Батыш

​Бир нече америкалык ири фирма санкцияларга карабай Орусияда иштемекчи

29 мая 2018 г. 2:40 555

Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда америкалыктар орус акындарын эскеришип, гендиректордун бири компаниясынын Орусия менен мамилеси жубайы экөөнүн ортосундагы мамиледен мурун башталганын айтты.

Батыш менен Орусия алакалары кансыз согуш доорунан берки эң начар учурун жашап жатат. Бирок өкмөттөрдүн мындай суук мамилелери америкалык бизнестин бир нече лидерине анча таасир берген эмес. Бул жыл сайын өтүүчү экономикалык форумда билинди.

Орусия Украинадан Крымды 2014-жылы тартып алгандан кийинки жылдарды алганда, быйыл бул форумга эң көп чет элдик конок келди. Андан бери, айрыкча орустарды америкалык шайлоолорго кийлигишти деген айыптоонун фонунда, Вашингтон менен Москванын алакалары барган сайын начарлап келет.

Француз президенти Эммануэль Макрон Владимир Путин менен бирге экономикалык саммитке катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп келген. Жума күнү алар Орусиянын бизнес жана саясий элитасы менен кеңири баарлашышты. Бул жолугушуу Нидерланд менен Австралия орус бийигин Украинанын асманында Малазия абаа жолдоруна таандык МН-17 учагын атып түшүрдү деген кине койгон күнү өттү. Анда учактын экипажы, жолоочулары менен бирге, жалпысы – 298 киши набыт болгон. Бул айыптоо форумдун ишине таасир бербестен, Макрон өзүнүн Франция Орусияда ири инвесторго айланат деген илгери үмүтү менен бөлүштү.

АКШнын Орусиядагы элчиси жана бизнесмен Жон Хантсман мекендештерин бул форумга катышууга активдүү үндөдү. Анын чакырыгына жооп берген америкалыктар америка-орусиялык чыңалууну ашып өтөм деген оң агым бар экенин көрсөттү.

“Өлкөлөрдүн бири-бирине эшиктерин жапканы, калктарыбызды алыстатат, - деди Хантсман элчиликтин твиттеринде жайгаштырылган видео-кайрылууда. – Ошондуктан мен бул форумга сөзсүз барам”.

Форумдагы талкууга америкалык санкцияларга дуушар болгон орусиялык олигарх Виктор Векельберг да катышты. Мунай менен темир сатып байыган ишкер, америкалык Кремний өрөөнүнө жооп катары курулду делген, Сколково долборунун жетекчиси катары сөз сүйлөдү. Учурдагы америка-орусиялык алакаларга келгенде капаланганы байкалып: “Оптимисттер азайды, бирок бул залдагы бир нече киши калгансыйт”, - деди, балдары америкалык университеттерде окуган магнат. Ал катардагы аскерлердин дүйнөнү өзгөртө албастыгы жөнүндө жазылган советтик акын Булат Окужаванын атактуу ырын эстетти.

Лирикалык маанайга Вексельберг гана чөмүлгөн жок. Deere & Co. фирмасынын Айыл-чарба менен бакча-парк техникалары бөлүмүн жетектеген Марк фон Пентц XX-кылымдагы акын Фёдор Тютчевдин “Орусияны түшүнүп болбойт” деген ырын окуду. Андан кийин бул эң ири мамлекет бүт дүйнөнү тойгуза алат деди.

“Боинг” компаниясынын президенти Бертран-Марк Аллен Орусия “узак мөөнөттүк кызматташуу жери” деп, анын компаниясы Орусияда чейрек кылым иштегенин, бул анын жубайы менен бирге түтүн булатканынан да узак мөөнөт экенин баса белгиледи. Жакында бул компания, аз жерден, америкалык санкцияларга жооп катары “Боингге” титан сатуудан баш тартабыз деген Кремлдин каарына кала жаздады. Кийинчерээк Москва бул шартын кайра чакыртып алган.

Чогулуштун биринчи катарларында жакын арага чейин Орусиянын Вашингтондогу элчилиги милдетин аткарган Сергей Кисляк олтурду. Ал шайлоого кирген Трамптын штабы менен Москванын жең ичинен кызматташуусунун чордонунда болгон деген шекке кабылган. Орусиялык дипломатиянын аксакалы залдагы оң маанайга эң таамай баа берди. “Мен бул жерге чогулгандарды орус-америкалык мамилелердин жакшыруусунда биринчи кадам таштачу кишилер деп баалайм, - деди ал талкуудан кийин кабарчыларга чыгып. – Мындайлар дагы калыптыр”.

Эми Феррис-Ротман, The Washington Post, АКШ