Борбор Азия

​Ташкент пенсиялык корун ички инвестиция катары жумшай алабы?

31 мая 2018 г. 9:50 409

Пенсиялык корго төлөгөн жаран аз, ишке жарамдуу пенсионерлер болсо көп. Өзбек өкмөтү пенсиялык реформага барса, калкы колдоп береби? Кордо жыйылган каражат ички инвестицияга жетеби?

Өзбекстандын экономика министри Ботир Хожаев 28-майда, Ташкенттин мамлекеттик экономикалык университетинде “ишке жарамдуу жарандардын көптүгүн (калктын 60%ынан ашыгы)” жакынкы он жылдыктын негизги көйгөйү катары көргөнүн айтты. Аларга жумуш табуу өлкө бийлигинин негизги максаттарына кирет деди аткаминер.

Карчарба статистикасы жана реформанын мерчеми

Бир ай мурун “Карчарба менен камсыздоо боюнча мамлекеттик түзүмдү реформалоо” долбоору сунушталган. Анда жети жыл ичинде пенсиялык куракка жеткен жарандар 1,2 миллионго көбөйөөрү айтылган.

Өзбекстанда карчарбага чыгуунун Борбор Азия регионундагы эң төмөн деңгээли сакталып келет. Эркектер 60, аялдар 55, ортоломо алганда 57,5 жашта пенсияга чыгышат. Дүйнөдө пенсияга чыгуунун орто курагы – 62 жаш.

Эмгекке жарамдуунун 60 пайызы, б.а. 17 млн жаран, учурда 3,3 млн жаранга (10%) карчарба төлөгөн Пенсиялык корго акча которушпайт. “Жакын арада Пенсиялык кор киреше-чыгашасын дал келтире албай, карчарба менен жөлөк пулдарды төлөө аксай баштайт”, - дейт жогорудагы документти ачыктаган EurAsia Daily.

Эмгек мигранттары жана пенсия

Европада саясий куугунтукта жашаган Казакстандын мурунку премьер-министри Акежан Кажегельдин 1990-жылдары өлкөсүндөгү пенсиялык реформаны өткөргөн, ал Өзбекстанда мындай өзгөрүү бышып жетилди деген ойдо. “Кийинкиге жылдырылган реформа бара-бара олуттуу каатчылыкка кептейт. Тез өскөн калк, иштебеген жарандардын көптүгү Пенсиялык корго акча которгондордун жетишсиздигине алып келет. Жумуш таппаган жаштар чет жакта иштешет. Алар үй-бүлөөлөрүнө жардамдашканы менен пенсияга акча чегеришкен жок, - дейт Кажегельдин. – Өкмөттүн карчарбага чыгуу курагын жогорулатып, пенсиялык корлорго каражат талап кылуусу калкка жакпаса да, пенсиялык реформа зарыл”.

Экономика боюнча атын атагысы келбеген өзбекстандык адис: “Жогорулатылган пенсия алгандардын да каражаты жетишсиз. Карган киши же дары-дармекти, же тамак-ашты тандашы керек болуп калат”, - дейт. Анын айтымында, мындай көйгөй айрыкча үй-бүлөсүнөн жардам ала албаган шаардагы жалгыз калган карыларда күч.

“Пенсиялар индексацияланганы менен инфляциянын аракасынан кууп жете албай келет. Келечекте бул көйгөйлөр жаңы бийликтин реформаларына да кесепетин тийгизиши мүмкүн”, - дейт адис.

Жаңы бийлик реформа жасаганга үлгүрөбү?

“Өзбекстандын жаңы бийлиги мындай оор реформаларды эли ага жогору ишеним артып турган дал ушул учурда өткөрүшү керек. Пенсиялык реформаны чечкиндүү ишке ашырбаса, мамлекет келечектеги башка реформалардан да баш тартканга мажбурланып, алдыга жыла албай калат”, - деген Акежан Кажегельдин сөзүн, - Өзбекстандын дүйнө базарлары менен байланышы, жакыр болсо да ач калбаган эмгекчил калкы бар. Эл ачка болсо мындай реформаларга баруу коркунучтуу”, - деп улады.

“Калкка реформанын тигил же бул кадамдары эмнеге кылынып жатат, андан элдин жашоосу кантип өзгөрөөрүн дайыма ачык жана чын дилден түшүндүрүп туруу зарыл. Ошол эле убакта өкмөт элдин кирешеси, жок дегенде, сунулган кызмат менен негизги товарларга жетип туруусун камсыздоосу шарт. Реформа адистерге тапшырылса, аны ырааттуу өткөрсө болот”, - дейт Казакстандын мурунку премьери.

Пенсиялык корлор карыз алабы же береби?

“Азыр иштегендер аз, алгандар көп. Эгер жумуш орундары болбосо, бир да пенсиялык реформа ишке ашпайт. Жумуш орундары үчүн инвестиция тартуу зарыл. Учурда Пенсиялык кор мамлекеттен карыз алып жатат. Бирок пенсиялык механизмдер жакшы тескелсе, корлор өлкө экономикасын каржылап баштамак. Мисалы, америкалык энергетикалык компанияларынын негизги акционерлери пенсиялык корлор. Казакстанда паракорлуктун айынан бул максат ишке ашпай калды”, - деп эскерет Акежан Кажегельдин.

Жогорудагы өзбекстандык адис да ири сандагы жумуш орундары түзүлбөсө, пенсиялык реформа ишке ашпайт деген ойдо. Ислам Каримовдун доорунда эч кандай каражат коротпостон эле, ар жылы жүз миңдеген жумуш орундары түзүлдү, деген апыртма отчёттор кете берчү. Бирок толук кандуу жумуш ордун түзүүгө миңдеген доллар сарпталаары маалым.

Пенсиялык кор кантип толтурулат?

Өзбекстандык адис учурда Ташкент менен Каракалпакстанда жогорку технологиялык темир өндүрүүчү заводдору сылынып жатканын: “Бул ишканаларга кесипкөй пенсионерлерди жумушка тартууга мүмкүн. Врачтар сыяктуу кээ бир адистерге толук пенсия алып иштөөгө уруксат берилди. Бирок кар чарба боюнча атайын иштелип чыккан программа жок”, - дейт.

Акежан Кажегельдин Борбор Азиянын “чарчаган” инфраструктурасына каражат тартып, жогору технологиялык ишканаларды жалпы башкаруу алдына бириктирип, ири сандагы жумуш орундарын түзсө болот деген ойдо.

“Региондо мындай инвестицияны көбүнчөсүн Кытайдан күтүп жатышат. Бирок жалпы программаны багыттарга бөлүп, дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн инвестор тартуу зарыл”, - деп сунуштайт мурунку казак премьери.

Deutsche Welle, Борбор Азия