Ара жолдогу мамлекет

​АКШнын элчилигин Куддуска которуусу эмнеге мынча маанилүү

19 мая 2018 г. 14:26 1382

АКШ Израилдеги элчилигин Куддуска (Иерусалим) көчүрүүсү аны жөөттөрдүн борбору катары таанылуусуна жол ачат. 1993-жылы 20-августта Осло шаарында кол коюлган келишим боюнча, Куддус бөлүшүүгө мүмкүн болбогон баалуу шаар, ошондуктан жөөтөр менен палестиндер коопсуздукту камсыздаган соң, эки мамлекеттин борбору катары таанылат деп жазылган.

1917-жылдын Балфор келишиминде да жалгыз жөөт эмес, палестиндерге да өлкө куруу убадасы берилген. 1948-жылы 14-майда жөөттөрдүн мамлекети курулду деп айтылган. Бирок жүз жыл өткөнүнө карабастан, Балфор декларациясында убадаланган палестин мамлекети эмдигиче курула элек.

Осло келишими боюнча, ичине Израиль менен Палестина кирген дүйнө мамлекеттери эки мамлекет куруп, Куддусту да экиге бөлүү максаты коюлган. Ал боюнча Куддустун чыгыш тарабы палестиндерге, батышы жөөттөргө берилмекчи болгон. Бул боюнча ушул жылга чейин эл аралык консенсус бар болчу.

Бирок 1997-жылдан бери бул эки мамлекет куруу чечими алсыратыла баштады. Мунун бир нече себеби бар.

Израиль Ослодо бекитилген маселелерди фактка дал келтирбөө аракеттерине өткөн. Бекитилген статустарга карабай, Израиль Иерусалимдин чыгыш тарабына жөөттөрдү жайгаштырып, палестиндерди сүрүп чыгарып, кайра кайтпагандай абал жаратуу аракетин баштаган. Палестиндердин жылдар бою көтөрүлүш уюштурганы дал ушул тымызын баскынчылык аракетине каршы болчу. Мен ал жерде жашаган сегиз жылда, ар жылы жөөттөрдүн мусулмандарга тиешелүү жерлерди басып алуусуна байланыштуу ызы-чууга күбө болдум. 1938-жылы мындан улам биринчи кан аккан, ошондон бери токтобой келет.

Трамптын АКШнын элчилигин Куддуска көчүрүү чечими бул шаардын корголушу керек болгон статусун биротоло бузду. Себеби, ансыз деле 1982-жылы Израиль күч менен колго алган Куддус анын бөлүнгүс борбору катары кабылданса, шаардын чыгышы эч качан Палестинанын баш калаасы болбойт дегендик. Палестиндердин кыялындагы өлкөсү жок кылынды дегендик. Демек аргасыздан коңшу мамлекеттерде жашап жаткан 6 млн палестиндер буга чейин кылымдар бою жашаган жерлерине, өздөрү каалагандай өлкөгө кайтып келе алышпайт. АКШ элчилигин көчүрүү менен Куддусту Израилдин жалгыз жана бөлүнгүс борбору катары тааныды. Израиль муну ансыз деле жылдар бою айтып келген.

Дональ Трамп Бириккен улуттар уюмунда муну айтканда, маселе БУУнун Генералдык ассамблеясында нааразылык көрсөтүү добушуна коюлган. Добуш берүүнүн максаты – АКШга бул кадамга эч качан барбашың керек деген белги берүү болчу. Бирок тарыхта биринчи жолу Израиль менен АКШдан сырткары, майда болсо да (Микронезия, Того, Маршалл аралдары...), дагы жети өлкө элчиликти Куддуска көчүрүү маселе эмес деп, АКШны айыптоодон баш тартышты. Мындан сырткары дагы 21 өлкө добушка катышпай, 35 мамлекет калыс добуш берди. АКШ каршы добуш берген жүздөн ашык өлкөнү көзүнө илбей, элчилигин көчүрдү. Бул аракет эки мамлекетке бөлүнгөн Куддус кыялына жаназа окуп, аны биротоло жерге көмдү.

Эмнеге мурунку президенттер эмес Трамп

1948-жылы Израиль деген мамлекет жар салынганда, борборун Куддус экенин айткан. Бирок жөөттөр ал кезде Куддустун чыгыш тарабын гана көзөмөлдөп турган. Израилди тааныган мамлекеттин баары Батыш Куддусту анын баш калаасы деп таанышкан. 1980-жылга чейин Куддустун эки тарабында тең мамлекеттердин элчиликтери бар болчу. 1980-жылы Израиль Куддустун чыгышын да басып алганда, бүткүл дүйнө буга каршы экенин билдирип, элчиликтерин Тель-Авивге көчүрүшкөн. Бул “Куддус сенин гана борборуң болбойт” деген белги болчу. Мындан кийин дүйнө Израилдин борбору Тель-Авив деп тааныды.

Ошондон тартып бардык өлкөнүн тышкы иштер миристри же башчысы Куддуска эмес, Тель-Авивге бара баштаган. Жөөттөрдүн бардык мамлекеттик мекемелери Тель-Авивге жайгашканга мажбур болгон.

1995-жылы АКШ Конгресси жөөт лоббилердин басымы алдында элчилигин Куддуска кайра көчүрүү боюнча мыйзам чыгарды. Ошондон баштап ар бир АКШ президенттигине талапкер шайлоо маалында бул мыйзамды аткарам деп сөз берип, бирок ажолук макамга отурганда, америкалык кызыкчылыктарга дал келбейт деп, бул чечимди улам алты айга жылдырып отуруп, президенттик мөөнөтүнүн аягына чыкчу.

Трамп да шайлоо компаниясында көчүрөм деген, бирок баары чечимин жылдырат деп күтүшкөн. Күтүлгөндөй болгон жок, жөөттөр үчүн майрам, палестиналыктар үчүн кайгы күнү болгон 14-майда, Израилдин жар салынганынын 70 жылдыгында элчилигин Куддуска которду. Адат боюнча, арабчадан “кыйроо” деп которулган Накба күнү, палестиндер кайда болбосун 15-майдан баштап жарым айдай демонстрацияларга чыгышат.

Быйыл Рамазандын арапасына дал келген бул күнү АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Куддуска көчүрүүсүн эл аралык авантюра жана бет тырмаарлык провокация десе болот.

Керим Балжы, Turkish Review