Батыш

​Трамп НАТОго мурунку айбатын кайтарып берет

23 мая 2018 г. 11:59 528

АКШ менен Евробиримдик коргонууга коротулган каражат тууралуу талашып-тартышканы менен АКШ НАТОну күчтөнтүүгө кызыктар

Дүйнөдөгү эң маанилүү жана ийгиликтүү согуштук альянстын тагдырынан сырткары Европа менен Америка бир да маселе боюнча келише албай калышты. Дональд Трамптын чочулаткан дипломатиясы, анын өнөктөштөрүнө текебер мамиле кылганына карабастан, июлдун орто ченинде Брюсселде өтүүчү НАТОнун саммити жакшы натыйжаларды бермекчи.

Албетте, Трамп адатынча Атлантиканын эки жээгиндеги коргонууга коротулган каражаттардын айырмасы менен өнөктөштөрүн көзгө саюу аракетин кылат. Ак үйдүн кожоюну европалыктардын сараңдыгын айтып, башкалардын колу менен өз көмөчүңөргө күл тартып жатасыңар деп айыптайт. Анткени НАТОнун 29 мүчөсүнүн бир азы эле ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 2 пайызын коргонууга коротуу керек деген талапты аткара алды. Кыскасы, америкалык салык төлөөчүлөр европалыктардын бейпилдигин өз чөнтөктөрү менен каржылап келет. Өнөктөштөр НАТОнун мүмкүнчүлүктөрүн болушунча колдонот, бирок анын ишин көбүнчөсүн америкалыктар каржылайт.

Америкалыктардын Иран, Жакынкы Чыгыш, климаттын өзгөрүүсү менен соодадагы өз билемдигинен улам европалык лидерлер кандайдыр бир акыл үйрөтүүнү уккусу келбейт. Алар да өз учурунда Трамптын администрациясынын кекирейүүсү менен алаңгазарлыгын бетине коёт.

Андай болгону менен, конгресстин жапырт колдоосун алган дал ушул айыпталган администрация Американын европалык коопсуздугуна чегерүүчү каражатын көбөйттү. Ал Европанын чыгышына көптөгөн каражат жумшап, Обаманын администрациясы чакыртып алган оор куралдарды ал жакка кайра кайтарды. АКШ НАТОго кирбеген Швеция жана Финляндия менен аскердик байланыштарын бекемдеди. Өткөн аптада, АКШнын аскер-деңиздик күчтөрүнүн ыкчам бирдиги катары, Түндүк Атлантика үчүн жоопкер Экинчи флоту кайра калыптана баштады.

Мунун баары Орусия үчүн болду. 2014-жылы Украинага кол салып, андан кийин бардык жер жана багытта зыян келтирген Владимир Путин трансатлантикалык мамилелерди кайра жандантты. НАТО азыр өзүнүн негизги озуйпасына – аймактарды коргоого үңүлдү. Жакында Польша менен Балтика аймагында жайгаштырылган көп улуттук аскердик кошундар Орусияга жакын бул өлкөлөрдүн коопсуздугун арттырды. Мындай аракет Орусиянын капыстан кол салуу коопсуздугун азайтты.

Балтиканын жээгиндеги аймактар тартипке салынган соң, Балкан менен Кара деңизге көңүл бурула баштады. Сирияда Батыш менен араздашып, Орусия менен кызматташууга киришкен Түркия кооптонуунун биринчи себеби. Мурунку Югославиянын туруксуздугу менен ички иштерине Орусиянын кийлигишүүсү да кооптонтот. Азыр Македонияга батыштык согуштук альянска кирүү мүмкүндүгү ачылгансыды. Бирок Босния, Косово менен Сербия сыяктуу башка талапкерлердин кирүүсү арсар көрүнөт. Кремлдин мурунку империясынын ичине НАТОнун тереңдөөсүн Орусиянын каршы чыгуусу токтотуп койгонсуйт.

Согуштуш өзгөргөн жүзү: киберчабуулдар, жасалма интеллект, агрессивдүү үгүт, багытталган паракорлук сыяктуу нерселер менен да НАТО бетме-бет келди.

Бирок альянстын эң көйгөйлүү маселеси логистика болуп калды. Бул көйгөй кансыз согуштан бери чубалып келет. Европанын эч качан бошобогон темир жолдору аркылуу танктарды ташуу апталап созулуп кетүүдө. Алар бир нече саат же бир нече күндө ташылышы керек болчу. Өлкөлөрдүн бюрократиялык талаптары тажатат.

Өзгөрүү бар, бирок ыкчам эмес. Июльда өтчү саммитте Ооруктук (тыл) камсыздоо менен логистика боюнча биргелешкен командачылык түзүү бекитилет. Ал жүк ташуучу унаа, инфраструктура, киберкоопсуздук сыяктуу жадатма, бирок маанилүү иштер менен алек болот. Эки багытта колдонулчу ири порттор, кубаттуу көпүрөөлөр, темир жол вагондору жана мыкты кайра жүктөө пунктары менен камсыздаган Германия, жалпы коргонууга ИДӨсүнүн 1,2% гана жумшаса да америкалыктардын айыптоосунан кутулмакчы. Бир чети европалык эң ири экономика куралдуу күчтөрүнө 2 пайыз жумшай баштаса, Европанын тең салмактуулугуна доо кетмек.

Экинчи эң чөң мүшкүл – чечимдерди кабыл алуу. Учурдун чакырыктары бир заматта пайда болуп, алдын ала болжогус нукка түшүп кетип жатат. Орусия провокациялык кадамдарга барса, альянстын чечим чыгаруусуна жооптуу НАТОнун Кеңешинде талкуу создугуп кетиши мүмкүн. Согуштук абалды эске алганда, НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн башкы командачысы Кертис Скапароттиге, мисалы, ыкчам каршылык берүүчү күчтөрүн Чыгыш Европада тез жайгаштырууга көбүрөөк ыйгарым укук бериш керек.

Бирок НАТОнун кээ бир мамлекеттеринде куралдуу күчтөрдү колдонууга парламенттин уруксаты конституциясына кирип калган. Бул жагдай америкалык президенттерди да кооптонтот, анткени кагылышуу кайда болбосун башталышы мүмкүн, бирок аны АКШ гана токтото алат.

Трансатлантикалык мамилелерде бороон-чапкын болуп жатса да НАТО бул өлкөлөрдү АКШ менен бириктирүүдө. Ал Британияны да Европага байлап турат. НАТОнун кеңейүүсү коопсуздукту камсыздап, жаңыланууга жол ачып бермекчи. Бул Түндүк Америкадан баштап, Жакынкы Чыгыш жана дүйнөнүн башка жалбырттап жаткан жерлерине эффективдүү куралдуу күчтөрдү ыкчам жайгаштыра алчу бирден бир уюм. Башкалар анын бучкагына да теңелбейт. Муну менен баары макул.

Эдвард Лукас, The Times, Великобритания