Ара жолдогу мамлекет

​Иран өз ишин аткарды, Иран Сириядан чыга берсе болот

1 июня 2018 г. 14:56 1031

АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы келгенде албууттанган башаламан саясатка өткөн. Бирок шайлоо убагында колдоого мажбур болгон Республикачыл партиясынын лөктөрү аны ооздуктап, Трампты кар жиреген топоз катары пайдаланып кирди.

Республикачылардын жакшылары Трампты Израилдин эзелки душманы Иранга каршы колдоно башташты. АКШнын биринчисинде жалгыз, экинчисинде Франция жана Британия менен биргеликте Орусиянын кол баласына айланган сириялык президент Башар Асаддын аскер күчтөрүнө сокку урганынын жашыруун негизги талабы - Ирандын көмөчүнө күл тарткан күчтөрдү Сириядагы оюндан чыгаруу болгону байкалды.

Израиль 1967-жылы тартып алган Голан дөңсөөлөрү жайгашкан Сириянын түштүк аймактарынан Ирандын таламын талашкан куралдуу топтор чыгарыла баштады.

Al Souria маалымат булагы жазгандай, Амманда жолугушкан АКШ, Орусия менен Иордания ортосундагы келишимге ылайык, өткөн жылдын 9-июлунан баштап бул аймакта согуш токтотулган. Сириялык оппозицияга жакын аты аталган ЖМКнын маалыматы боюнча Сириянын түштүгүндөгү төрт шаардан шииттердин ливандык “Хезболлах”, ирандык “Аль-Кудс” жана афгандык “Фатимиун” куралдуу топтору чыгып кеткен. Орусиялык жана израилдик расмий кишилер жолугуп, Израиль басып алган жерлерге жакын аймактын баарынан Иран колтугуна суу бүрккөн куралдуу топторду чыгаруу каралган деген маалымат тараган.

Дагы бир сириялык Orient.net интернет ресурсу да бул маалыматты тастыктап, акыркы учурда Орусия өз өнөктөшү Асадга да ишенбей, оппозициялык жана террордук топтордон бошотулган аймактарга өзүнүн согуштук полистерин жайгаштыра баштаган. Талоончулук менен кармалган сириялык аскерлер менен полистерди орустардын согуштук полистери жерге жаткызып тинтип, кармап кеткен видеолор интернетке тарай баштады. Бирок буга чейин сириялык режим менен бирге иш кылган орустар сириялыктардын ишенимине тез кирип кетет деп айтыш кыйын.

Согуштук аналитик, полковник Ахмед аль-Хаммади Orient.net маалымат булагына: “Кишилерди өлтүргөн, зордуктаган, камакка алып кыйнаган Асад режимине тиешелүү сектант кошундардан көрө бул аймактарда орусиялык полистер болгону жакшыраак. Биз орусиялык полистер режимдин офицерлерин сабаганын, Бабил шаарында Асаддын жоокерлерин орус полистери өтүгү менен тебелегенин көрдүк” – дейт Аль-Хамади, - Мыкаачы өч алгычка караганда баскынчы жакшыраак. Асаддын режими – кылмыштуу режим, бирок баскынчынын да жүзү кара. Орусия өз аброюн канчалык актагысы келсе да, сирия калкы анын ким экенин билет. Акыйкатты жаап-жашыруу мүмкүн эмес, сириялыктар эки жамандыктын жакшыраагын тандаганга мажбур”.

Жакында өткөрүлгөн сурамжылоолордо орусиялык согуштук полистерге артыкчылык берилгенин байкаган жазуучу жана саясат таануучу Омар Куш: “Калк режимдин өлтүрүп, тоноп, кыйнап, адам укуктарына түкүргөн сектанттарына караганда орусиялык согуштук полистерди мээримдүүрөөк деп тапты. Анткени режимдин канкорлору эркек, бала, аял деп айырмалабайт”, - дейт.

Чыгыш саясаты борборунун изилдөөчүсү Саад аш-Шарианын баамында сириялыктардын орусиялык согуш полистерди колдогонунун эки себеби бар. Биринчиден, Орусия Сирияны Жакынкы Чыгышка эшик катары колдонуу үчүн дүйнөлүк дөөлөттөр менен макулдашып, өлкөдө тынчтык орнотууга кызыктар. Экинчиден, Орусия калктын мурун отурукташкан жерлерине кайтуусуна жана бул аймактарды өз ээлерине кайтарып берүүгө активдүү катышты. Муну ишке ашыруу максатында Москва режимдин куралдуу күчтөрүнө катуу мамиле кылууга мажбур.

Бирок Израилдин ирандык күчтөрдү Сирия тараптагы өз аймактарынан алыстатуу менен гана чектелгиси келбегени ачык эле көрүнүп турат. Мындан бир нече апта мурун Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху өлкөсүнүн чалгын кызматы МОССАД берген ирандык өзөктүк архивдерди ачыктады.

Израилдик Maariv маалымат булагынын анализи боюнча ирандык өзөктүк программа эки нукта кетип жатат. Биринчиси, уранды өзөктүк куралга жарактуу даражада байытуу. Ирандын бул максатка ылайык өзөктүк центрифугалары жетиштүү. Бирок, экинчи багыты болгон, уранды узак аралыкка ташып жеткирчү ракеталары 5-6 жылга кечигүүдө. Өзөктүк курал долбоорунун аягына чыгуу зарыл болгондуктан, АКШ өзөктүк келишимден чыкса да Иран андан баш тарткан эмес. Бул максатта Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф жакында өзөктүк келишимдин дагы бир күчтүү тарабы катары каралган Кытайга зыяратка барган.

АКШнын Республикачыл партиясындагы күчтүү жөөт лоббисин колдонгон Израиль Иранды Орусия аркылуу өзөктүк куралынан баш тарттырууга аракет кылышы мүмкүн. Орусияны сөзү өтпөй баратса, АКШны колдонуп, ирандын канкор молдокелерин Кытай аркылуу макул кылуу аракетине өтүүсү күтүлүүдө.

Жогорудагы аракеттин баары жөөттөр каалаган натыйжа бербесе, Израиль ирандык өзөктүк жана ракеталык объекттерге сокку урушу мүмкүн. Бул соккуну даярдоо жараянында кимдин ким экени жана ким тарапта болоору ачыкка чыгат. Орусиянын Сирияда ирандык жана Иранга жакын Асад режимине катуу мамиле кылып баштаганы узак мөөнөткө кетүүчү чыйырлардын нугун көрсөтүп тургансыйт. Сирияда болсо Иран өз ишин аткарды, Иран чыга берсе болот.