Кытай/Индия

​Жаңы Кытай жана анын дүйнөгө тийгизген таасири

9 мая 2018 г. 8:10 1083

Мындан бир аз убакыт мурун Кытай тууралуу маалыматтарда чу дегенде эле төмөнкү маселелер көрүнчү: түрмөдөгү оппозиция (айрыкча журналисттер); оор иш шарттарында кишилерди өндүрүш машинасы сымал колдонуп мындан улам арзан жумуш күчүнө ээ болуусу; дүйнө саясатында Батыш менен кызыл чеке тирешүү; глобалдык соода-сатыкта бааларды барган сайын түшүрүп артыкчылыкка ээ болуу аракети... Бирок бүгүн Кытай жөнүндө башкача сөздөр айтыла баштады.

Президенти Си Цзинпин баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, өмүр бою ажолукта калуусун кепилдеген болсо да Кытай эл аралык системага башкача таасири бере баштады. 65 жылдан кийин Корей согушунун аяктаганынын символуна айланган Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлеринин бири-бирин кучактаганы, эч күмөнсүз, Кытай дипломатиясынын жеңиши. АКШнын президенти Дональд Трамп бул ынтымактын негизги себепчиси болуп көрүнгүсү келгени менен Кытай мындан кийин “түзүм бузган” эмес, “түзүм калыптаган” өлкө катары көрүнгүсү келгенин билдирди.

Мындан сырткары Кытай жаңы технология тармагында “баш тарткыс” өндүрүүчү катары алдыга чыкты. Өткөндө Apple фирмасынын генералдык мүдүрү Тим Кук иш-чараларынын биринде өндүрүмүн Кытайда чыгарууга мажбур экенин, анткени керектүү сан менен сапаттагы жумушчулар башка бир да өлкөдө жок экенин айтты. Бул Кытай экономикасы бекем пайдубалга орногон мамлекетке айланганын ачык көрсөтүп турат. Тармптын америкалыктардын таанымал бренддеринин баарын АКШнын өзүндө чыгарууга мажбурлаган долбоору суу кечпеси эмитен көрүнүп калды.

Батыштын ЖМКларында 4-5 жыл мурун чыккан анализдер көбүнчөсүн кийинки күтүүлөрдү билдирчү: кытайлар тез байыгандыктан колунда бар орто тап көбөйөт жана алар бийликтин башын барган сайын көбүрөөк оорута башташат. Андан ашып түшүп, жарандык согуш же кан менен коштолгон бийлик талашын күткөндөр да бар болчу. Ооба, мындай сценарийлер болушу мүмкүн эмес деп айтуу кыйын, бирок Кытай бийлиги буга каршы “бир денеге” айлануу пландарын ойлонуштурууда.

Тышкы саясатта болсо XIX кылымдагы Британ империясынын колониалдык саясатына окшоп кеткен, бир гана коммерциялык пайданы көздөгөн Кытай, буга чейин АКШ менен Евробиримдик өлкөлөрү үстөмдүк кылган Азия менен Африканын базарларын колго алуу аракетине өттү. Батыш мамлекеттери сыяктуу “демократташтыруу миссиясы” менен иши жок Кытай бул аймактардын жекечил бийликтери менен жакшы тил табышып кетүүдө.

Батыштын академиялык билимдеги монополиясын дале буза албай жаткандыгы Кытайдын эң алсыз тарабы бойдон калууда. Батыштан сырткары башка мамлекеттер сыяктуу эле жаш мээлерин окуш үчүн Батышка жиберет, бирок алардын көпчүлүгү өлкөсүнө кайтпастан, ал жакта калууну артык көрүшөт.

Кытай бийлигинин маалымат монополиясын орнотуу, бир борбордон башкаруу жана коомдун үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү аракеттерин авторитардыкка жакын өлкөнүн баары төрт көздөп карап турат. Технология тармагындагы ачылыштар өлкөнү дүйнөнүн кызыгуу чордонуна чыгарып, АКШ жана Евробиримдикке атаандаш мамлекетке айлантууда.

Бирок жогорудагы ийгиликтерге карабастан Кытай дүйнөнүн жаңы лидери боло албастыгын түшүнүп турат деген ойдомун. Айрыкча бул бир нече он жыл ичинде ишке ашып кетчүү нерсе эмес. Дароо лидерликке умтулуунун ордуна Кытай алысты көздөгөн максат коюп, ыгы келген сайын бир кадам гана таштап, таасир берген аймагын кеңейтүү аракетинде. Африка мындай кылдат тактиканын пилоттук долбоору болуп калды.

Сириялык кризис жанданбаганда АКШнын тышкы саясатынын негизги күндеми Азия чөлкөмүндө Кытай менен тирешүү болмок. Жакынкы Чыгыш кайра негизги маселеге айлангандыктан, америкалык дипломатия мүмкүнчүлүктөрү артып бара жаткан Борбор Азия үчүн да атаандаштыкты уттуруп барат. Учурда АКШнын өз күндеми менен ашкере алек болгону да кайра эле Кытайдын бул аймакта мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенге шарт түзүп жаткандыгын баса белгилеш керек. Мындан сырткары Трамптын Кытайга каршы киргизген соода-сатык санкциялары, Кытайдын жооп катары Батыш өлкөлөрүнө ошол эле экономикалык тармактагы жооптору, атаандаштардын мындан кийин да бири-бирине бут тосоорунан кабар берип турат.

Бул заманда Кытайдагы сөз эркиндиги же адам укуктары тууралуу тартышуу мүмкүн эмес. Режим өзүнө каршы келет деп чечкен кишини же улуттук азчылыктарды жазага тартуусун улантууда. Адам укуктарына келгенде абал айрыкча оор. Кытайдын коопсуздук күчтөрү жарандарынын үстүнөн электроникалык аңдуу аркылуу көзөмөлдү арттыраарын билдирди. Күчтүүлөрдүн өз “чындыктарын” таңуулаган ушул чакта интернет аркылуу коомдук-маданий тармакта да Кытайдын таасири барган сайын күчөп кете берээрин эстен чыгарбоо керек.

Искендер Дервиш, tr724.com, Түркия