Ислам дүйнөсү

​Түркияда бийлик-доллар кармашы: Эрдоган ээрден шыпырылабы

27 мая 2018 г. 9:16 1481

24-майда бир долларга 4,95 түрк лирасы бериле баштады. Жыл башынан бери доллар 22%га кымбаттады. Обменкалар бир нече убакыт доллар сатууну токтотууга мажбур болду. Кабар агенттиктери түрк лирасы бу кез жапон инвесторлорунун Түркиядан качуусунан улам кулады деп жазышты. Германиянын Коммерц-банкы доллар 6 түрк лирасына чейин жогорулайт деди.

Кечээ, 26-майда Эрзурумдагы митингинде түрк ажосу Таййып Эрдоган жарандарына кайрылып “жаздыктын алдында катылып жаткан доллар менен евролорду алып чыгып, лирага алмаштыргыла” деген буйрук берди. Бирок күн санап өсүп жаткан валютаны ким алып барып алмаштыраары белгисиз. Билгендер бул демилге жагалдангандардын бир-эки шоусу менен аяктайт дейт.

Беш жыл мурун доллар 1,8, бир ай мурун 4,11 лира болчу, эртең-бүрсүгүнү 5 лираны багындырганы турат.

Саясий серепчилер Эрдоган менен анын Адилетүүлүк жана өнүгүү партиясынын 2019-жылкы президенттик жана парламенттик шайлоону, экономикалык кризис келе жатканын билгендиктен, 60 күн калганда 24-июнга жылдырган деген ойдо. Бирок доллар күтүп олтурган жок, шайлоого 30 күн калганда лирага каршы чабуул баштады.

Түрк бийлиги лиранын түшкөнүн адатынча “Доллар аркылуу өкмөтүбүздү ыңгайсыз абалда калтырам деген күч бар” деген табышмактуу себепке байлады. 24-июндагы шайлоого улутчул-исламчы Таййып Эрдоганга каршы аттанган социалист Мухаррем Инже: “Полистердин союлдары менен экономика оңолбойт”, - деп, Түркияда эки жылдан бери өкүм сүргөн Өзгөчө кырдаал режимин сындады. Бийликтин каршылаштары “Доллар кризиси – бул жеке адам кризиси” деп өлкөнү мыйзам өкүмүндөгү токтомдор менен башкарып келе жаткан Эрдоганга нааразычылыгын билдиришти.

Экономика сук кийлигишүүнү кечирбейт

tr724.com аналитикалык сайтынын экономикалык баяндамачысы Эрхан Башйурттун айтымында түркиялык жана дүйнөлүк каржы менен экономика эксперттери бир ооздон Түркия оор экономикалык кризиске жакындап келе жатат деп жатышат.

“Эмнеге түрк лирасы доллар гана эмес 7-8 жылдан бери согушуп, бөлүнүү алдында турган Сириянын лирасы алдында акыркы айда 20%га түшүп кетти деген суроого жооп барбы? Акылга келген эң биринчи жооп – демек, экономикабыз бийлик айткандай күчтүү эмес. Түрк лирасы башкаруунун башаламандыгы менен саясий кийлигишүүдөн алсырап жатат. – дейт Башйурт, - Экономикабызда көйгөйлөр бар деген кишинин баары жумуштан алынды. Чындыкты айта алган акыркы экономика министри Али Бабажан болчу. Ал кетээр алдында кайра-кайра “укук сакталбаган өлкөдө экономикалык өсүү мүмкүн эмес” деп какшады. Бирок аны эч ким уккан жок”.

Өкмөттөн көз карандысыз болушу шарт деп эсептелген Түркиянын борбордук банкынын башчысы Мурат Четинкая Таййып Эрдогандын уруксаты жок бир нерсе кылуудан коркот. Шаршемби 23-майда премьер-министр Бинали Йылдырым менен бирге Эрдоганга кирип, долларды токтотуу үчүн керектүү чараларды көрүүгө уруксат алып чыккан. Бирок бул чара кеч жана жетишсиз болгондуктан, кыска мөөнөттүк гана натыйжа берип, лира кайра эле түшүп кетүү коркунучу алдында турат.

Дүйнө банкасы (ДБ) бүйткүл дүйнө боюнча өкмөттөн эң көп тендер утуп алган компанияларды жарыялады. Эрдогандын партиясына жакын Колин, Лимак жана Женгиз деген үч компания түрк өкмөтүнөн 150 млрд долларлык тендерлерди утуп алышкан. ДБ бул компаниялардын түрк өкмөтүнөн башка бир да каржы булагы болбогонун ачыкка чыгарды. Бөлүнгөн каражатынын бир бөлүгү сол чөнтөккө солонгон мындай тендерлер үчүн, мамлекеттин кепилдиги менен насыя алган Түркия, сырткы каржы булакатарына 450 млрд доллар карыз болуп калган.

Түрк бийлигинин акыркы жылдардагы укуктан толугу менен тайып, кирешелүү жеке ишканаларды өзүнүн жакындарына тартып берүүсү да чет жактан келген каржыны тып тостотуп, түрк ишкерлеринин да активдерин өлкөдөн чыгарып кетүүсүн шарттады. Премьер-министр Бинали Йылдырым баш болгон капыстан байып кеткен АКПнын мүчөлөрү да “тапкан-ташыганын” офшорлорго чыгарып кеткен.

Жогорудагы себептин баары жыйылып, быйылкы шайлоонун алдында кесепетин тийгизе баштады. Бул экономикалык кризис Таййып Эрдогандын бийлигине чекит коюшу мүмкүнбү?

Эрдоган мыйзамдуу жол менен бийликтен кетпейт

Түркия укугу иштеген мамлекет болсо, мындай кризис бийликти шыпырып түшмөк деген ойдо Эрхан Башйурт. “Бирок Таййып Эрдоган менен анын АКП партиясын колдогондор футбол клубунун фанатиктерине окшоп калды. Бийликтин колунан жем жеген, биринин мүлкүн мыйзамсыз тартып алып капыстан байыган, анын аркасы менен жумушка алынган, жөлөк пулга жеткен калың катмар бар, - дейт журналист. – Ошондуктан экономика чөкмөктөн кыямат башталса да алар добушун учурдагы бийликке берет”.

Эрдоган менен партиясына каршы аттанган кишилер менен партиялар аларга атаандаш болуп бере албачудай көрүнөт.

Буга чейинки паракорлук скандалдары убагындай эле, түз же кыйыр түрдө бийликтин колуна өткөн ЖМКлар, “Түркия көрө албастардын геосаясий каршылыгы менен экономикалык соккусуна кабылды” деп карапайым калкты ишендире алат.

Түркияда иштеген жана түрк ишкерлери менен орток иши бар кыргыз жарандары да бул өлкөнүн экономикалык абалы күн өткөн сайын начарлап бара жатканын айтууда. Эл экономикалык абалына нааразы, бирок, массалык репрессиялардан коркконунан улам, учурдагы бийлигинен шайлоо аркылуу кутулууга үмүтү жок.

Ошондуктан 24-июндан кийин да Түркия бул тажаткан эски бийлиги менен жолун улачудай көрүнөт. Бирок экономикалык кризис да түрк калкы жана бийлиги менен бирге келечекти көздөй кете бермекчи.