Орусия

Орус тарыхчы Путиндин жаңы мөөнөтүнө: Катуу алдастап калат дебегиле

7 мая 2018 г. 14:29 2713

Орусиялык тарыхчы Юрий Пивоваров чын эле Орусия Батыштан үзүлөбү, Путиндин төртүнчү мөөнөтү кандай болоорун, учурдагы заман сенек дооруна эмнеси менен окшобосун түшүндүрдү

Юрий Пивоваров – орусиялык илимдер академиясынын академиги, тарыхчы, саясат таануучу жана Коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун мурунку директору. Бүгүн, 7-майда төртүнчү мөөнөтүнө аттанып жаткан Владимир Путиндин ант мааракесинен кийин Орусия каякка багыттанат, Батыш менен мамилеси жана өткөн доорго эмнеси менен окшобогону тууралуу кеп салды.

- Инаугурацияга бир ай калганда, “Россия в глобальной политике” журналына президенттин жардамчысы Владислав Сурковдун “Аргындын жалгыздыгы” атуу макаласы чыкты. Анда “Орусиянын Батышка даңазалуу саякаты” аяктаганын жактаган Сурков: “Александр Үчүнчүнүн айтылбай калган “Орусиянын эки гана союздашы бар, алар – армия жана флот” деген сөздөрү геосаясий жалгыздыктын эң жеткиликтүү метафорасы, ал небак тагдыр катары кабыл алынышы керек эле”, - деп жазган. Сиз бул баам менен макулсузбу?

Юрий Пивоваров: - Владислав Сурков таланттуу адам экени талашсыз. Бирок ал саясатчы болбогондо, буга күлсөк болот эле. Бул пикир жүз жыл мурунку орус интеллигенттеринин көңүл бурулбай калган сөзүн гана кайталоо. Александр Үчүнчүнүн батыштан бөлүнгүсү келген деш ката. Ал башында герман, австро-венгр жана орус императордук үчилтикке кирген. Андан кийин Европанын ортосундагы державалар менен күрөшкөн Антантаны калыпташ үчүн, императорун кууп чыккан француз төңкөрүшчүлөрүнүн ыры болгон “Марсельезаны” какайып уккан.

Орусия, албетте, Германия, Польша, Чехия сыяктуу өз алдынча цивилизация. Эч талашсыз, тарыхы, географиясы, аба ырайы сымал көп нерсеси Орусияны Европадан алыстатып турат. Бирок биз жалпы христиандык цивилизациянын бир бөлүгүбүз, ал баарынан маанилүү. Орус маданияты, эч күмөнсүз, европалык. Биздин Чыгышка жортуулубузга келсек, биз качан аякка барганыбызды билбейм. Байыркы Русь Алтын Ордонун алдында калып, анын бир бөлүгү болуп, көп нерсе мурастап алган, бирок биз ошол эле учурда Византия менен Киев Русунан да көп мурас алганбыз.

Орусия табиятынан европалык держава. Ага Кёльн тараптан карасаң, Европа эмес. Пекинден караганда Батышка жакын. Бул “өзгөчө жол” тууралуу кептин баары тарыхий-саясий өңүттөн алганда күлкүлүү, бирок өтө акылдуу жана маалыматтуу, англисчени жакшы билген, аялы Тегеранда эмес Лондондо жашаган таасирдүү саясатчы жана идеологдун оозунан укканда жылмая да албайсың.

- Путиндин акыркы алты жылдыгын кандай жыйынтыктайт элеңиз? Ал эмнеси менен тарыхка кирет?

- Албетте, Крым да, Украина да, Батыштан үзүлүү да, жашоо деңгээлинин төмөндөшү да, инфляция, рублдин түшүүсү, жеке жашоого, университеттерге, илим академиясына, көз карандысыз банктык системага кийлигишүү, оппозициянын бириге албашы (шайлоо муну көрсөттү) – мунун баары жаман. Бийлик үчүн бул шайлоо шаңдуу жыйынтыкталды. Путин биринчи жолу, айрыкча жаштардын арасында оппозициясы күч болгон, чоң шаарларда чын эле жеңип чыкты.

Кандай болбосун адам бийликке мас болот. “Единая Россия” партиясына жакын “Стратегия России” журналындагы, Америка Арктика аркылуу урулган өзөктүк соккуну тосуп калса, биз Антарктика аркылуу согобуз, деген жазуу чочутат. Совет доорунда мындайды идеологдор да, генералдар да айткандан тартынчу.

- Муну күн мурунтан көрсө болот беле?

- Ойлонуп тим болушса “ии” дейт элең, бирок бул сүйлөнгөндө оозуңду ачып эле сенейип калат экенсиң. Кандай болбосун алдын ала божомолдоо кооптуу, анткени баары түрдүү себептерге байланыштуу. Алар же үмүт, же үмүтсүздүккө түрткөнү кооптуу. Мен мисалы, кийинки жылы жазында Кремлде жашыраак бир киши пайда болуп, дүйнөнүн тең салмагын козгоп жиберет деп 1984-жылы жайында айта албайт болчумун.

- Кандай болбосун, Владимир Путиндин президенттик жаңы, төртүнүчү мөөнөтү башталып жатат. Орусия кандай өнүгөт?

- Бизге окшоп эле Владимир Владимирович жыл өткөн сайын жашарган жок, улгайган сайын кишилер консервативдүү боло башташат. Муну жаман деген жокмун, бул туруктуулук алып келет. Кандайдыр бир шашмалактаган алдастоону күтпөш керек. Орусияда толугу менен батышка каршы улутчул идеология жеңип кетпестир. Бийликтин шумкарлары да муну каалашпайт.

Экономикада кандайдыр бир секирикти күтүүгө болбойт ко, жылына бир жарым пайызга өсүүнү “өсүү” деш деле кыйын. Биринчи дүйнөлүк согуш башталган 1914-жылы Орусиянын дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 7,4% болчу. Коомунисттер доорунда совет экономикасы америкалыктын 60 пайызына жетип турчу. Учурда ал америкалыктан 8-9 эсе аз, дүйнөдө эки пайызга да жетпейт.

- Эгер премьерлик мөөнөтүн кошсок, Путин 18 жыл бийликте – Брежневдики менен теңелип, Сталиндикине көздөй бет алды. Тарыхчылар салыштырууну жактырбайт, бирок кимдин дооруна жакын?

- 2024 – финиш деп ким айтты? Конституцияны өзгөртсө болот, көбү аны буга түрткүлөй башташты. Бирок Сталин менен окшоштугу жок, баары башкача. Брежневге салыштырсак да окшош жерлер аз. Бул башкача режим, мен мунун пайда болоорун күтпөпмүн. Мында менин тарыхчы гана эмес, саясат таануучу катары алсыздыгым байкалып турат.

Көрсө таарых бардык академиктен да куу тура. Брежнев доорунан айырмасы төмөнкүдө да байкалат. 1970-1980-жылдары коомдо чоң гуманисттик дарамет бар болчу. Интеллигенциянын көбү европалык гуманисттик баалуулуктарга багыттанып турган. Ишенбөөчүлүк, чарчоо, коркуу да бар болсо, жаз жыттангансып турчу. Азыр тескерисинче – чектен ашкан жаалдануу. Кишилер волоколам эмес француз сырын жактырып, Жигули эмес BMW айдаса да батышка каршы маанай күч. “Лексустан” түшө калып эле бир балээни сүйлөп киришет... Бул коркунчутуу.

- Бул адамдар кийин саясий чечим чыгарышат...

- Мен ток-шоуларга каттаган идеологдор жөнүндө айтып жатам. Телевизорду эбегейсиз көзөмөлдөп, кишилерди жинди кылып жатышат. “Аа, алар каргандар, жаштар интернетте отурушат” дешет, кайдагы! Мен МГУ менен МГИМОдо сабак берем, ал жерде жарды эмес, орто жана жогору тургандардын балдары окуйт. Алардын баары улутчул болуп кетишкен. Жаштар интернетти гана эмес телеберүүлөрдү да көрүшөт.

- Кандай деп ойлойсуз, Орусия Батыштан алыстоонун акыркы чегине жеттиби?

- Тарыхчы катары айтып коёюн, Орусиянын тарыхынын эң начар доорлору, курчалган чептебиз деп, Батыштан алыстаган убактарына туура келет. Андан кийин практикалык кадамдар башталат, мисалы, чет өлкөгө чыгууну чектөө. Мен акыркы чегине жеттик дей албайм. Бирок менде сүйүнүч да, коркуу да жок. Бул кансыз согуштарга көнүп деле баратабыз.

Deutsche Welle, Россия