Борбор Азия

​Мирзиёев АКШда: Борбор Азия менен бирге өзүн издеген калктын ажосу

24 мая 2018 г. 12:36 934

Мирзиёев психологиялык табышмак

Шавкат Мирзиëев Өзбекстандын ажолук макамына реформачы катары отурган. Бул имидж ага барган сайын жарашып бара жатат. Жакында Америка кошмо штаттарына барганы да мындай статусту күчөтүүгө чоң кошумча болду. Мен аны менен жеке тааныш эмесмин. Бирок бул жетекчи саясий өнүгүү психологиясынын өзгөчөлүгү жагынан мага өтө кызык. Ал туура чечимдерди кабыл алган баштапкы Хрущëвго окшоп кетет.

Хрущëв ондогон жылдары өзүнүн чыныгы баалуулуктарын, дүйнө таанымын Сталинденден жашырып жүргөн. Андан кийинки окуяны билебиз: Сталин дүйнө салды, эки жылдан кийин компартиянын XX-съездинде Хрущëв анын культун талкалаган. Андан кийин “мелүүн” доор башталып, алтымышынчы жалдардын башына чейин уланган.

Мирзиëев да Ислам Каримовдун доорунда он үч жыл премьер-министрлик макамды ээлеген. Каримовду болсо мен жакшы тааныдым. Баарлашарга кишиси аз болгондуктан, аны менен көп жолу узун мөөнөт сүйлөшкөнүм бар. Мирзиëевдин ушундай катаал адамдын алдында өлкө кайсыл жакка баратканын, кандай адамга кызмат кылганын жакшы түшүнүп туруп, ушунча узак мөөнөт бирге иштешкени өтө кызык. Бул инсандык да, саясий да табышмак.

Мирзиëевдин учурдагы иштерин Хрущëвдукундай “мелүүн” доорго кирди эмес, анын босогосун аттады деп бааласак болот. Ал доор келээри да алигиче арсар. Анткени демократиялык жараяндар ылдый жактан келип, жогорудагы саясий эркке жеткенде гана толук ишке ашат. Азырынча Өзбекстанда жогорудан төмөн карай гана аракет байкалат. Калк жаңыланууну каалайбы, анысын айта элек, анткени өз пикирин билдирүү адаты да калыптанган эмес.

“Болот” режими жана жаңы мүнөз

Кандай болбосун, Мирзиëев колунан келген бардык аракеттерди кылып жатат. Ал өлкөнү ачып, жаңы технология менен инвестиция келишине шарт түзүүдө. Мен мартта акыркы жолу барганымда, элдин башкалардан чочубай, өз пикирлерин айтып, сени менен талашып-тартыша баштаганын байкадым. Мурунтадан тааныш тышкы иштер министри менен жолуксам ал: “Аркадий, көп жыл алды токтотуп койгон маегибизди токтогон жеринен улантсак болот”, - деди. Ушул “болот” режими белгилүү бир маанай калыптап баштады. Анын уланбай токтоп калышынан Кудай сактасын.

Эң чоң көйгөй - Өзбекстандын тегерегиндеги аймактардан, Орусиядан көз-карандысыз боло албаганы. Бирок башка тараптан караганда, ошол эле Мирзиëев Путин менен да жакшы мамиле кура алды. Ошондуктан АКШга барганын “Орусиянын аркасынан урулган канжар” дешкени туура эмес. Анткени бул чыккынчылык эмес, бул учурдагы жагдайды жакшы түшүнүп, Өзбекстандын абалын региондо жана дүйнөдө бекемдөө дегендик. Мындай аракеттер менен Өзбекстан, Афганистанды кошкондо, Ири Борбордук Азияны бириктирүүчү имиджине жетүү аракетин баштады десе болот.

Казактар менен бирге “өзүн” издөө

Борбор Азиянын дагы бир ири оюнчусу болгон Казакстанга да Өзбекстан менен бирге аракет кылуу ыңгайлуу. Анткени Казакстан учурда Орусиянын кээ бир топторунун басымына учурап жатат. Кремль айта албаган нерсени, ага көз-каранды пресса айтып жатат. Казакстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирия боюнча добуш берүүдө калыс болгону, кирилл алфавитинен латынга өтүүсү, Каспийдеги портторун америкалыктарга колдонууга ачуусу, АКШ жарандарынан виза талап кылбоосу сыяктуу нерселер Москванын саясатына каршы келүүдө. Москвада бул кадамдын баары саналып, казактар Штаттарга ооп бара жатат деп жорулууда. Ошондой эле кадамдарга барган Өзбекстанга Москва азырынча эч нерсе дей элек. Анткени Каримовдун убагында Ташкентке айтылган сын катуу каршылыкка кабылчу. Орустар азырынча өзбек бийлигин сындабайт.

Борбордук Азиянын эки ири мамлекети өзүн издеп жатат. Ал изденүүлөр Орусияга да, Кытайга да каршы эмес, өздөрү үчүн гана болуп жатат. Марттын ортосунда региондун лидерлеринин Астанада жолугуусу да саясий өңүткө эмес, Нооруз майрамына “оролгону” маанилүү. Бул эки өлкөнүн региондун өзүн табуу аракетине салым кошуп жатканын Москва айыптай албайт.

Мирзиёевдин АКШга барганы – эрдик

Борбор Азия акыркы жылдары АКШга Афганистандагы согушу үчүн гана керек болуп калган. 2005-жылы, Андижан окуясынан кийин Өзбекстандан америкалык база куулганда, Вашингтон унчукпастан чыгып кеткен. Азыр Афганистанда жаңы доор башталууда. Америкалыктар бул региондогу күчтөрдү жылыштырып, Орусиядан алыстап, жаңы тең салмактуулук түзүү аракетинде. Жакынкы алты жылда бул тенденция өзгөрчүдөй көрүнбөйт. Бул мусулмандык региондо АКШга өнөктөштөр керек. Ошондуктан да Мирзиëевдин Вашингтонго баруусун эрдик десе болот. Евразиянын ири мамлекетинин лидери учурда Орусия, Европа жана мусулман дүйнөсү каршы чыгып жаткан өлкөгө барды. Өзбек ажосу АКШ менен жакындашуудан коркпогон мусулмандар жашаган өлкө бар деген белги берди.

Америкалыктар да өзбек лидеринин бул кадамынын баркын билет деген ойдомун.

Мурунку америкалык администрация баштап кеткен Борбор Азиянын беш өлкөсү менен АКШ түзгөн “5+1” форматы да иштеп кетет деген ойдомун. Бул Москванын нааразылыгын козгогудай жаңы формат эмес. Евробиримдик менен Жапония да бул беш өлкө менен иштеп келет. Союздун урап түшкөнүнө 26 жыл болду, албетте, Борбор Азия мурункусундай калган жок.

Аркадий Дубновдун ITON-TVге берген маегинен, Израиль