Ислам дүйнөсү

​“Накба”: Палестиндердин өз жеринен куулган күнү Трамп Куддуста элчилик ачты

15 мая 2018 г. 15:10 1366

Израиль сионисттик бандалардын жети араб армиясын кантип жеңгендиги тууралуу бүткүл дүйнөгө жалган тарых айтып берген. Чындык болсо башкача. Британ баскынчылары негизги ири державалар менен бирге 400 миң жер которгон жөөткө эң заманбап курал-жарак берип, аларын түгөнбөгөн ок-дары менен камсыздап, куралсыз кишилерге каршы салган. Палестинада коргонуп согушкан араб аскерлери 16 миңден ашпаганы негизги факт бойдон тарыхта турат. Башкача айтканда 400 миң баскынчы жөөт Британия менен бирликте курал-жарагы менен ок-дарысы тартыш 16 миң араб аскерин талкалашкан.

Бул чоң кыйроого жол ачкан: ачарчылык, талкалануу, топтошкон үйсүздөр, өз үйүн таштап кетүүдөн баш тарткандардын журтуна жааган авиасоккулар менен гранаталар. “Накба” деп аталып калган күндөгү кылмыштар менен тукумкурут аракеттери азыркыга чейин дүйнөгө толук ачыла элек, анткени 1948-жылы ал жерде муну чагылдырган видеокамера менен адилеттүү пресса жок болчу. Ушул күнгө чейин дүйнө бул окуяларды бурмалап чагылдырган сионисттердин жетекчилигинин көз карашын негиз тутат.

Батыш жээктин түндүк тарабынан качкан аял бир нече күн мурун кеңсеме келип, анын таекеси ал кезде Лод шаарында турганын айтты. Лод калаасынын тургундары сионисттик бандалар жана британ аскерлерине таандык автобустар менен күч колдонулуп көчүрүлгөн. Жолдо жөөттөр балдарга автобустан чыгып, жолдун чеке белинде жаткан таштарды тазалоосун буюрушкан. Жаш балдар автобустан чыгаары менен асманга аткылап, айдочуларды жолун улоого мажбурлашкан. Автобутагы ата-эне “балдар, балдар, балдар сыртта калды...” деп какшаган бойдон калышкан. Бирок алардын кыйкырыгына эч ким көңүл бурган эмес.

Аял жөөт үй-бүлөөлөрү бул балдарды алып, кул катары тарбиялап өстүрүшкөнүн айтты! Бул окуялар жөнүндө палестин жазуучусу Гассан Канафани “Хайфага кайтуу” аттуу роман жазган. Роман чыкканда кээ бирилери андагы окуяларды ойдон чыгарылган дешкен.

Накба окуяларынын 70-жылында, Куддусту (Иерусалим) жөөттөрдүн арабдарсыз борбору деп атаган америкалык администрацияга таянып, сионист өкмөтү өз абалын бекемдеп жатат. Израиль деген мамлекет негизделип жатканда Куддуста жөөтөр жок болгонуна карабастан муну айтып чыгышты. Ал кезде жөөттөр Петах-Тиква, Хадер, Тель-Авив жана Яффадагы атайын уюштурулган конуштарда гана турушкан.

Накба 70 жыл мурун болгон. Бирок учурда намысы менен уятын жыйыштырып койгон араб лидерлери биздин жаңы балээбиз болуп чыга келди. Араб өлкөлөрүнүн баары Араб мамлекеттеринин лигасын калкынын ачуусун баскан калкан катары колдонуп жатышат. Ал кабыл алынган бир да чечимин ишке ашырбай келет. Бир да араб мамлекети израилдик элчини же Тель-Авивден элчилигин Куддуска көчүргөн мамлекеттин элчисин өлкөсүнөн кууп чыга албайт. Кээ бир коркоктордун айынан биз запкы чегип, жеңилип келебиз. Бирок мунун баары биздин адилеттүү дымагыбызды суута албайт, арабдардын жаш муунуна таасир бербейт.

Израиль өтө көп нерсени каалап жатат. Кимде ким көптү кааласа, акыры баардыгынан кол жууйт.

Насер Аль-Ляхам, Maan news, Палестина мамлекети