Борбор Азия

Sputnik: Азиянын жүрөгүн багынтуу: Эрдоган Өзбекстанга эмнеге жана эмне менен келди

4 мая 2018 г. 14:35 2112

29-апрелден 2-майга чейин Түркиянын президенти Режжеп Эрдоган Ташкентке келип, өзүнүн экономикалык, дипломатиялык жана электоралдык маселелерин чечкенге аракеттенди. Бул тууралуу ОФнын Каржы университетинин саясат таануу факультетинин доценти Sputnik Өзбекстан үчүн макала даярдаган

Өйдө-төмөн кеткен алакалар

Былтыр Эрдоган менен алгач ирет жолукканда Өзбекстандын президенти Шевкат Мирзиёев: “Биз акыркы 20 жылда бири-бирибизди өтө сагындык”, - деген.

Сагынганы менен эки өлкөнүн ортосундагы алакалар уйку бербестен, ошол эле жыйырма жыл ичинде, буркан-шаркан болуп турган.

Башында баары жакшы башталган. Түркия Өзбекстанды өзүнчө мамлекет катары биринчилерден тааныган, Ислам Каримов Анкарага барган алгачкы ортазиялык лидердин бири болгон. Түрк бийлиги бир-тууган түрк мамлекети менен мамилелерди бекемдөөгө өткөн, “түрк ишкерлери Европага чыгара албаган товарларын сатчу жер катары Борбор Азиянын базарын белгилешкен” дейт өзбек политологу Рафаэль Саттаров.

Андан көп өтпөй Анкаранын Орто Азияны өз таасири алдына алуу аракетинен жана Өзбекстандын бул таасир алдына киргиси келбегенинен улам Түркия менен Өзбекстандын мамилеси солгундай баштаган. Өзбекстан бул региондо көз-карандысыздыгын эң жогору баалаган мамлекет катары белгилүү.

“1990-жылдары мындан улам бир нече араздашуу чыккан. Мисалы, Түркияга окууга кеткен өзбек студенттерине экстремист кинеси коюлган. Ошондон кийин билим берүү тармагында Ташкент Анкара менен алакасын токтотуп, Түркияга эң аз багыттанган мамлекеттердин бири болуп калган”, - дейт Чыгышты изилдөө, эл аралык алака жана элдик дипломатия борборунун директору, тюрколог Владимир Аватков.

Натыйжада “Ташкент Түркияны өзбек элитасын колго алгысы келген туруксуздуктун очогу жана антиөзбектик маанай таратуучу өлкө катары көрүп калды”, - деп белгилейт Саттаров. Саясий араздашуулар Өзбекстандагы түрк ишкерлигине да түздөн-түз таасир этип, көптөгөн ишкана ишмердигин кыскарткан.

2016-жылдын этегинен баштап абал кайра өзгөрө баштады. Биринчиден – Өзбекстандын башына коңшулар менен мамилени жаңылап, өлкөдө олутту экономикалык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу максатын койгон жаңы президент келди.

Экинчиден – Ташкентте Түркия өзбектердин акылы менен жүрөгүн баш ийдирет деген чочулоо азайган, себеби бул мезгил түрк элиталарынын олуттуу кагылышуу маалына дал келди. “Фетхуллах Гүленге караштуу окуу жайлар Түркиянын Орто Азиядагы негизги жумшак күчү болуп келген. Бирок Гүлен менен Эрдогандын учурдагы тирешүүсүнөн улам, түрк президенти аларды колунан келишинче жок кылып келе жатат”, - дейт Евразиялык аналитикалык клубдун башчысы Никита Медкович.

Үчүнчүдөн –жеке өзү жүргүзгөн тышкы саясатта жакынкы чыгыш театрында олуттуу соккуларды жеген Эрдоган башка региондорго маани бере баштады. Алардын арасында Борбор Азия да бар.

Акча менен карьера

Учурдагы Өзбекстанга баруунун Эрдоган үчүн олуттуу экономикалык жана саясий орду бар. Бул ички да, тышкы да саясаты үчүн өтө маанилүү.

Эгер Шевкат Мирзиёев буга оң көз менен караса, Ташкент түрк бизнеси үчүн өтө кызыктуу аймак. Ал түрк бизнесине бут тосууга кызыктар эмес, тескерисинче Ташкент кызматташууну тереңдетээрин көрсөтүп жатат.

“Өзбекстан көбүнчөсүн чала иштетилген чийки заттарды сатып келет, ага жабдыктар боюнча келишимдер зарыл. Мындан сырткары Ташкент түрк инвестицияларын тартып, өлкө ичиндеги өндүрүштү өстүрүү ниетинде”, - дейт Медкович.

Бизнес карап турган жок, 2017-жылы өзбек базарына ондогон түрк компаниялары кирди, акыркы зыяратта Эрдоган менен бирге жүздөгөн ишкерлер да келген.

Ташкент пантүрктүк идеологияга сугарылган түрк туристтерин да тартуу аракетинде. Эрдогандын айтымында Самарканд, Бухара жана Ташкент “Түркия үчүн гана эмес, бардык түрк жана ислам дүйнөсү үчүн зор мааниге ээ”.

Ташкент менен тыгыз байланыш түрк бизнеси гана эмес, Режжеп Эрдогандын жеке карьерасына да жардамы тиймекчи.

“Жыйырма төртүнчү июнда Эрдогандын алдында олуттуу шайлоолор турат. Анда Эрдогандын жеңип чыгуусу улутчулдарды козута алаарына катуу байланып калды. Ийгилик пантүрктүк идеяларды туу туткан катмарга көз каранды. Ошондуктан бул электоратка түрк тилдүү мамлекеттер менен мамиледе натыйжа көрсөтүү ал үчүн өтө маанилүү”, - дейт Владимир Аватков.

Мында катардагы карым-катнашты гана эмес, түрк лидерлигин көрсөтүү Анкара үчүн өтө зарыл. Мисалы өзбек каржы мекемелеринин 1200 кызматкери Түркияга “тренингден” өтөт дегендик, ушундай дымактын бири. Шавкат Мирзиёев өзбек башкаруу системасында эбегейсиз реформаларды баштатканына караганда, мындай долбоорлор мол болот.

Эки бешик

Режжеп Эрдогандын пантүрктүк схемасынын ичине Ташкентти киргизүү аракетин имидждик оюн бойдон калтырбастан, турмушка ашыруусун көздөгөнү да сыр эмес.

Өзбекстан бул үчүн учурда эң ылайыктуу бута. Биринчиден – өзүнүн күчтүүлүгүнөн улам. Рафаэль Саттаров айткандай, Борбор Азиянын эң ири мамлекети Түркиянын түрк тилдүү өлкөлөрдү бириктирүү долбоорун колдошу үчүн керек. Экинчиден – өзбектердин геосаясатта кайсыл тарапта болоорун ушуга чейин чечпегенине да байланыштуу. Казакстан менен Кыргызстан орусиялык интеграциялык долбоор ичинде, Түркмөстанга эч нерсе кереги жок, Тажикстанды эч ким бекем жана узак мөөнөттүк өнөктөш катары карабайт.

Ошондон улам Эрдоган Түркия менен Өзбекстанды “түрк-ислам цивилизациясынын байыркы эки бешиги” деп атап, Ташкентке багытталган түрк маданиятынын таасирин кайра калыбына келтирүү аракетинде. Бул таасирдин уругун себүүгө топурак небак жумшартылган.

“Туркия азыркыга чейин өзбек жаштарынын көңүл чордонунда, ал Орусиядан кийин өзбек мигранттар тандаган экинчи ири базар. Түрк массалык маданияты – поп-музыка, кинотасмалар, сериалдар – Өзбекстанда жакшы көрүлөт”, - дейт Саттаров.

Бул таасирди болгону ачыкка чыгарып коюш керек. Ошондуктан Эрдогандын күндеминде “маданий кызматташуу” маселелери турат. Бирок Ташкенттин буга чейинки тажрыйбаны эске алып, бул таасирди көзөмөлгө алуусуна тоскоол жок. Анткени президент Мирзиёев көз-карандысыздыкты мурунку ажо Каримовдон кем баалабайт жана түрк президентинин пантүрктүк идеялары кандай натыйжага алып келгенин Жакынкы Чыгыштын мисалында жакшы көрүп турат.

Геворг Мирзаян, Sputnik, Өзбекстан