Ара жолдогу мамлекет

​Венесуэла шайлоолору - өлкөдө өзгөрүү күтүлбөйт

22 мая 2018 г. 15:36 423

Президент Мадуронун жеңишинен эч ким күмөн санаган эмес. Венесуэладагы шайлоолор бечаралык менен алсыздыкты катмарлады. Колунан келгендер көчүп кетишет. Калганы кыңк этпей жашоого мажбур

Венесуэланын тургундары бул шаңдуу мактанууга көнүп бүтүштү. “Эми шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болду”, - деди салтанаттуу үн менен 20-май жекшемби күндүн кечки саат ондорунда шайлоо комиссиясынын төгагасы.

“Өтө заманбап санарип шайлоо системасы” 68% добушту өлкөнүн азыркы президенти Николас Мадуро алганын эсептеп чыгып, эски президент кайра жаңырып жатып калды.

Утуп алган киши акыркы шайлоодогу мындай ийгилигин тарыхий рекорд деп жиберди. Анын айтымында буга чейин бир да талапкер ушунчалык “кеңири добуш берүүдө” өзүнүн атаандашынан 47 пайыз узай алган эмес! Шайлоочуларга ыраазылыгы менен кайрылып жатып, оозү бошураак Мадуро атаандашы Энри Фальконду “Фальшон” (Жасалма) деп атап кетти.

Венесуэла калкы ачарчылыкта

Мадуронун “адеби” дүйнөгө белгилүү. Ал оозу-мурдун кыйшайтпай туруп башка өлкөлөрдүн башчыларын тозокто күйүп кет деп, сын кат жолдогон өз жарандарын түз эфирде ашатып сөкмөй адаты бар. Сырттан карап отурган чет элдиктер буга ыңгайсыз жылмайышы мүмкүн, бирок өлкөнүн чек арасын аттап өткөндө мостойгонго аргасыз. Анткени Венесуэла жиктешип ажырап бара жатат.

Венесуэланын дүйнөдө эң ири мунай кору бар, өлкөнүн көчөөлөрүндө болсо үч жаштагы балдар таштанды салынган желим баштыктарды тытмалап жүрөт. Ачкалыгынан бирилери ыргытып жиберген сөөктөрдү кемиришет. Сегиз-он жашка чыккан балдар таштандылардан “жакшыраак” тамак-аш табыш үчүн байыраак райондорго жөнөшөт. Жолго эки сааттай убакыт кетет, анан да полистердин колуна түшүп калбаганга аракет кылыш керек. Кары-картаңдардын карчарбасы бир алма же эки литр сүт алганга гана жетет.

Бензин ичмек белең

Мадурого мураска калган “чависттер” - андан мурунку маркум президент Уго Чавести колдогондор - өздөрү даңазалаган “21-кылымдын социализминин жетишкендиктери” менен аябай сыймыктанышат: Бир айлык маяна унааңа бир жыл бою бензин куйганга жетет. Атайын арзандатылган бензинге тойбосуң, аны менен үй-бүлөңдү ачарчылыктан куткара албасың алардын оюна да келбейт. Бийликти жактагандар өлкөдөгү кризис эл аралык санкция менен мунайдын арзандыгына байланыштуу деп айтып келишет.

Үгүт-насаат аппараты катуу иштегендиктен “чависттер” акыркы шайлоонун жыйынтыгына унчукпастан моюн сунуп беришти. Бирок алар да шайлоого келген элдин аздыгынан добуш берүүчү жайлар бош калганын өз көздөрү менен көрүп, чочуп турушат. Шайлоо комиссиясы бул жагдайды дароо жаап-жашырып кеткендиктен, күмөн санагандар болгон ишке көз жумуп коюуга аргасыз. Бул дүйнө тааныбаган өкмөттөн эч жакшылык күтүүгө болбой калганын баары билишет.

Евробиримдик, Кошмо штаттары жана Латын Америкасынын 14 мамлекети Венесуэлада өткөн шайлоонун жыйынтыгын таанышпайт. Бирок басым көрсөтүү чарасы баягы эле - жаңы санкцияларды киргизүү. Алар канчалык натыйжалуу болбосун, кесепетин эң биринчи кезекте карапайым калк тартат. Бул болсо жакырчылык ого бетер артып, мындан да көп киши өлкөдөн чыгып кетет дегендик.

Эрих Мария Ремарктын атактуу “Батыш фронтто өзгөрүү жок” деген романында Биринчи дүйнөлүк согуштун окопторундагы аскерлердин үмүтсүздүк сезимдери сүрөттөлгөн. Өз президентинин жеңишин жар салган кайрылуусун уккан венесуэлалыктар да ошого окшош сезимдерге чөмүлдү.

Офелия Хармс Арути, Deutsche Welle