Ислам дүйнөсү

​Афганистандагы абал: Кабулдагы бийлик туруктуулук орното алабы

5 мая 2018 г. 18:33 1166

ИГИЛ баш көтөрө баштады, талибдер Кундузда чабуулга өттү. Майдын башталышы Афганистандан чочулагандардын күмөнүн арттырды. Президент Гани бул чакырыктарга кандай жооп берип жатат

Апрелдин этеги менен майдын башы Афганистандан келген суук кабарларга бай болду. Өлкөнүн түндүгүндө, Өзбекстан, Тажикстан менен Түркмөнстанга жакын жайгашкан Кундуз провинциясынын бир бөлүгүнө Талибанга тиешелүү күчтөр чабуул койду. Сугушкерлер анын административдик борбору менен бир нече айылын колго алып, коопсуздук күчтөрүнүн каяшасын миномёттор менен бастырышты. ЖМКлардын айтымында, миңге жакын үй бүлө үйлөрүн таштап аймактан чыга качты.

3-майда Кабулда, ичинде ИИМдин да имараты бутага алынган, бир нече террордук чабуулду алдын алып калганы тууралуу Афганистандын улуттук коопсуздук башкармалыгы жар салды. Бирок билдирүү тургундардын жүрөгүнө суу серпкен жок, анткени буга чейин бир нече террактта он чакты киши набыт болгон.

АКШ афган армиясынын “ээрип” кеткенин байкаган

Ошол эле убакта АКШнын нускоочулары өткөн жыл ичинде афгандардын армиясы менен полиси 11 пайызга азайып кеткенин байкашкан. АКШнын Афганистанды калыбына келтирүү боюнча атайын генералдык инспектору Жон Сопконун айтымында, бул күчтөр Афганистандын коопсуздук стратегиясы үчүн “негизги приоритет” деп бааланганына карабай азайып кеткен.

Мындан соң Сопко келтирген дагы бир жүйөөнү капыстык катары кабыл албай эле койсо болот: 2018-жылдын январына келген маалымат боюнча Афганистандын 65% тургуну “талибдер алдында” калган. Бул “Талибандын” апрелде жар салган жазгы чабуулуна чейинки маалымат экенин да айта кетүү керек.

Германиянын Афганистан боюнча эксперти Гүнтер Кнабе 2000-жылдардын башында террордун очокторун жок кылуу, талибдерди кууп чыгып, тынчтыкты орнотуу максатында жиберилген аскерлер Афганистандын коопсуздугу солгундап бара жатканын көрүп турушканын айтат.

Немис аскерлери менен саясатчыларынын бүтүмү

Анын айтымында, Афганистандагы араздашуу немис ЖМКлары менен саясатчыларынын эсинен чыгып кеткени менен аскерлер абалды кылдат байкап турушат. Алардын баамында олуттуу өзгөрүү бар. “Өкмөт жыл сайын парламентке Афганистан боюнча эсеп-кысап берет. Ал буга чейин “Прогресс боюнча эсеп-кысап” (Forschrittsbericht) деп аталчу. Анда позитивдүү тараптар болушунча апыртылып, негатив жагы көмүскөлөнчү. 2018-жылдын мартында берилген быйылкы отчёт башкача, “Келечек боюнча эсеп-кысап” (Perspektivbericht) деп аталган. Анда немис аскерлеринин көз-карашы чагылдырылып, сын маанайда жазылган”, - дейт Кнабе.

“Адистерге белгилүү бардык оорулар бар: башкаруудагы башаламандык – эки жогорку жетекчи, президент Ашраф Гани менен премьер Абдулла Абдулла бири-бирине бут тосууда; афган коопсуздук күчтөрүнүн алсыздыгы; токтобой өсүп бара жаткан коррупция. Наркотрафикти кыскартуу колдон келбей жатат”, - деп кезеги менен санайт эксперт. – Өтө кымбат жана далай өмүрдүн кыйылуусуна себеп болгон операциянын эсеп-кысабы чыгаша менен жабылды. Бул расмий маалыматка караганда, 2018-жылкы жазда Афганистандагы коопсуздук төмөндөдү, буга чейин мынча начар эмес болчу, абалдын оңолуп кетүүсү да арсар”.

Кабулдун стратегиясы барбы?

Коопсуздук абалынын начарлашы өтө көп өмүрдү алып кеткен террордук актарга байланыштуу деген ойдо Заманбап Афганистанды изилдөө борборунун (ЦИСА) кызматкери Андрей Серенко. Анын баамында, бул солгундоо аскердик-саясий абалды дароо начарлатып жибербейт, “Талибандын” согушкерлери менен акыркы мезгилде жанданган ИГИЛдин топтору аймактардын райондук борборлорун азырынча басып ала элек.

Бирок, ага карабастан, деп улантат ЦИСАнын эксперти, афган куралдуу күчтөрү менен чет элдик өнөктөштөрүнүн терроррдук аракеттерди токтотууга күчү жетпегени көрүнүп турат. Кабул менен анын өнөктөштөрүнүн мындай саясий “кургуйдан” чыгып кетүү стратегиясы барбы?

“АКШдан баштап, түндүк жагындагы коңшулары кирген сырткы оюнчулар Кабулдагы өкмөттөн “Талибан” менен сүйлөшүүнү талап кылып жатышат. Кабул буга даяр, бирок талибдер бул өңүттө шашылган жок. Мисалы, Ташкенттеги март айында өткөн Афганистан боюнча конференцияга талибдердин өкүлү келбей койду”, - деп эскертет Гүнтер Кнабе.

“Талибандын” мындай кылганы түшүнүктүү, алардын күчү артып келе жатса, сүйлөшүүнүн эмне кереги бар? Ал сырткы оюнчулардын колдоосун жогото элек. Кабул болсо алардын эң ириси – Исламабад (Пакистан) менен бул колдоону токтотуу боюнча түз сүйлөшө албай келет. Азыр талибдер жазгы чабуулга өтүштү, бул да учурда аларга сүйлөшүүнүн кереги жоктугуна ишарат берип турат”, - деген ишенимде немис эксперти.

Ал борбордук бийликтин душманы “Талибан” гана эместигине көңүл бурдурат. “2015-жылдан баштап Афганистанда ИГИЛге байланыштуу топтордун жандануусун байкаса болот. Алар менен атаандашкан “Талибан”, сүйлөшүүдө жумшап бериши кыйын”, - дейт Гүнтер Кнабе.

Талибдер, ИГИЛ жана шайлоо

Андрей Серенко быйылкы жаз-жай айларында абалга терс таасир берчү дагы бир факторду айтат. “Президент Ашраф Гани батыштык өнөктөштөрүнүн опузасы менен 2018-жылдын октябрында парламенттик шайлоо өкөрүүгө бет алды. Талибдер менен ИГИЛ бул шайлоону каалабай жатса, Кабул анын коопсуздугун кантип камсыздай алат. Бул эки күч ачык араздашып жатса да ортосунда “шайлоого каршы биригүү” тууралуу сөз боло баштады. Алар мындай мунасага келээрин эсептен чыгарбоо керек”, - деген оюн айтат ЦИСАнын эксперти.

“Талибдер менен ИГИЛдин башчылары парламенттик шайлоолор Ашраф Ганинин администрациясын жүдөтүп жатканын билишет. Ал ойрон болсо, АКШнын аброюна катуу доо кетет”, - деп кебин улады ал. Мындан сырткары талибдер шайлоону АКШга басым көрсөтүп, алар менен түздөн-түз сүйлөшүүгө Вашингтонду мажбурлаган курал катары да пайдаланышы мүмкүн.

Орус эксперти Афганистандын түндүгүндөгү абалды өзүнчө белгилеп кетти. Анын айтымында, ал жакта талибдердин жандануусунан сырткары, “ИГИЛдин бирин-серин күчтөнүүсү” да байкалууда. Ошол эле убакта “түндүк падышасы” тажик Атта Мухаммад Нура алсырап бара жатат.

“Жакынкы бир нече айда түндүк Афганистан оор абалда калат. Буга талибдер менен ИГИЛ гана эмес, Кабулдагы улутчул пуштун топтору да кызыктар. Басымдуу көбү тажик менен өзбектен турган түндүк канча алсыраса, чыгыш менен түштүктө жашаган пуштун саясатчылары күчтөнөт”, - дейт орус эксперти.

Ашраф Гани бийликке келгенден бери Афганистанда үстөмдүккө жетем деген түрдүү этникалык топтордун тирешүүсү ого бетер курчуду деген ишенимде Гюнтер Кнабе. Бул жагдай Афганистанды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгам деген немис адистерин тынчсыздантат. Шайлоонун күзүндө өтөөрүнө бул эксперт да күмөн. “Коопсуздуктун жоктугу, жалпы өлкөнүн туруксуздугу шайлоонун башка мөөнөткө которулуусуна себеп болушу мүмкүн. 22-апрелде террорчулар Кабулдагы шайлоочуларды каттоо борборун жардырганы жөн жерден эмес. Шайлоонун жылуусу туруктуу жарандык коом түзөм деген батыштын бетине урулган шапалак болот”, - деп жыйынтыктады Гүнтер Кнабе.

Deutsche Welle, Борбор Азия