Борбор Азия

​Кыргызстанда автократиябы же либералдык демократия жеңеби

11 мая 2018 г. 19:08 1001

Советтер Союзу урап, коммунисттик идеологияны карманган мамлекеттин көбү демократиялык системага өтө баштаганда белгилүү америкалык ойчул Френсис Фукуяма “Тарыхтын бүтүшү” аттуу китебин жазып, дүйнөдө либералдык демократиялык башкаруу толук жеңди деген оюн айткан. Бирок Борбор Азия чөлкөмүндө “демократия аралчасы” катары таанылган Кыргызстанда өз эрки менен эркиндигин кандайдыр бир идеологиянын өкүлдөрүнө тапшырып коюп, тынч жашап өтөйүн деген жарандар дагы эле аз эмес.

Кыргызча либералдык демократия

Либералдык демократия (ЛД) орногон мамлекетте башкаруучу идеология болбошу керек, бардык маселелер коомдук талкуудан өтүп, толеранттуулуктун (бири-биринин пикирин сыйлоо) негизинде чечилет экен. ЛДнын принциптери кыргыз коомунун принциптерине төп келет дегени менен эмне үчүн дүйнөдө ийгиликке жетет деген ЛД Кыргызстанда тамырлашып кете албай жатат?

Либерал-демократтар колдонгон терминдер менен түшүнүктөрдүн көбү англис тилинде болгондуктан, учурда алардын кыргыз тилинде түшүнүктүү жеткирүү өтө маанилүү деген ойдо жарандык активист Мирсулжан Намазаалы. “Либералдык демократия тууралуу кеп кылынган бардык аянтчалар бул маселеге башын оорутуусу керек. ЛДнын терминдери менен идеяларын ошол бойдон кабыл алуу кыргыздар үчүн оор болуп жатат. Бирок ЛД – бул азаттык жана эркиндик. Ал жеке жарандын эркиндигин коргоо үчүн түзүлгөн система.

Жеке эркиндиктен кийин экономикалык жана саясий эркиндик талап кылынат десек түшүнүктүүрөөк болот. Биздин “Манас” эпосубузда да бул үчилтик эркиндиктин корголгонун байкайбыз. Мисалы кыргыздар Алтайга көчкөндө жеке эркиндигин колдонуп, эгин эгип, кен казып кара-калмактын ичинде тез эле экономикалык эркиндикке жеткен. Андан кийинки казаттын баары саясий эркиндик үчүн болгон десек жаңылбайбыз”, - дейт Намазаалы.

“Кереге” фондунун мүдүрү Искендер Ормон да кыргыз коомуна эзелтен чоочун болбогон адам укуктары менен либералдык демократиянын принциптери акыркы кылымдарда батыш өлкөлөрүндө турмушка ашып, теория катары кайтып келгендиктен, аларды кабыл алуудан чочулаган жарандарыбыз арбын деген ойдо. Ал дагы “бул баалуулуктарды эл түшүнгөн сөз жана сюжеттер менен жеткирүү жолдору талкууланышы зарыл” дейт.

Кишиге либералдык демократиябы же авторитардык жакынбы

Жакыр өлкөлөрдөн агып кирип жаткан мигранттардан чочулоо ЛД туруктуу орноду деген батыш өлкөлөрүндө экинчи дүйнөлүк согуштан кийин уктап жаткан улутчулдук сезимин ойготту. Ошол эле АКШда “ачууланган ак жуумал эркектердин” талапкери Дональд Трамп келип, бир нече саясий жана экономикалык чектөөлөрдү киргизүү аракетинде. Мигранттардан чочуган британ эли Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берди. Батыш Европанын эң күчтүү мамлекеттери эсептелген Франция менен Германияда улутчул партиялар менен кыймылдар чымкый либерал-демократиялык партиялардын аркасынын сая түшүп калды. Кыргыз Республикасы эң жакын алака түзгөн мамлекеттер Союз кулап, өзүнчө түтүн булаткандан бери авторитардык жолдо.

Жогорудагы фактылардын баары кыргыз либерал-демократтырын кайгыртпайт. Алардын бири, Борбор Азиядагы америкалык университетинин мугалими, саясат таануучу Сейтек Качкынбай да адамзат бир тараптуу гана багыт менен – авторитардык башкаруудан либералдык демократияга кетип бара жатат деген ойдо. Ал багыттан убактылуу гана кайтып, кайра “туура” багытты карманган өлкөлөр да бар экен. “Кыргыз Республикасында ЛДны колдогондор аны турмушка ашыруунун ойлору жана жолдорун бири-бири менен талкуулашы гана керек, - дейт Сейтек мырза. – ЛДны - өз ыктыярыбыз менен бир нерсени тандап, аны ишке ашыруу үчүн өзүбүзгө өзүбүз шарт түзүү десек болот”.

“Өз алдынча тандоо жеке жана коомдук жашоонун бардык тармактарында болушу керек. Бирок мунун баарын мыйзам үстөмдүгү менен сот системасынын адилеттүүлүгү жана көз-карандысыздыгы кепилдеп турушу зарыл. Орток эрежелерди бузгандарды жоопкерчиликке тартуунун жалгыз жери сот болушу керек”, - дейт саясат таануучу.

Бала чагынан сабактарды жаттап айтып бергендерди жактырбаган жана маселени түшүнүү үчүн баа коюлбаса да түшүнүп туруп анан кабыл алуу же кабылдабоо маанилүү деген ЛДны жактаган Kyrgyz Concept компаниясынын президенти Эмиль Үметалиев кандайдыр бир идеологияны жактагандар биздин акыл-эсибизди, андан кийин өзүбүздү да бийлеп албашы керек деген ойдо. “Биз жанталашып ЛД принциптерди карманган мамлекеттердин өндүрүмүнө көз артабыз, бирок өзүбүз кантип ушундай өндүрүмдү чыгара алган кишилерди жана коомду калыпташыбыз керек экенинин ойлонбойбуз. – дейт Э.Үмөталиев. - Биз адамдын кызыкчылыгына кызмат кылган өлкө менен коомдорду жамандап келебиз. Жеке, өзүм билемдик менен башкарууну каалаган топтордун таңуулоолоруна барган сайын кайра көнүп бара жатабыз. Ал таңуулоолор аркылуу кишини багындырып, акыл-эсин туткундоо аракеттери бар.

Эркин ой жүгүртүү либерал адамдын негизги сапаты

Искендер Ормондун айтымында адамдар конспирологиялык эмес эркин жана сын өй жүгүртүүсү зарыл.

“Чыныгы жана толук жашоо адам эркиндигин баалаган ЛД мамлекеттеринде болот, - деген Мирсулжан Намазалы оюн, - Мен көнүмүш идеологияга баш ийген коому бар коңшу мамлекеттерге барганда алардагы эркиндиксиздикти кадимкидей сезем, - деп аяктады

Эмил Үмөталиев эч ким идеалдуу эмес, эч бир пикир да идеалдуу эмес деген ойдо. “Бир идеологияны жаттатып, кайталатып, багындырып алган система акыры өзүн да жеп бүтөт. Акылга салып, акылга сыярлык күмөн саноо өтө зарыл. Мындай коомдук система өзүн дайыма жаңыртып, дайыма утуш жолун таап кете алат. Биз кичине баланын сөзүн, пикирин жана эркиндигин чектегендиктен, оппонентинин пикирин сыйлабаган, уккусу келбеген жана анын пикир айтуу эркиндигин коргогусу келбеген башкарууга кабылып жатабыз”, - дейт Kyrgyz Concept компаниясынын президенти.

“Илимдин биринчи эрежеси – ким тарабынан жана кандай пикир айтылбасын ага шек саноо менен кароо. Кандай болбосун башкаруунун пикиринде жеке кызыкчылыгы болот, ошондуктан көзөмөл маанилүү”, - дейт Сейтек Качкынбай

Либералдык демократия толеранттуулукту жактаса да авторитардык идеологияга жеңдирип жибериши мүмкүн. Учурда Чыгыш Европанын, бийлиги бир да мигрантты кабыл албай жаткан, Венгрия сыяктуу мамлекеттеринде авторитардык башкарууга кайтуу бар.

Ошондуктан Мирсулжан Намазаалы айткандай: “Либерал-демократиялык баалуулуктар кишилердин күнүмдүк турмушуна жардамы тийиши керек”.