Ислам дүйнөсү

​Түрк шайлоосунун оош-кыйыштары, адаты жана жаңылыктары

21 мая 2018 г. 2:08 683

24-июнда өтүүчү президенттик жана парламенттик шайлоолор саясатчылардын бүйүрүн кызытып, курч сөздөр айтылганы менен түрк медиасында чагылган жок. Кандай болбосун бийликти сактап калуу максатын койгон түрк ажосу Таййип Эрдоган менен жакындары оппозициянын бардык жолдорун бөгөдү. Адамзат тарыхында жеке бийликти сактап калуу ыкмаларын кайра жанданткан түрк аткаминерлери бир нече ноу-хау да киргизип жатат.

YouТube соцтармагынын MoonStar TV каналынын баяндамачысы Тарык Тороздун айтымында Түркиянын мамлекеттик ТРТ телекомпаниясына тиешелүү 15 чакты канал, андан сырткары жеке менчик каналдын баары "эрдогандашып", оппозиция алардын бирине да чыга албай калды. Учурда телеканалдардан Эрдоган менен анын АКП-МХП деген эгиз партиясынан сырткары эч ким жана эч нерсе көрүнбөй калгандыктан, түрк Твиттеринде бардык телеканалдарга “Жап, кереги жок” деген ураан күч алды.

“Мисалы, Эрдогандын партиялаштары оппозиция менен түз эфирге чыкса, “таяк жеп калып жатат” деп НТВ каналы 2011-жылы эле саясий талкуу программасынын баарын жабууга мажбур болгон. Андан бери 160тан ашык маалымат агенттиктери, телеканалдар менен гезиттер жабылды”, - дейт MoonStar TV каналынын баяндамачысы. – Бирок интернеттеги Твиттер жана Ютуб сыяктуу соцтармактарда көз карандысыз медиа агымы башталды. Мунун аркасы менен эки-үч түркчө сөз эл аралык колдонууга кирди”.

Ал сөздөрдүн бири ТАМАМ. Эрдогандын “элибиз тамам (бүттү) десе бийликтен кетебиз” дейри менен миллиондогон түрк твиттерчилери ТАМАМ сөзүн хэштег кылып, ал дүйнө медиасында дүңгүрөгөн кабарга айланды.

Ал арада Түркиянын эң жогорку саясий бийлиги аралашкан паракорлук кылмыш иши АКШнын Нью-Йоркунда аягына чыкты. Бирок прокурорлордун айтымында бул иш уланып, түрк бийлигинин 24-июндагы шайлоодон кийинки эң чоң баш оорусуна айланганы турат.

Нью-Йоркто иштеген көз карандысыз журналист Адем Явуз Аслан VideonTR каналында төмөнкүчө маалыматтар менен бөлүштү: “Туркиянын мамлекеттик Халк банкынын кызматкери Хакан Атилланы түрк бюджетинин каражатына жалданган он чакты адвокат коргоду. Алардын эң тажрыйбасызына саатына эки миң беш жүз доллар төлөндү. Бир жыл мурун сот башталаары менен түрк бийлиги жалдаган америкалык адвокаттар “бетти жыйыштырып койгон паракор саясатчылар” деп, Эрдогандын өзү, уулу, төрт министри менен уулдарынын Иранга каршы коюлган эмбаргону жарып өтүш үчүн ирандык 25-30 жашындагы ишкер Реза Заррабдан жүз миллиондогон пара алгандарын айтышты”.

Соттун бардык отурумдарына башынан бери катышып келе жаткан Адем Явуз Асландын баамында бул сот иши менен Хакан Атилла жана Реза Зарраб сериалынын биринчи эле сезон. Ал 3-5-сезонго чейин чубалат. Түрк саясатчылары жөнүндө кылмыш ишин териштирген прокурорлор: “Бул катардагы арам акчаны адалдоо эмес. Мамлекеттик деңгээлде террорду, Иран экономикасы менеп өзөктүк программасын кубаттаган кылмыш”, - деди.

Айрыкча азыр АКШ Иранга каршы санкцияларын кайра жандантууга киришкенде, Түркиянын мамлекеттик банктары аркылуу нак ташылып, ирандыктарга берилген жүз миллиарддын тегерегиндеги доллар түрк бийлигине жакын адамдарга чара колдонууга жол ачышы мүмкүн.

Kronoshaber.com сайтынын журналисти Доган Ертугрулдун айтымында АКШ Иран менен өзөктүк келишимден гана баш тартпастан, ирандык борбордук банкын террордук уюмдардын катарына кошту.

“Бул окуялар болуп жаткан кезде жана АКШда Хакан Атилланын жазасы аныкталган күнү Иран президентинин жардамчысы Анкарада Эрдоган менен жолукту. Жолугушууга түрк борбордук банкынын башчысы да катышканы айтылууда. – деген журналист, билдирүүсүн төмөнкүчө улайт, - Бул кризистик топко окшоп кетти. Ошондуктан ирандык эмбаргону жарып чыгуу боюнча далай иштер козголот деп күтсө болот. Бүгүн Спутник-Түркияга израилдик фирмалар өзөктүк курал үчүн колдонулушу мүмкүн болгон электроникалык жабдыктарды түрктөргө сатканы, бирок алар Араб Эмираттары аркылуу Иранга киргени тууралуу кабар чыкты.

Өлкө экономикалык кризиске кирип бара жатат деп күтүлгөн кезде мамлекеттик банктар менен жалпы Түркияга америкалык санкциялар киргизилсе түрк экономикасы оор абалда калат.

Түрк президенти Режжеп Эрдогандын партиясы менен биргеликте өлкөнү көзөмөлдөө пакетин 24-июнда колго алуу аракетине каршы Түркиянын бардык оппозициялык күчтөрү бирикти. Аны көргөн жарандык активисттер режимдин ичер суусу түгөнүп бара жатат деп сүйүнө баштады. Бирок дүйнөнү жана анын тарыхын жакшы билген серепчилер Эрдоганга окшогон диктаторлор эч качан шайлоо аркылуу бийликтен кетпейт, түрк ажоосу да макамында калыш үчүн жарандык согуш чыгаруудан баш тартпайт деп санаалаштарынын демин суутуу менен алек.

MoonStar TV каналынын баяндамачысы Тарык Тороз түрк бийлиги атаандаштарынын бюллетендерин азайтып, өзүнүкүн арттыруу максатында түрмөлөргө он миңдеген мугалим, аскер, сот, прокурор, адвокатты солоп, он миңдеген канкор менен мыкачыларды эркиндикке чыгарууда деген ойдо. Тарык Тороз: “Мисалы, минюсттун расмий билдирүүлөрүнө караганда 2016-жылы эле киши өлтүрүүдөн 29000, адам өлтүрүү аракетинен 1800, зордукчулуктан 15000, алдамчылыктан 6000, сойкулуктан 2000, уурулуктан 42000, алдамчылыктан 8000, баңгиликтен 35000, толоончулук менен мародерлуктан 12000, жарадар кылуудан капаска солонгон 23000, жалпысы 100 миңдин тегерегинде кылмышкер бошотулган”.

Бул аз келгенсип, Эрдоганга жабышып парламенттик шайлоого улутчул МХП партиясын сүйрөп бара жаткан Девлет Бахчели түрмөдө көтөрүлүш болуп кетпеш үчүн шайлоо алдында дагы көп кылмышкерди бошотуу керек деген. Көз карандысыз серепчилер мындай кооптуу аракеттин баары 16 жылдан бери бийликте отургандардын алсыздыгын ашкерелеп турат деген ойдо.

Мурдагы күнү, 19-майда түрмөдө жаткан интеллигенттердин жакындарына тамак-аштан каралашкан отузга жакын кыз-келин кармалып, капаска солонду.