Орусия

​Орусия менен кызматташканы үчүн АКШ Евробиримдикке чара колдонмокчу

19 мая 2018 г. 12:26 1720

АКШ “Северный поток-2” газ түтүгүн чубайм деген европалык мамлекеттерге дагы бир ирет эскертүү берди. Бул газ түтүгү Орусия менен Германиянын ортосунда тартылмакчы. АКШ бул долбоор коопсуздукка коркунуч келтиргендиктен, санкция колдонууга аргасыз болоорун кыйытты.

Американын ою боюнча “Северный поток-2” Европанын орус газынан көз карандылыгын арттырат. Андан сырткары, АКШнын мамлекеттик катчысынын энергетикалык ресурстар боюнча орун басарынын жардамчысы Сандра Оудкирктин айтымында, түтүктөрдүн Балтика деңизинин алдындагы бөлүгүндө орустар тыңшоочу жабдыктарын орнотмокчу.

Евробиримдиктин саясатчылары Иранга киргизилген санкциялардан коргонуу чараларын издештиришээрин айтышаары менен АКШ тарабынан бул эскертүү келди. Трамп бийликке келээри менен “Баарынан мурун Америка” стратегиясын ачыктагандан кийинки европалыктардын шоку тарап, АКШнын өзүмчүл саясатына биригип каршы туруу ниетин көрсөтө башташты.

АКШнын “Северный поток-2” долбооруна байланыштуу коркутуулары Евробиримдиктин чыгыш жана батыш өлкөлөрүнүн ортосуна жик салып, Австрия, Франция, Германия менен Нидерланддын компанияларынын кызыкчыкчылыгына терс келгени турат. Бул компаниялар аты аталган долбоордо орусиялык Газпромго өнөктөш болууну чечишкен.

Берлиндеги журналисттерге куруп берген маегинде Оудкирк бул долбоор 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык АКШнын санкцияларынын алкагына кирип калышы мүмкүн деди. Бул мыйзамды Орусиянын Украинанын ички иштерине аралашканы жана АКШнын президенттик шайлоосуна кийлигишкенине шектенгенинен америкалык Конгресс кабыл алган. Оудкирктин айтымында бул мыйзам кандай болбосун орусиялык энергетикалык долбоорго, анын ичинде “Северный поток-2ге” да каршы санкция кийрүүгө, АКШнын өкмөтүнө укук берет.

“Бул кандай болбосун түтүк тартуу долбоору ушул сыяктуу санкциянын алдында калуу коркунучуна кабылышы мүмкүн дегендик”, - деп билдирди Оудкирк.

Анын айтымында, АКШ кооптуулукка коркунуч келтиргени үчүн да бул долбоорго каршы, анткени Орусия газ түтүгүнө кандайдыр бир тыңшоочу жабдык орното кетиши мүмкүн. Бирок мамкатчынын жардамчысынын орун басары айым бул кандай жабдыктар экенин тактап, түшүндүрүп берген жок.

Ал “Северный поток-2” ишке киргенде, Украинанын аймагынан өткөн орус газынан бул өлкө транзиттик төлөм кирешесине кепилдик алаары божомолдорун да четке какты. Өткөн аптада Германиянын канцлери Ангела Меркель, эгер Украина өз аймагынан өткөн газдан киреше ала албаса, бул долбоордун ишке ашуусу мүмкүн эместигин айткан. Мындан улам тараптар кандайдыр бир кепилдик келишимин талкуулап жатабы деген ойлор тараган.

“Биз мындай кепилдиктер ишке ашат деп эсептебейбиз, - деген Оудкирк, - Орусия бул газ түтүгүн Украинанын аймагын айланып өтүү үчүн колдоноорун бир нече жолу ачык эле айткан”, - деп кошумчалады.

Оудкирк, ошондой эле, АКШ Европаны америкалык суюлтулган газын сатуу базары катары карап жатканынан “Северный поток-2ге” каршы чыгып жатат деген божомолдорду да четке какты. Ал АКШ көптөн бери эле Европанын орусиялык энергоресурстардан көз-карандылыгын арттырган долбоорлорго каршы экенин баса белгиледи.

Европанын технологиялык жетишкендиктери “Северный поток-2ге” атаандаш катары Каспий деңизинен, Жер ортолук деңиздин чыгышынан, Алжирден, АКШ менен Австралиядан газ алууга жол ачып жатат деп белгилей кетти Оудкирк айым.

“Биз газды жеткирүү маселесинде бейтараппыз”, - деп кошумчалады ал.

Уильям Уилкс, Bloomberg