Ара жолдогу мамлекет

​Эрдоган менен партиясы эмнеге кезексиз шайлоого аттанышты

14 мая 2018 г. 8:32 2039

Түркияда 2019-жылдын 3-ноябрында болчу шайлоо быйыл 24-июнда өтмөй болду. Президенттик жана парламенттик кош шайлоосу эмнеге 60 күндүк мөөнөттө өткөрүлмөй болду? Таййип Эрдоган жана анын АКП партиясы эмнеден коркуп жатышат?

Экономикадагы каталар түрк жаранын ойготууда

Бир нече жыл мурун доллардын баасы 4 түрк лирасынан ашат деп божомолдогон АКШнын Valdosta state universityнин каржы профессору, доктор Элван Акташтын айтмында Түркиянын укуктан, Евробиримдиктен алыстоосу, саясаттын борбордук банктын ишине түздөн-түз кийлигишүүсү, дүйнөнү каратып коюп жеке мүлктү тартып алуусу түрк экономикасынын “өз жанын кыюусуна” алып бара жатат деп баалайт.

“Технологияны сырттан ташыган, эки тонна чайга бир айфон алган мамлекеттин тапкан-ташыганынын баары сыртка кетүүдө, андыктан түрк бийлиги “сырткы күчтөр”, “үстөк лоббиси”, “борбордук банкка чыккынчылар отуруп алган” деген куру улутчул-популисттик сөздөр менен экономикасын түзөп кете албайт. Экономиканын начар экенин саясатчылар билет, бирок алар өз кызыкчылыктары үчүн көз боёмочулук кылууда. Мындай алдамчылык добуш алып келип, шайлоодо жеңишке жеткиргени менен экономикалык чындык буга окшогон саясатты кечирбейт”, - деген профессор, Эрдогандын ката саясаты түрк жаранынын чөнтөгүнө таасир берип, шайлоону ушул жылга жылдыруунун негизги себетеринен болуп калды деп эсептейт.

Өзүн жана жакындарын түрмөдөн сактап калуу

Moon star TV каналына маек курган мурунку Bugün гезитинин кабарчысы Камил Маман түрк ажосу Таййип Эрдоган барган сайын күчтөн тайып баратканынан, бийликти колдон чыгарып жиберем деген ой менен бул чечимге келди дейт. Анын божомолунда калк экономиканын начарлашы, укуксуздуктун айынан чарчап-чаалыгып бийликти алмаштырууну эңсеп баштады.

“Эрдоган бул шайлоого аттанганын негизги себептеринин бири - мындан нары Түркияны Өзгөчө кырдаал (ӨК) менен башкара албашы. Дүйнөнүн кайсыл болбосун жеринде өлкөнү ӨК менен өнүктүрө албайсың. ӨК учурунда тең укуктуулукту, экономикалык өсүүнү, демократияны орното албайсың, өлкөнүн барган сайын кризиске батуусуна себеп болосуң. Эрдоган муну түшүнөт, бирок ажолук макамдан кетээри менен өзү, үй-бүлөсү жана жакындары өмүр бою түрмөдө отураарын билет”, - дейт Маман.

Көз карандысыз Нью-Йорктук журналист Адем Явуз Аслан да Камил Мамандын пикирин улап: “Бул шайлоодо жалгыз Эрдоган эмес, анын бардык тууганы менен табакташтары жеңүүгө мажбур. Алар утпаса майлуу-сүттүү жердин баарынан кол жууп, соттолушат. Бул режимге кол кабыш кылган саясатчы, чиновник, бизнесмен, журналистин баары жоопко тартылат. Түркиянын тарыхында бул далай жолу кайталанган, алардын баарынын калган өмүрү сотто өтөт”, - дейт.

“Сыртта да абал чеке жылытаарлык эмес, - деген журналист, оюн төмөнкүчө улайт, - Эртең-бүрсүгүнү АКШнын Түркияга каршы эмбарго киргизүүсү күтүлүүдө. Америкалык конгресс буга тиешелүү даярдыктарды аяктады. Орусиядагыдай түрк олигархтарынын бизнесине чабуул башталат. Түрк мамлекеттик банктарына миллиарддаган айып пул салынуусу күтүлүүдө. Эрдоган үчүн абал барган сайын оорлошуп бара жатат”, - деп, түрк президенти курган режим сырткы соккуга да кабылаарын божомолдогон. Мындан корккон Эрдоган менен анын АКП патиясы кезексиз шайлоого барууга мажбур.

Тараптардын даярдыгы кандай

Мурунку Bugün гезитинин кабарчысы Камил Мамандын ою боюнча Эрдоган бийликте калыш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колуна алды: улутчул партия менен биригип шайлоого аттанды жана өзүнө таандык эмес акыркы медиа тобун (Доган) жакын адамдарына сатып берди. “Эрдоган шайлоодон качып кутула алмак эмес. 2019-жылы баары бир шайлоого бармак. Ошондуктан шайлоонун эки мөөнөтүнүн коопсузураак деп эсептеген – кезексизине аттанды. Эрдогандын эң негизги күчү – медиа. Бийликте калууда калкты алдаш үчүн медиа эң маанилүү курал экенин ал жакшы билет. Мамлекеттин бардык мекемелери жана мүмкүнчүлүктөрү колунда болсо да медиасыз бийликте кала албайт. Укуксуздук менен адилетсиздикти да медиа аркылуу “туура” көрсөтө аласың”, - дейт журналист. Анын баамында бул шайлоо Түркиянын тарыхындагы эң адилетсиз шайлоо болот.

“Бул жазында шайлоо болоорун журналисттер какшап эле жатты, бирок кезексиз шайлоону оппозиция гана сезбей, алапайын таппай калды, - дейт көз карандысыз журналист Адем Явуз Аслан. - Эрдоган АКПнын райондук жыйындарына чейин катышып, күрд саясатчыларды каматып, Африн шоусун ишке ашырып, акыркы күчтүү медиа топту сатып алып, интернетти чектеген мыйзам чыгарып, шайлоо мыйзамын өзгөртсө да оппозиция мурдунун учуна чейин келген шайлоону көрбөй отура берди”. Нью-Йорктук журналисттин баамында оппозициянын мынча кыска мөөнөттө медиа аркылуу шайлоочуга жетиши мүмкүн эмес.

Шайлоо жана шайлоонун эртеси

Адем Явуз Асландын айтымында Түркия адаттагы президенттик шайлоого эмес саясий режимди толугу менен өзгөрткөн шайлоого баратат. “Түркия жарандык согуштун босогосуна келди. Эрдоганга каршы аттана алчу жалгыз талапкердин короосуна аскердик генштабдын башчысы тик учак менен конуп, шайлоого катышуудан баш тарттырды. Мындан сырткары ИИМ бийликтин чокмор башы болуп, каршы келген киши карган кемпир же студент болобу баарын жанчып жатат. Ошондуктан оппозиция адилеттикти талап кылуудан сырткары, адилетсиздик болсо эмне кылаарын да ойлонуп коюусу зарыл. Эрдогандын нерви чыңалып, үгүт жана шайлоо убагында көп ката кетирчүүдөй болуп калды. Опозициянын ага каршы колдончу аргументтери көп. Эрдоган өмүрүндөгү эң маанилүү шайлоого катуу даярданды. Адилетсиздиги эч нерсе менен чектелбеген шайлоо болот. Мамлекет менен медианын бардык күчү, шайлоо мекемеси да бир талапкер үчүн иштейт. Анын жыйынтыгын текшерчү механизм да жок. Ошон үчүн оппозициянын шайлоого гана эмес, шайлоо бүткөн 24-июнь кечине даярдыгы да манилүү. Бул кеч режимдин тагдырын да, Түркиянын келечегин да өзгөртөт. Оппозиция адилеттикти талап кылган мыйзамдуу бардык нерсеге даяр болушу керек”, - дейт нью-йорктук журналист.

Камил Мамандын айтымында Түркия үчүн Эрдогандын шайлоону утуп алуусу канчалык коркунучтуу болсо, утпай калышы андан да коркунучтуу, анткени Эрдоган макамынана ажырай албайт, ажырабайт да. “Уткан, башкача айтканда, жүздүн элүүсүнөн көп добуш алган талапкер тарапташтарын кантип кармап кала алат? Эл көтөрүлүп кетсе, Эрдоган аны күч менен тосуп алышы толук мүмкүн. Телефон сүйлөшүүлөрүнөн анын канчалык укуксуздукка бараарын көрдүк. Эрдоган өзүнөн болбогон эч кимди жашатпайт. Ага каршылар биригип, бул эч бир жакшылыгы калбаган пас адамды ажолук макамдан түшүрүүлөрү керек, - дейт мурунку Bugün гезитинин кабарчысы. - Эгер бул шайлоодо утса “мен Өзгөчө кырдаалдан да катуу бийлик орнотуумду каалаган калк тандаган жетекчимин” дейт”.

Саясий катаны кечирбеген экономика

Каржы профессору, доктор Элван Акташ: “Бийликке жакын кишилер акчаларын Түркиядан 2013-жылдан бери ташып чыга баштады. Муну көргөн ишкерлер да бизнесин сыртка чыгарып кирди. Азыр өлкөдө күчтүү компанияларынын сөлөкөтү гана калды, активдеринин көбү сыртта. Шайлоо алдында экономиканы жандуу кармап туруш үчүн өкмөт мамлекеттин кепилдиги алдында Кытай менен Гонконг сыяктуу жерлерден спекулятивдик 14-15 пайыздык насыя алып, арзан үстөк менен өзүнө жакын киши жана компанияларга таратып жатат. Ортодогу айырманы, албетте, калк өтөйт. Ошондуктан дүйнөнүн каржы мекемелери түрк өкмөтүн гана эмес, жеке секторун да оорулуу катары карай баштады. Түркиянын экономикалык машинасы жакында реалдуулук дубалын сүзүшү күтүлүүдө”, - деп, каталарды эч качан кечирбеген экономика 24-июндагы шайлоодо жана андан кийин Эрдоган жана анын партиясынын эң чоң баш оорусу болоорун кайталайт.