Жорум

Кыргыз бийлиги эгемендигибизди бүгүн коргоп калабы

29 мая 2018 г. 12:51 985

Атамбаевдин Назарбаевге каршы чыкканын жымсалдоо үчүн кыргыз бийлиги казак бийлигинин алдында “ийилип” берели деп чечкен окшойт. Казак ажоосунун саясатына макул эмес кишилерди казак бийлигине өткөзүп берүү күч алып, бул аракет кыргыз мыйзамдарын көзгө илбестен, Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин талабы менен да эмес, болгону алматылык милийсалардын каалоосу менен ишке ашууда.

Казактардын оппозициялык активисти, белгилүү блогер Муратбек Тунгишбаев жасады делген кылмыш боюнча кыргыз мыйзамдарына ылайык жазага тартуу каралган эмес. Бирок сот бул аргументти укмаксанга салып, четке кагууда. Бул маселеде кыргыз бийлиги көз карандысыздык көрсөтүп, асмандан алынган айыптоолорду туура көрбөшү керек. Биздин соцтармактарда бийликтин чоң-кичинесине каралбай күндө сын айтылып турат, казак бийлигин сындаган казак жаранын биздин сот кылмыш катары баалап, укук коргоо органдарынын баары муну туура көрүп жатат.

Мага эң кызыгы – президент Сооронбай Жээнбеков Тунгишбаевди казак бийлигине тапшырып берүү улуттук мыйзамдарды бузуу, документти фальсификациялоо жана алмаштыруу менен коштолуп, алматылык милийсанын буйрутмасына ылайык ишке ашып, биздин эгемендике шек келтирилип жатканын билеби? Казак блогерин экстрадициялоону УКМК көзөмөлдөп жатат, учурда анын жетекчисин президент дайындайт. Ажообуз УКМКнын жетекчисине эгемендүүлөктү сактоо зарыл экенин эскертип, казактардын укук коргоо органдарына жагынуу ниетинде улуттук мыйзамды арамзаалык менен бузганга болбосун эскертип койсо болбойбу.