Ислам дүйнөсү

​“Тозокто түбөлүк кал, Бернард Льюис!”

28 мая 2018 г. 16:38 661

Британ-америкалык чыгыш таануучу Бернард Льюис 102-карын басып, дүйнө салды. Ал батыш дұйнөсү, “нугунан тайыган” мусулман цивилизациясына, өнүгүү үлгүсү болуп бериши керек деген. Анын бул сөзүн туу туткан европоцентрист, ориенталист менен неоколониалисттер Жакынкы Чыгыштын кээ бир мамлекеттерине АКШнын кийлигишүүсүн актап чыгышкан.

Батышчыл саясат таануучу Фуад Ажамиге өмүрү өткөнчө жалаа жабышып, шайтанга салыштырышты. Ал өткөндөн кийин да бир нече жыл токтоно албай коюшту. Бул жалган менен кош айтышканы угулганда, аны мазакташып, бир топ киши ал үчүн түбөлүк тозок тилешти.

Тарыхчы Бернарл Льюис өткөндө да ушундай болду. Анын өлүм кабары да мазактоо, кара дуба жана жаман тилектер менен коштолду. Ал ИГИЛ менен бир болчу дегендер да чыкты.

Мындай пастык, мээсинен мурун тили же колу иштеп кеткен топторду жана ойлонбой туруп өкүм берген фанатик “аалымдарды”, эске салды. Ошондуктан биз эмдигиче туура маалыматы жок, мал сыяктуу үйүгүшкөн топтордун маданиятсыздыгына кабылып келебиз. Мындай топтордо жалган кабар таратып, пас аракеттерге барууга чакырган кишилер пикир жана билимдин үлгүсү болуп чыга келишүүдө.

Саясий ойчул Фуад Ажаминин көптөгөн маектерин угуп, жазган макалалары менен китептерин окугам. Андагы маалыматтар тарыхка негизделип, окулуктуу жазылган. Идеяларына келсек, адилеттүүлүктөн тайыган арап маданияты менен саясатынын оорулары жөнүндө ачык жана акылга сыярлык жүйөлөрдү келтирген. Ал айткан ойлордун баары туурабы? Албетте, жок. Анын негизги маселелер тууралуу пикирлери менен тартышып, акылыңызга калчап, учурдагы окуяларды баалашыңыз керек. Бирок интеллектуалдык эркиндиктин негизинде жүйөлүү тартышуунун ордуна кишини басынтуу, мазактоо, каргыш менен чыккынчылык айыбын тагууга өтүп кеткенбиз.

Журналист менен ойчулдун көбү эр жүрөк болгону сүйүнтөт. Аларды уч-кыйыры көрүнбөгөн жалаа кампаниялары менен коркутуулар тайсалдатпайт, ошондуктан жумушун ташташпайт же өкүндүм деп, курун моюнуна салып, заалымдарга багынып беришпейт.

Тарыхчы Бернард Льюис эң атактуу университеттерде окуп, исламдын мурастары боюнча маанилүү китептерди жазган. Анын лекциялары менен интервьюлары Ютубда бекер колдонууга ачылган. Ал тарыхты терең түшүнүп, аналитикалык ой жүгүртчү. Анын кээ бир бүтүмдөрү менен маакул болбогондор бар. Анткени улуу тарыхчы сионизм, фашизм жана колониализм жөнүндө талаш пикирлерди айткан.

Өтүп кеткен Жорж Тарабиши да исламдык мурастар жөнүндө китеп жазган күчтүү окумуштуу болчу. Бирок китептериндеги ойлору көөнүнө катуу тийген да кишилер бар. Алар Тарабиши тууралуу диндин негиздерин талкалагысы келген митаам христиан деген бүтүмгө келишкен. Ал дүйнө салганда да чагымчыл жалаалар жабылган.

Мындай каргыш менен жалаа жабуу кампаниялары белгилүү маанайдагы ойчул менен изилдөөчүлөргө багытталат. Адатта алар тарых менен азыркы доорду рационалдуу, бурмалабай окуп түшүнөлү деген окумуштууларга каршы жүргүзүлөт. Ошол эле убакта тарыхты бурмалаган, башыбызга келген балээлерди өзүбүздөн көрбөй, башкаларды айыптаган арап жана чет элдик изилдөөчүлөр макталып-жакталат.

Чет элдик ойчулдар бир сырды билишет. Карапайым калк өтмүшүн жакшы көрүп, “текебер” дүйнө дөөлөттөрү бизге адилетсиз мамиле кылат дешет. Мындай ыңгайлуу жана напсиге жаккан теңдемеге ыраазы кишилер көйгөйлөрдүн тамырлары менен ийгиликсиздиктин себептерин көргүсү келбейт.

Албетте, жалаа жабуу кампаниялары рационалдуу ой-жүгүрткөн адамдардын таасирин чектөө максатын да көздөйт. Алардын "чыккынчылык" аракеттери тууралуу дайыма эскертишип, болочок окурмандарынын алдына жалаадан согулган дубал орнотушат. Маселе бышып-жетилгенде “тозокко түбөлүк түшүп кал” деген тилдер агытылат. Алар жек көрүндү болуп бүткөн журналисттер менен жазуучуларды туура маалыматтан өксүк калган калкка биротоло жаман көрсөтүү үчүн колдонулган соңку куралдардан.

Мындай коомдук компаниялар биздин көйгөйлөрдү чечүү жолдорун билген интеллектуалдарга чет өлкөлүк агент жана чыккынчы деген тамга басып, интеллектуалдык дебаттардан торолуп чыкчу эркиндик менен жаңы идеяларды өлтүрүп, мазактоонун бааркын арттырып, кутум адатын бекемдейт.

Биз өзүбүздүн тигил дүйнөдөгү абалыбыз кандай болоорун билбейбиз, бирок бул дүйнөдө Бернард Льюис кылымдын эң маанилүү тарыхчылырынын катарында кала бермекчи.

Мамдух Аль-Махини, Al Arabiya, Бириккен арап эмираттары