Кытай/Индия

​Куралдануу маселеси: жаңы санкциялар киргенде Кытай Иранга жардам береби

25 мая 2018 г. 17:30 1189

Апта башталганда АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео “эгер режим өзүнө жана Иран эли үчүн тандап алган жолунан кайтпаса” Иранга каршы колдонулчу америкалык чаралар барган сайын оорлошуп, “тарыхтагы эң күчтүү санкциялар болот” деди.

Бул Иран үчүн жаңылык болгон жок, бирок АКШнын санкцияларынын айынан европалыктар да кызматташуудан баш тартса, өлкө негизги өнөктөшү болгон Кытайга барган сайын жогорулаган үмүт арта баштайт.

Курал жагынан алганда, Иран менен Кытайдын мамилеси атам замандан башталган. Иран-ирактык согуш тутанганда эле кытайлык аткыч куралдар, тактикалык баллистикалык жана кемелерге каршы ракеталар, деңиз миналары менен ракетадан коргонуу жабдыктар (РКЖ) келе баштаган. Согуштан кийин J-7 учактарын берип, ирандык “Саеке” курутуу учакты (истребитель) иштеп чыгууга көмөк көрсөтүп, кийинчерээк учкучсуз учак программасына да жардамдашкан. Ирандыктардын кемелерге каршы ракетасынын көбү кытайдыкынан көчүрүлгөндөй көрүнөт. Мындан сырткары 80-жылдары Тегерандын өзөктүк программасын иштеп чыгуусунда Кытай негизги роль ойноп, ал үчүн жабдык берип, адистерин окуткан.

2016-жылы Кытай менен Иран согуштук кызматташуу келишимин түзүп, 2017-жылы Иранда биргелешкен согуш-деңиздик машыгуу өткөзүштү. Такталбаган маалыматтар боюнча ирандыктар кытайлык J-10, J-11 жана J-20 учактарын алууга кызыктар. 2020-жылы БУУнун эмбаргосу бүтөөрү менен кытайлык куралдардын өлкөгө агып кирүүсү күтүлүүдө.

Кытай учурда Ирандын негизги соода өнөктөшү жана мунайынын кардары. Санкциялар киргизилип, бирок “өзөктүк келишим” түзүлө элек кезде эле, Кытай банктар аркылуу каржы менен иштебестен, Иран менен бартердик соода баштаган. Албетте, ирандыктар жакындап калган кысымдардын таасирин азайтуу үчүн да азиялык достору менен кызматташуусун уланткысы келет.

Франциялык Total компаниясы америкалык санкциялардан улам Ирандагы мунай долбоорлорунан четтейм дегенден кийин, кытайлык ЖМКлар Кытайдын мунай-газ компаниясы француздардын үлүшүн сатып алышы мүмкүн деп билдиришти. Француз, кытай жана ирандыктар Түштүк Парс мунай кору боюнча ишти 2017-жылы баштап, 20 жылда ага беш млрд доллар чегеришмек. Француздардын үлүшү 50,1%, кытайлардыкы 30%, калганы ирандыктарда болчу. Total компаниясын түшүнсө болот, анткени анын 10 млрд долларлык активдери АКШ менен байланышы бар, каржы операцияларынын 90%ы да америкалык банктар аркылуу өтөт. Ирандык долборго француздар буга чейин 47 млн доллар гана чегеришкен.

Кээ бир кытайлык аналитиктер АКШнын “өзөктүк келишимден” чыгып кеткенине сүйүнүп жатышат. Алардын ою боюнча санкциялар европалыктар менен жапандарды Ирандан кетүүгө мажбурлаганда, Кытай ирандык мунайды арзан алып, андан сыткары, инфраструктуралык долбоорлордон да европалыктар менен жапандарды сүрүп чыгарат. Март айында Кытай менен Иран өлкөнүн темир жол системасы менен Бушир портун байланыштырган темир жолун куруу боюнча 700 млн долларлык долбоорго кол коюшту. Мартта мунайды юаньга сатуу контракттары ачылып, АКШ “өзөктүк келишимден” чыгаары менен кытайлык биржа аркылуу чегерилген каражаттар эки эсеге артты. Иран менен соодасын Кытай мындан кийин да өз валютасында жүргүзмөкчү.

Өткөн аптада Ирандын тышкы иштер министри менен Ирандын улуттук мунай компаниясынын өкүлдөрү Пекинге келип кетишти. Мунайчылар кытайлык коллегаларына жолукканда, ирандык мунайды сатып алууну азайтпоону өтүнүштү.

Кытай 2018-жылдын биринчи кварталында суткасына 655 баррель мунай сатып алып, иран мунайынын чейрек экспортун жапты. Кытайлыктардын мунай импортунда ирандык мунай жалпы сатып алуунун 10%ын түзөт.

Иран менен Кытайдын жалпы соодасы өткөн жылы 37 млрд доллар болуп, 2016-жылга караганда 13%га өскөн. Мындан сырткары Пекин Тегеранга 10 млрд долларлык насыя линиясын ачкан. Жалпысынан алганда Иран менен Кытай өз ара соодасын он жылда 600 млрд долларга чыгарууну мерчемдеп турушат.

Бирок бир жөнөкөй нерсени эстен чыгарбоо керек. Иран менен соода Кытайдын дүйнөдөгү соода-сатык көлөмүнүн 1 пайызына да жетпейт. Ошол эле убакта АКШ менен жалпы соодасы жылына 656 млрд доллар болуп, анын 506сы кытай товарларынын экспортунан калыптанат. Бул экспорттун 90%ы жеке менчик секторуна, анын ичинен 40%ы АКШнын санкцияларынан жабыр тартып калчу мультиулуттук компанияларга таандык. Америкалыктар сабак катары, кытайлык ZTE компаниясы санкцияларды бузганы үчүн АКШда иштөөсүнө бөгөт коюп, айып пул салды.

Ливия менен Венесуэлага салган каражаттарынан кол жууп калган Кытай Ирандын учурдагы бийлигинин туруктуулугунан да шек санашы мүмкүн. Бирок экинчи жагынан алганда, Кытай Перс булуңундагы мунайга катуу байлангандыктан, бул аймакта башаламандыкты каалабайт.

Кытай “өзүктүк келишимден” чыккандан кийинки америкалык санкцияларга Евробиримдиктин кантип каршылык көрсөтөөрүн да карап турат. Эгер европалыктардын аракети жакшы натыйжа берсе, Кытай да дүйнөгө Вашингтондун санкцияларына баш ийбегендигин көрсөтүшү мүмкүн.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы адмирал Али Шамхани апрелдин этегинде Сочиде өткөн эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда Иран, Кытай жана Орусия АКШга каршы биригүүсү керек деген оюн айтты.

Кандай болбосун, эрте же кеч, Кытай Тегеран менен Пекиндин алакасынын нугун аныкташы керек. Бул чечим Иранды кубантат деп эч ким кепилдик бере албайт. Убакыт баарын көрсөтөт.

Илья Плеханов, ИноСМИ, Орусия