”.

Сырткы соода-сатык импорт менен экспорттун көлөмүн тең салмактап, аны нөлгө теңдөө Германиянын негизги максаты эмес. Сырткы соода-сатык өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычы. Ал инновацияларды жандантып, жаңы жумуш орундарынын пайда болуусун шарттайт, бул үчүн “так эрежелерге негизделип иштеген дүйнө базары” болушу керек дейт Мас.

АКШ дал ушул эрежелерге шек келтирип жатат. Немис автоуна куруучуларынын кеңселеринде тынчсыздануу башталды. Буга чейин алар Кошмо Штаттарына 480 миң чамасында унаа сатып келишкен. Трамптын айтканына караганда жаңы киргизилчүү төлөмдөр 25 пайызды чапчыйт. Учур менен салыштырсак, европалык унаалардын баасынан АКШда 3 пайыз, америкалык унаалар Европага сатылса, 10 пайыз алынат.

Бирок америкалык президент европалык унаалардын арасынан немистердикин мээлеп калганын анча жашырган жок. 2018-жылдын апрель айында француз президенти Эммануэль Макрон барганда, Дональд Трамп Нью-Йорктун борбор көчөсү – бешинчи авенюда “Мерседестер” жүрбөй калганча бул саясатын илгерилете берээрин айткан. Бул кабарды аттары аталбаган Европа менен АКШнын дипломаттарына таянып, олбурлуу немис ишкерлеринин Wirtschaftswoche журналы жазып чыккан.

Deutsche Welle, Европа