Кытай/Индия

​Орусия менен достошуу Кытайдын кызыкчылыгына каршы келе баштады

30 мая 2018 г. 14:12 1271

Орусия жакында Түштүк-Кытай деңизинин тартыш аймагында Вьетнам менен бирдикте мунай кенин иштетүү боюнча кызматташаарын жарыялады. Мунусу менен биринчи жолу Кытайдын Тышкы иштер министирлигинин (ТИМ) ачык жемелөөсүнө кабылды. Акыркы жылдары Кытай “Орусия менен АКШга каршы достошуу” позициясын карманып келет. Бирок орус-кытайлык алакаларга жогору баа берип келген Пекин маанайын кескин өзгөрттү. Мындан улам алакалар солгундайт деген божомолдор айтыла баштады.

17-майда Кытай ТИМинде берилген кезектеги пресс-конференцияда журналисттер, “Роснефтинин” вьетнамдык филиалы Түштүк-Кытай деңизинин тартыш аймагында мунай кенин иштеткени жатканын, кытай тарап кандай баалайт деп кызыгышты.

Кытай ТИМинин пресс-катчысы бул суроого бир да мамлекет, уюм же жеке киши Кытайдын карамагындагы аймактарда кытай өкмөтүнүн уруксатысыз мунай же газ корлорун чалгындап, иштетүүгө акысы жок деп жооп берди. Пресс-катчы кызыктар өлкөнүн баарын Кытайдын көз-карандысыздыгы менен юрисдикциясын урматтап, эки тараптын алакасы, аймактагы тынчтык жана туруктуулукка залакасы тийчү аракеттерге барбоону суранды.

Орусиялык ЖМКларда: “Пекин “Роснефттен” Кытайдын эгемендигин сактоону суранды”, “Орусия Кытай менен Вьетнамдын араздашуусунда арача таяк жеп калышы мүмкүн” деген, Орусия менен Кытай ортосунда келишпестик бар экен маанайындагы билдирүүдөр орун алды. 14-майда “Роснефть”, жакын арада Вьетнам, Индия жана Жапония менен кызматташып, тогуз пунктирдик чийиндин ичиндеги 06-1 мунай кору ачаарын билдирди.

Орусиялык эксперттердин баамында, Вьетнам менен кызматташуу Орусия үчүн ыңгайлуу убакта башталган. Ал Кытай АКШ менен соода-сатык боюнча тартышып, Түштүк-Кытай деңизинде америкалык аскерлик кемелер менен тирешип жаткан кезде башталган. Адистер, мындан сырткары, Вьетнам менен Кытайдын коммунисттик партиялары бекем байланышта болгондуктан, орусиялыктардын жогоруддагы аракеттери бул эки өлкөнүн байланышына кедергисин тийгизбейт деген пикир айтышкан.

Кытай интернет колдонуучунун бири жазгандай: “Эгер Түштүк-Кытай деңизинде АКШ мунай чыгара баштаса, мындан катуу реакция болмок! Орусия менен Кытайдын алакалары жакшы болгону менен, Орусиянын мындай аракеттери аркадан урулган канжар сыяктуу. ТИМ муну айыптаганы менен АКШ менен соода согушундагыдай, чечкиндүү кадамга бара албайт!”

Апрелде Кытай эл республикасынын (КЭР) коргоо министри менен тышкы иштер министри Орусияга зыяратка барышкан. Америкалык үч өзөктүк учак ташыгыч кемеси Азия-Тынч мухит аймагына киргендиктен, Орусия менен Кытайдын АКШга каршы узак мөөнөттүк биригүү маселеси сүйлөшүлгөн деген пикир бар.

КЭРдин ТИМинин саясаты эки жыл мурун өзгөрүп, Кытай АКШ менен кызматташууга аракет кылбай калган. “Орусия менен бирге АКШга каршы достошууга” артыкчылык бериле баштаган. Мындай саясат өлкө ичинде да тартышууларга жол ачкан. Кытайлык соцтармактарда муну Пекиндин эң чоң стратериялык катасы дешип, төмөнкү жүйөлөрдү келтиришүүдө: тарыхка карасак, Кытайдын аймактарын эң көп басып алган өлкө Орусия болгон, АКШ тескерисинче, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кытайга эң көп жардам берген мамлекет болду. Мао Цзедун ал кезде СССРга дос катары мамиле кылбагандыктан, Даманский аралында куралдуу кагылышуу болгон. СССР Кытайга кайгы менен басынтуудан башка эч нерсе алып келген эмес. Ошол эле убакта АКШдан Кытайга демократия менен жалпы адамзаттык баалуулуктар келди.

Орусия өзүн демократиялык мамлекет дейт, бирок дүйнөдөгү аракеттери демократиялык принциптерден алыс. Ошондуктан ага ишенүүгө болбойт. Быйыл орус полистери кытайлык ишкерлердин бир топ мүлкүн тартып алды деген кабарлар бар. Орусия менен Кытайды байланыштырган мунай түтүгүн Жапонияга буруп жиберүү каралып жатат. Орусиялык мунай Кытайга келбей калса, экономиканын кекиртеги буулат. Кытай Орусияны мындай кадамга барайт деп үмүттөнөт.

New Tang Dynasty Television, Тайвань