Ислам дүйнөсү

​Ислам жана террордук аракеттер

11 мая 2018 г. 23:31 350

Аты өчкүр “сөз“ бар укканда адам баласынын үрөйүн учурган, жүрөгүнүн үшүн алган, ички дүйнөсүн кымкуут кылып, тынчын алып, сарсанаага батырып уктатпай, бул балээ качан жоголот, качан токтойт, тынч, бейпил жашоо болобу деги дегенчелик даражада үмүтүн үзүп, жада калса мээримдүүлүк, боорукерлик, адамкерчилик деген сапаттарын унутуп, тегерегиндеги адамдарды кооптуу көрүп, жок жерден шектенип, башкаларга карата жек көрүү сезимдери ойгонуп, өзүнөн башканы душман катары көрүүгө чейин түрткөн бул аты өчкүр сөз - “терроризм”.

Террордук ишти ким аткарса да терроризимдин ортого чыгуусуна себеп жана ага түрткү болгон кандай шылтоо (себеп) болбосун, мындай канкордугун актай албайт. Заманбап укукта жана шарыят укугунда, ошондой эле баардык диндердин жоболорунда да адам баласынын өмүрүнө, үй бүлөсүнө, мүлкүнө, иштеген ишине, турмуш жолун тандоо ыктыярына, ой пикирине коопсуздук туудуру – эң чоң кылмыштардын катарында эсептелет.

Терроризимдин таандык болгон улуту, расасы, дини, мамлекети жок экендиги маалым. Бул кылмышты ишке ашырган канкорлор кайсы өлкөгө, кайсы динге таандык болбосун жалпы эле жер шарындагы адам баласына чоң кыянат кылган болуп эсептелет. Коомчулуктун тынчын алган, чочутуп үркүткөн, адам баласынын өмүрүнө коркунуч алып келеген, келечекти бүдөмүк кылган террорчу жеке адам болсун, бир идеологиянын айланасында чогулган топ болсун, керек болсо саясий кызыкчылыгы үчүн бул жолду тандаган мамлекет болсо да наалат айтылган, Жараткандын каарына калган деп эсептелет.

Акыркы 40 жылдын ичинде терроризм, экстремизм дегенде биринчи эле ойго келген - өзгөчө батышта - сакалчан, куралчан. селде чалынган адамдын сөлөкөтү, тагыраак айтканда, жалпы эле мусулмандардын, өзгөчө араптардын элеси келет. Себеби Аль-Каида, ИГИЛ сыяктуу террордук топтордун акактан да таза ислам динин жамынып, жеке кызыкчылыктары же саясий буюртмалардын негизинде кылган кылмыштары буга себеп болууда.

Терроризимден батыш дүйнөсүнө караганда ислам дүйнөсү, өзгөчө араб өлкөлөрү эң көп жана оор жапа чегет, өтө чоң жоготууларга учурап келет.

Терроризимдин ислам дүйнөсүндө оңой олтоң кулач керүүсүнө себептер өтө эле көп. Эң негизгилери катары коомдун социалдык жана экономикалык абалы жана жаштардын илим-билимден узак болуусу, жада калса тутунган динин жакшылап терең маани-маңызын түшүнбөгөн түркөйлүгү, ошону мене бирге жумушсуздук, бекер оокат менен жеңил акча табууга умтулуусу, эбегейсиз чоң убадалар берилип, аларга азгырылуусу, кээ бирөөлөрүндө динине, элине кызмат кылам деген ой менен жаман-жакшыны ылгай албай, туура эмес багыт берген топторду ээрчип терроризимдин тузагына илинип, ою, акылы, пикири ууланып, өз элине заар чачып, зыян берип, зар какшаткандар болгондой эле атайлап ислам динин каралаганга ниеттенгендер да жок эмес. Бул жерде өзгөчө көңүл бурула турган абал, ислам дүйнөсү бул канкордукту, террорчулукту көп жашагандыктан көнүмүш адатка айланып жашоосунун бир бөлүгү катары кабыл алуусу жана ага каршы бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып бирдиктүү күрөш жүргүзө албагандыгы да өтө кооптуу бир көрүнүш. Ибадатканаларда, эл көп топтолгон коомдук жайларда, коомдук транспорттордо террордук окуялар болуп көп сандагы курман бергенден кийин бир канча күн медиада кабар катары гана берилип терроризмге каршы кандай күрөшүү керек, терроризмдин тамырын кыркууда алдын ала чара көрүү жана ага түрткү болгон факторлорду кантип жоюу керектигин жалпы элге тажабастан кененирээк түшүндүрүү иштери болбогондуктан, тилекке каршы терроризм жөнөкөй күнүмдүк окуя катары же кабар катары гана калуусу себеп болууда. Башта айтканымдай терроризимден аябай жабыркаган ислам дүйнөсү болууда. Бир тараптан террордон жабыркаса, башка тараптан террорист катары мамиле көрүү да өтө оор абал болсо керек.

Өлкөбүз, Алла Таалага шүгүр, бул балээден алыс , бирок кээ бир жаштардын террорчулардын тузагына илинип ИГИЛ сыяктуу топторго кошулуп кетүүсү албетте бизди тынчысыздандыра турган маселе. Албетте элинин 80%дан ашыгы мусулман болгон өлкөбүздө динин үйрөнүүгө умтулгандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Мындан улам жаштарга жана жалпы эле элге жеткириле турган маалымат – Ислам дини менен зордук-зомбулукту, терроризмди чаташтырбоосу керек. Парасаттуу, илим билимдүү, интеллектуалдуу чөйрө терроризм менен Ислам дининин эч кандай алакасынын жоктугун так билсе да, ислам дини менен терроризимдин бирге аталышы карапайым калктын башын маң кылууда, жада калса медиа тарабынан байма-бай “исламдык террорчулар” деп аталуусу кулакка сиңип, кээ бир интеллегенттердин да зээндерине акырындап сиңүүдө.

Адам баласынын дүнүйө жана акырет бактылуулугу үчүн анын жашоосундагы баардык катмарларга чейин жол-жобо, эрежелерин үйрөтүп, актыкка, тазалыкка, тактыкка, адам баласынын укугун, керек болсо жаратылыштын, айлана чөйрөнүн, жан-жаныбардан бери баардык жаратылыштын акысын, укугун коргоп, таламын талашкан Ислам дини эмнеден улам бул балээ менен чоогу аталууда? Бул темада Ислам дини эмне дейт, Ислам динин эң негизги булагы болгон Куранда жана Ислам динин адам баласына үйрөтүүдө улуу жол башчы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллалаху алейхи ва саллам) хадистеринде жана жашоосунда терроризмге каршы эмне деген, буларга токтолуп, аныктап билүү жана исламдын бул жаманаттуулуктан узак экендигин баяндоо ар бир мусулмандын жана ынсаптуу адамдын милдети деп ойлойм.

Албетте бул теманын тегерегинде Ислам дининин айтчу сөзү, жана терроризмге, жалпы эле экстремизмге жана зордук-зомбулукка каршы карманган позициясы бар. Жогоруда кыскача айтылгандай, кой терисин жамынган карышкырдай болуп ислам динин жамынып, террордук уюмдарды жана жамааттарды түзүп, исламга тиешелүү ураандарды колдонгон ИГИЛ, Аль-Каида сыяктуу топтор ислам динине жана мусулмандарга, жалпы эле адам баласына берген зыяндары булардын эч кандай ислам дини менен тиешеси жоктугу жана анын жалгыз кана жеке саясий кызыкчылыктардын тегерегинде экендигин далилдейт, керек болсо Ислам динин атайлап эле каралоо үчүн курулган уюмдар экендигин да ойго салат.

Адилеттүүлүкө, биримдике, ынтымака, толерантуулука, адеп-ахлакка, адамкерчиликке тиешелүү баардык баалуулуктарга үндөгөн динде зордук-зомбулуктун, терроризмдин эч кандай орду жок экендигин билебиз. Ыйык Куранда адам өлтүрүү, кан төгүүнүн, жалпы эле адам баласына карата кылынган эң чоң кылмыш экендигин баяндайт. Маида сүрөсүнүн 32-аятында: “Ким акысы болбой туруп бир жанды кыйган болсо, жер жүзүндөгү адамдардын баарын өлтүргөн менен барабар, жана ким бир жандынжашоосуна, өмүрүн улантуусуна себеп болсо, жер жүзүндөгү жандардын баарынын өмүрүн сактап калгандай болот”, - деп баяндалгандай адам өмүрүнүн канчалык маанилүү экендигине басым жазайт.

Ошондой эле Бакара сүрөсүнүн 190-аятында: Силерге согуш жарыялап кол салгандарга каршы өзүңөрдү коргоп согушкула. Бирок согуш учурунда чектен чыкпагыла (аялдарга, балдарга, кары картаңдарга, курал-жарагы жок жарандарга кол көтөрбөгүлө), албетте Алла Таала чектен чыккандарды сүйбөйт”, деп баса белгилеген. Жада калса кырчылдаган согуш учурунда да душмандын жакындарына, курал-жарагы жок, кол көтөрбөгөн адамдарга тийишпегиле, жолобогула деп эскертет.

Жалпысынан Куранда Алла Таала киши өлтүрүү, кан төгүү, зордук зомбулук, адамдарды коркутуп-үркүтүү, мал мүлкүнө көз артуу, адам акысын жегенди эң чоң күнөөлөрдөн экендигин баяндайт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) көптөгөн хадистеринде бирөөнүн жанын кыюу эң чоң күнөө экендиги жана канкордун түбөлүк тозокто калаарын баяндайт. Ошондой эле пайгамбарыбызды жок кылуу максатында түрдүү оюндарды ойногон каапырлага пайгамбарыбыздын жылуу-жумшак мамилеси, керек болсо аларга белек-бечкек берип мамилени оңдоо, ынтымак үчүн баардык позитивдүү аракеттерди жасаганы адам баласын тарбиялоо максатында экендиги айдан ачык. Пайгамбарыбыз: “Албетте мен эң жакшы адеп-ахлактарды толуктоо үчүн жөнөтүлдүм”, - деп баяндайт. Адамдарга жакшы мамиледе болууга үндөгөн жада калса жаратылышка да аяр мамиле кылууну үйрөткөн пайгамбарыбыздын сүннөтүн, сахабалардын жашоосун, алардын адам акысын, укугун туу туткан иш-аракеттерин билбеген, билгиси келбеген, психикалык оору менен ооруган ИГИЛдин мүчөлөрүнө окшогон түркөй жан-кечтилер ислам динине ушунчалык чоң кыянаттык кылышты. Шарияттын максаттарын деле карасак адам баласынын жашоосунда эң маанилүү беш нерсени сактоо, коргоо керектигин баяндайт. Алар:

  • Жан
  • Акыл
  • Урук тукум (намыс, аял)
  • Мал мүлк
  • Дин

Жалпысынан шарыяттын мазмуну, эрежелери ушул беш нерсенин айланасында гана айланат. Демек ислам дининин шарыяты адам баласынын жанын, акылын, урук тукумун, мал -мүлкүн, динин коргоо керектигин талап кылып жатса, халифат курам, шарыят менен өкүм сүрөм деген жалганчы канкор топтор адамды тирүүлөй өрттөп, кыз-келиндерди зордуктап, миңдеген күнөөсүз адамдардын канын төгүп, миллиондогон адамдарды жашаган жеринен качууга мажбур кылып, адам укугун тебелөө сыяктуу оор кылмыштарын жашырып-жабуу үчүн Жихад, Дин, Ислам мамлекети, Халифат өндүү ураандарды колдонуп башкаларды алдоо канчалык чоң күнөө экенин билишпейби? ИГИЛ жана ага окшогон айыккыс ооруга чалдыккан жанкечтилер адам канын төгүп, динди жеке кызыкчылыктары үчүн буюм катары оңго-солго сатуусу жана элди ислам дининен суутуп, үй бүлө жана коомдун ортосуна бүлгүн салып “бизге баш ийбеген, пикири менен ою бизге окшобогон мусулман эмес, өлүмгө татыктуу, мал-мүлкү, аялдары олжо” деп, ал аз келгенсип бул жанкечтиликти, зулумду аткарсак бейишке киребиз дегендери алардын мусулманчылыктан таптакыр эле узак экендигин көргөзүүдө. Эч тартынбастан ислам динин жамынган террордук уюмдардын ислам дини менен эч кандай тиешеси жок экендигин, мусулман болгон күндө да жеке же саясий жана башка максаттарына ислам динин садага чаап, ошону менен бирге Алла Тааланын буйруктарына каршы келген чоң кылмышкерлер экендигин так айта алабыз.