Батыш

​АКШ жана Иран: Орто Чыгыштын “кожоюну” кайттыбы

18 мая 2018 г. 11:37 2416

АКШ Орусияга карабай сириялык режимдин химиялык объекттерин бутага алып, президенти Дональд Трамп Иран менен келишимден чыгаарын айтты. Израиль Сириядагы ирандык согушкерлердин базаларына сокку урду. Мунун баары Орто Чыгышка негизги оюнчунун кайтканынан кабар берет.

Орусия менен Ирандын демин сууткан Батыш

Бул аракеттерди Трамтын кишилик өзгөчөлүгү жана өлкөлөргө мамиле кылуу адаты катары гана карабаш керек. Акыркы окуялар АКШнын Орто Чыгыштагы саясатынын өзгөргөнүн каңкуулап турат.

АКШнын Трампка чейинки президенти Барак Обама 2012-жылы Сирия өкмөтүнүн химиялык курал колдонуусун аттап өтүлүүсү кооптуу “кызыл сызык” деп атаган. Эгер ал колдонулса, Америка согуштук курал менен жооп берет деп айткан. Бирок “кызыл сызык” атталганда көрбөмүш болуп, катуу жооп кайтаруудан баш тартууга мажбур болгон.

2018-жылы 1-мартта Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин АКШнын радарлары кармап калуусу мүмкүн болбогон стратегиялык ракетасы бар экенин жар салган. Бул ракеталар жер шарын айланып да барып, мисалы, АКШнын Калифорния штатына да сокку ура алат деген. Бул Америка баш болгон Батыш блогун ачык коркутуу эле. Батыш 24 саат ичинде Орусиянын бул билдирүүсү калп экенин, эгер чын болсо да дароо жооп кайтараарын айтты. АКШ бул сөзгө катуу жооп бербесе, дөөлөттөрдүн куралдуу жарышында Орусиянын чаңында калганын моюндашы керек болмок.

Андан бир ай өтөөр-өтпөс Сириянын химиялык куралга тиешелүү буталарына сокку ураарын айтты. Орусия менен Иран АКШ мындай ишке барса, тиешелүү жообун беришээрин билдиришкен. Орусия Сириянын Тарсусунда жайгашкан кемелерин Ак деңизге чыгарып, согушка даярбыз дегендей ишарат берди. Бирок АКШ бир да кадам артка чегинбестен, Англия жана Франция менен бирге белгилеген буталарга сокку урду. Ошол эле убакта Израиль Сириядагы Иранга тиешелүү аскердик базаларга сокку узатты. Орусия буга каршы Израилге нааразылык да айта албастан, Батыштын үч мамлекети менен жөөттөр алдында чегинүүгө аргасыз болду. Бул окуялар дүйнөгө “АКШ жана Батыш Европанын негизги мамлекеттери менен Орусиянын согушууга дарманы жок” экенинен кабар берди. Мындан кийин “сириялык” оюнчулар буга чейинки аракеттерин кайра карап чыгууга мажбур болду.

Батыштын үмүтүн актабаган Иран

Мисалы Түркия Орусияга таянып, Сирияда АКШ менен Евробиримдикке каршы агрессивдүү саясат жүргүзө баштаган. Жогоруда айтылган акыркы окуялардан Түркия Батыш блогуна каршы согуш аракетине барса, Орусия аны коргой албаганын түшүндү. Анткени Орто Чыгыштагы эң жакын өнөктөштөрү Иран менен Асад режимин да коргой алган жок. Бул убактан баштап Түркия Иранга окшоп Батыш менен тирешүүдө жалгыз калганын көрдү.

Трамп эмне себептен Иран менен батыш мамлекеттеринин ортосундагы өзөктүк курал боюнча келишимден чыгып кетти?

АКШнын буга чейинки президенти Барак Обама адаттагы өнөктөшү болуп келген Сауд Аравиясы баш болгон араб өлкөлөрү гана эмес Иран менен да мамиле түзүү аракетин баштаган. Максаты мамилелерди жумшартып, Иранды өзөктүк курал иштеп чыгуудан баш тарттырып, бул өлкөнү Батыш блогуна жакындатуу болчу.

Бул максатта Обама 2015-жылы батыштын бир нече өлкөлөрү менен биргеликте Иран менен өзөктүк келишим түздү. Иран уранды байытуу программасын дүйнө көзөмөлүнө ачып, анын каршылыгы катары бир нече мамлекетте тоңдурулуп турган каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Иранга каршы эмбарго жеңилдеп, 2015-жылдан баштап өлкөнүн экономикасы жанданып, өсүп кирди. Ошол эле жылы 22 млрд долларын санкциядан бошоттуруп, колдоно баштады. Иран келишимге чейин 1,1 млн баррель мунай сатса, учурда бул көрсөткүч 2,5 млн баррелге жетти. 2016-жылы Иран экономикасы 12,5%га өскөн.

Эми кайра Дональд Трампка келсек, Трамп америкалык саясаттын көрүнүп турган гана оюнчусу. Барак Обаманын Иран менен жакындоосуна нааразы кеңири бюрократиялык чөйрө бар. АКШ 1979-жылдан тартып, 1980, 1996, 2005 жана 2011-жылдарында Иранга каршы санкцияларын барган сайын катуулатып келген.

Обама бийликке келип, Иран менен мамилелер жумшарган убакта да, мисалы, Түркиянын эң жогорку даражадагы бюрократтары Иранга каршы эмбаргону 2011-2016-жылдары жарып өткөнүн АКШнын чалгындоосу документтештирип койгон. Бул кылмыш иши америкалык сотто каралып, түрктөрдүн мамлекеттик банкынын бир аткаминери АКШда соттолуп, капаска солонду.

Бирок Иран Батыштын берген жеңилдиктерин колдонгону менен көнүмүш адаттарынан баш тарткан эмес. Ал Ливан, Ирак, Сирия менен Түркияда антиамерикалык саясатын уланта берген. Мындан улам АКШ геосаясатын аныктаган мекемелер Иранга берилген жеңилдиктерден Америка эч кандай утушка жеткен жок деген чечимге келишкен. Бул ката чечим болгонун айтып, Иран менен өзөктүк келишимден чыгып, бул өлкөгө каршы санкцияларды кайра киргизип, Иранды Сириядан чегинүүгө мажбурлаш керек деген чечимге келишкен.

АКШнын Иранга тиешелүү максатары

Иран 2017-жылды гана алганда Асад режимине 15 млрд доллар короткон. Бул ири каражат америкалык саясатка каршы колдонулган. Ошол эле жылы сириялык кагылышууга активдүү катышкан Ливандык шииттердин “Хизбуллах” уюмуна 700-800 млн доллар берген.

Ирандын Орто Чыгышта күчтөнүүсүн токтотуп, өзөктүк куралын иштеп чыгууга бөгөт коюудан сырткары АКШнын дагы эки негизги максаты бар. Перстердин Европага жеткенчелик алыска атылуучу ракеталарын жакшыртуусун алдын алуу жана экономикасын начарлатуу аркылуу нааразы Иран калкынын көтөрүлүүсүн камсыздап, молдокелер (аятоллалар) бийлигин кулатуу максаты коюлган. Бул жылы ансыз деле иран көчөөлөрү тынч эмес. АКШнын тиешелүү мекемелери бул жагдайдын деңгээлин өлчөп, байкоолорун улантууда.

Айдоган Ватандаш, The Huffington Post