Орусия

​Путиндин Сириядагы оюну үзүрүн бере баштады

26 мая 2018 г. 15:51 3206

Сирия күн өткөн сайын бөлүнүүгө жакындап барат. Бөлүнүү узакка созулган чакан согуштар жана сырткы күчтөр демилгелеген саясий чаралар менен коштолуп, ачуусу бастырылган чатакка айланат. Балким, Орусиянын президенти Владимир Путин дал ушундай максат көздөгөндүр. Ал Грузия менен Украинада да абалды ушуга окшогон натыйжага алып келген.

Сириялык араздашууга активдүү катышкан АКШ, Израиль, Түркия жана сунний көтөрүшчүлөр да бул жаңы реалдуулукка ыраазы болушу мүмкүн. Мында Асад режими менен Ирандын абалы солгундап калчудай көрүнөт.

Сириянын тоңдурулган конфликтке айлануусуна кандай ишараттар бар? Сириянын президенти Башар Асаддын Путинге жолугуу үчүн жакында Орусияга келип кеткенинен баштайлы. Жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Путин журналисттерге: “Террорчулукка каршы күрөшүүдө сириялык армиянын олуттуу жетишкендигинен... саясий жараян күч алгандыктан чет өлкөлүк куралдуу күчтөр Сирия араб республикасынын аймагынан чыгарылып баштайт”, - деди. Мындан өлкөсүнүн калган аймактарын кайтарып алуу үчүн Асадга жардамдашууга орус президенти кызыктар эмес экени билингенсиди. Орусиялык согуш учактарына таянбаса сириялык куралдуу күчтөр буга чейинки ийгиликтерге жетмек эмес экени баарына маалым.

Путин режимге каршы чет өлкөлүк күчтөр жөнүндө гана айтты деген божомолдор бар. Бирок бул тууралуу Москванын Сириядагы чатакты жөнгө салуу боюнча өкүлү Александр Лаврентьев президент “Сирияда жайгашкан бардык чет өлкөлүк күчтөр – америкалык, түркиялык, ирандык жана “Хезболла” жөнүндө айтты” деди.

Орустардын билдирүүсүнөн кийин Ирандын кыжырланган жообу келди. Тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы Бахрам Касеми Тегеранда журналисттерге “эч ким Иранга бир нерсени мажбурлап кылдыра албайт... Бул аймакта террорчулар бар болгончолук жана сириялык өкмөт каалаганчалык мөөнөттө Иран [Сирияда] кала бермекчи” деп билдирди. Бул карама-каршы билдирүүлөр Москва менен кээ бир өнөктөштөрү ортосунда Сириянын келечеги боюнча келишпестиктер бар экенин каңкуулап турат. Сириядагы ирандык күчтөргө Израиль тарабынан абаадан урулган кеңири соккуларга Москва үн каткан жок. Түрктөрдүн өлкөнүн түдүк-батышында кеңири анклав калыптаганына да көз жумуп турат. Ошол эле убакта режиминин ыйгарым укуктарын чектеген конституцияны иштеп чыгуу боюнча орусиялык планды Асад четке каккан.

Аз каражат талап кылган, бирок дайыма тутанып турган чатакка ыраазы экени Москванын кыймыл-аракетинен көрүнө баштады. Кызыкчылыктары Асаддын каалоолору менен дал келбегенин орустар ачык көрсөттү.

2015-жылдын 30-сентябрында Сириянын асманында орусиялык согуштук учактар биринчи жолу пайда болгондо мындай ниет билинген эмес. Иран менен “Хезболланы” колдогон аймактык ЖМКлар орустарды шатыраган кол чабуу менен тосуп алышкан. Ливандык “Аль-Ахбар” гезити Иран, Ирак, Асаддын Сириясы, “Хезболла” жана Орусия кирген “4+1” деген альянс түптөлдү деп жар салган. Учурдагы реалдуулук башкача болуп чыкты.

Россия Сириядагы максаттарынын баарына жетти окшойт. 2015-жылкы кийлигишүү Асаддын режимин сактап калды. Андан бери баары өзгөрдү. Асад учурда сириялык аймактын 60 пайызын көзөмөлдөп турат. Режимге каршы чыккан сунний топтор менен ИГИЛ жеңишке жетет деген коркунуч азыр жок.

Орусия сууда, кургакта жана абаада колдонгон куралдарынын натыйжалуулугун далилдеп, аскерлеринин жөндөмү жогору экенин көрсөттү. Тартус менен Латакиядагы согуш-деңиздик базалары менен Хмеймимдеги учак базасын сактап калды. Москва өнөктөштөрүн жарым жолдо калтырбасын да дүйнөгө билдирди.

Бирок “Аль-Ахбар” гезитинин редактору жүктөгүсү келген – бул аймактын кан эңсеген шииттерине лидер болуу милдети Путинди кызыктырбайт. Сириялык чатакта Москва эч ким көрмөксөнгө салып, айланып өтүп кете албаган олбурлуу саясий оюнчу болгусу келет. Ал үчүн, эч бир тарапка тартпастан, ар бир катышуучуга каалаганын суна алышы керек экенин Орусия түшүнүп турат.

Түрктөр Идлибдин тегерегиндеги анклавды орустардын уруксатысыз кура алмак эмес. Учурда түрктөр Илдибди курчай жайгашкан 12 кароол дөбөнү куруп бүткөнө калды. Өткөн аптада Түркиянын премьер-министринин орун басары Режжеп Акдаг басып алган Африн аймагын Асаддын режимине кайтарып берүү мүмкүн эмес экенин айтты. Режим, албетте, түрктөрдүн мындай аракетин Сириянын эгемендигине каршы деп баалайт. Бирок орустардын жардамысыз колунан эч нерсе келбейт.

Сириянын түштүгүндө жайгашкан ирандык объекттерди Израилдин абаа күчтөрү таш-талканын чыгарганына да орустар кийлигишкен жок. 9-майда жөөттөрдүн премьер-министри Беньямин Нетаньяху Москвага келип кеткенден кийин Путин учак менен ракеталарды атып түшүрүүчү С-300 системаларын жакын арада сириялык режимге берилбешин билдирди.

Иран Башар Асадды калган аймактарын кайтарып алууга тукуруп жатса да Орусия мындай согуштук аракеттерге макул эмес. Сирия кайра толук кандуу согушка кирип, орустардын буга чейин жеткен ийгиликтерине коркунуч келүүсүн Москва каалабайт.

Өлкөнүн чыгыш тарабында жайгашып, АКШ менен өнөктөштөрү көзөмөлдөгөн Сириянын 30 пайыз аймагын да Орусия талашкысы келбейт. Бул аптада Иранга катуу сөздөрдү айткан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Евфрат дайрасынын чыгыш тарабындагы аймактарды жакын арада таштап кетүү ниеттери жок экенин билдирди. АКШнын негизги өнөктөштөрү болгон Сауд Аравиясы менен Израиль да бул аймактын Иранга каршы басым жасоо үчүн колдонулуусуна кызыктар.

Мунун баары эмненин кабарын берип турат? Жалпысынан өз максатына толук жеткен Орусия Асадга берген жардамын башка оюнчулардын кызыкчылыктары менен теңдегиси келип жатат. Ал үчүн Батыштын дүйнөгө таасирин болушунча солгундатып, Түркия жана Израиль сыяктуу регионалдык дөөлөттөр менен иш уланта бермекчи. АКШ менен Израиль Ирандын аймактык таасирин чектөөнү негизги максат катары карашат. Натыйжада Сирия бөлүнүп, анын аймактарында ага тиешеси жок оюндар ойноло баштайт. Орусия бул оюнду жакшы ойноп баштады.

Жонатан Спайер, Foreign Policy, АКШ