Борбор Азия

​Орус ЖОЖдору Борбор Азиядан студенттерди кантип издешет

30 апреля 2018 г. 18:22 518

Бир нече орусиялык университет түрдүү жолдор менен Борбор Азиянын чыгаан жаштарын өздөрүнө тартат. Кээде мындай ишкердүүлүк маселе чыгарууда

Орусия менен Борбор Азиянын билим берүү тармагындагы мамилелерде маселе чыгаары ойго келчү эмес. Бирок казактардын Павлодарында Ноорузду майрамдоо учурундагы окуя бул тармакта мурун билинбеген ооруксунган жагдайлар бар экенин көрсөттү.

Полистер тестирлөөгө каршы

Казак ЖМКларынын билдирүүсүнө караганда, Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин (НМТУ) жергиликтүү мектеп окуучуларына тестирлөө өткөрүүсүн, Павлодар облусунун билим берүү башкармалыгы мыйзамсыз деп таап, бул иш-чараны токтотууга полисти тарткан. ЖОЖдун мугалимдери Павлодарга конок катары келгендиктен, тестирлөө аркылуу НМТУга балдарды алууга укугу жок болчу деп билдирет tengrinews.kz маалымат ресурсу. Мыйзам боюнча Казакстандын аймагында мындай иш-чаралар билим берүү башкармалыгы тарабынан гана жүргүзүлөт.

Павлодар бийлигинин НМТУнун өкүлдөрүнүн аракетине катуу каршылыгына казак саясат таануучу Айдос Арым: “Түндүк Казакстан демографиялык минуста отурат, жергиликтүү ЖОЖдордо студент жетишпейт. Алардын сыртка чыгып кеткени абалды ого бетер оорлоштурат. Февраль-марттан баштап орусиялык ЖОЖдордун өкүлдөрү бул жакка келип, федералдык бюджетинен которулган акчага өздөрүнө студент тандашат”, - деп түшүндүрөт.

Албетте, каалагандын баарын эмес, олимпиада жеңүүчүлөрүн тандап, Орусияга көптөгөн жаш балдар чыгып кетишет. Сарым айткандай, анан, биз кимди, кайсыл мамлекет үчүн окутуп жатабыз, деген суроо пайда болот.

Орусияга абитуриенттер кандай тартылат

Томск шаарынын бул тармакты жакшы билген аткаминери Орусия Казакстанда гана эмес, Борбор Азиянын бардык чөлкөмүндө кандай аракет кылаарын айтып берген. “Схема мындай: ар бир ЖОЖдун мурунтан бери колдонуп келе жаткан ресурсу бар. Бул ошол эле Борбор Азиядан келип иштеп калган мугалимдер. Ар бир ЖОЖ мындай, жергиликтүү абалды жакшы түшүнгөн адамдарын жөнөтөт. Алар өзүнө беш-жети кишиден турган команда түзүп, өз мекенине барып, үгүт компанияларын жүргүзүп, олимпиада жана башка нерселерди уюштурат”, - дейт чиновник.

Экинчи схема мунун тескериси дейт аткаминер. “Биздин ЖОЖдордун биринде Кыргызстандык белгилүү саясатчынын балдары окушчу. Алар илең-салаң окуп, убактысынын көбүн бокско катышып өткөрүшкөн, дипломду болсо алыш керек да. ЖОЖ ал саясатчы менен төмөнкүчө сүйлөшкөн. Ал биздин делегацияны Кыргызстандын билим берүү министрлиги менен тааныштырат. Биз кызматыбызды сунабыз, анын натыйжасында жылына жүз кыргыз биздин университетке тапшыруусу керек. Ошентип саясатчынын балдары диплом алышат”, - дейт атын атагысы келбеген булак.

Анын айтымында үчүнчү схема да бар. Ал боюнча ЖОЖдордун тээ совет доорунан бери Кыргызстан, Казакстан менен Өзбекстандагы тааныш-билиши колдонулат. “Алар мындай каналдар аркылуу макулдашат. Тигил тарап конкреттүү орусиялык ЖОЖдун кабыл алуу кеңсесин ачып, ишин баштайт, албетте мындан акча табышат. Бул баары үчүн кирешелүү”, - деген ойдо аткаминер.

Анын билгенинче, ар бир ЖОЖдун негизги жана бир-эки кошумча схемасы болот. Алар биргелешип колдонулат.

Демографиялык кургуй, Сибирь жана Борбор Азия

Павлодардагы полистер токтотуп салган тестирлөө, ЖМКлар билдиргендей, “Славянский культурный центр” коомдук бирикме тарабынан уюштурулган. Ошол эле убакта Новсибирсктин бир ЖОЖунун деканы жана эки москвалык окуу жайдын мугалимдери, аттарын атабоону суранып, Борбор Азиядан “студент тартуу” боюнча кандайдыр бир мамлекеттик программа бар экенин билбестигин айтышты. МГУнун өкүлү ЖОЖу ансыз деле студенттер менен камсыздалганын билдирди.

“Студенттерди тартуу боюнча мамлекеттик программа жок, кээ бир орусиялык ЖОЖдор өз алдынча аракеттенишет. Бул аракеттер демографиялык кургуйга байланыштуу. Бирок Сибирдин ЖОЖдору үчүн Борбор Азияга барып иштөө өтө деле зарыл эмес”, - дейт Томсктогу чиновник. Анын айтымында, жогорудагы схемалардын аркасы менен Сибирде үч-төрт жыл мурункудай студенттердин жетишсиздиги аркада калды. Борбор Азия демографиялык боштукту толтурду.

“Сибирдин ЖОЖдору кытай, вьетнам жана монгол багыттарына иштөө аракетинде, кээси Индияга чыгыт жатат. Бирок менин оюмча – Борбор Азия Сибирдин маңдайына жазылган тагдыр. Биз СССР убагынан бери бул өлкөлөрдү техникалык жана гуманитардык элита менен калымсыздап келебиз. Жакшы кытайларды тарта албайсың, алар Москва менен Петербургга кетет; монголдордун өздөрү аз. Бизде болсо, мисалы, ата-энеси каржылай албаган аябай күчтүү өзбектер окушат”, - дейт маалымат берген Томсктук чиновник.

Казактар орусиялык ЖОЖду бүткөндө кайтышпайт

“Томсктун өзүндө эле Казакстандан 5 миң, Өзбекстандан 3 миң студент бар. Кыргыздар да көп”, -дейт чиновник. Бирок сибирдин ЖОЖдору түрдүү абитуриент тартат. Кээси дүңүнө качырат, Томск мамлекеттик университет менен политехникалык сыяктуулар келечектүү кадрга аракеттенишет.

“Этникасы менен маданияты бизге жакын Түндүк Казакстандан жакшы кадрларды тартуу Орусияга пайдалуу. Биз бул маселени изилдедик: бүтүрүүчүнүн көбү Казакстанга кайтпайт. Эки өлкөнүн билим берүү системаларынын мындай тымызын атаандашуусу жергиликтүү бийликти тажата баштады!”, - дейт Айдос Сарым.

Томскилик аткаминер ОФда Борбор Азиялык студенттерди алып калуу боюнча атайын саясат жок, деп ишендирет. “ЖОЖду бүткөн өзбектин бири да калбайт, тажиктин да көбү кайтып кетишет, бирок көп кыргыз жана казактардын 80 пайызга жакыны калат”, - дейт ал.

Өз кадрын кантип коргоп калат

“Өзбек студенттери бул билим менен өлкөсүндө жумуш таап кетишет. Статистика боюнча бизде билим алган тажиктин 60 пайызы үйлөрүнө кайтат, 40 пайызы Орусиянын борбордук аймактарына, Москвага көчөт. Бизде саналуу гана, күчтүү тажик хирург же мугалимдер калат. Алар бул жерде жаңы элита калыптай башташты. Казакстандыктын көбүнүн калгандыгынын себеби, Түндүк Казакстандан келгендин көбү этникалык орустар”, - дейт Томскилик маектеш.

Буга Айдос Сарым да көңүл бурдурат: “Биздин билим берүүнү Орусияныкына ыкташтыруу туура эмес деп эсептейм. Казак мектепти бүткөндөр сынактарын Казакстанда тапшырса, Казакстандын түндүгүндөгү орус тилдүү мектепти аяктагандардын 70 пайызы он бир классты бүтүргөндүгү тууралуу маалым кат эле алып, аны менен Орусиянын ЖОЖдоруна тапшырып кетишет”. Калкынын саны 1989-жылга салыштырмалуу азайып кеткен беш облус Казакстандын түндүгүндө жайгашат, алардын арасында Павлодар облусу да бар, деп кошумчалайт саясат таануучу.

“Бул жагдай боюнча жергиликтүү ЖОЖдор менен Казакстан ЖОЖдорунун бирикмеси гана маселе көтөрүшөт. Бир нече депутат муну айтат, бир-эки аким жергиликтүү кадрларды коргоюн дейт. Бирок өлкө боюнча тынчсыздануу жок. Орусиялык маалымат боюнча ОФда 70 миң казакстандык окуйт. Казакстандык булактар мындан бир топ төмөн маалымат бергенинде эле мандем бар”, - деп сөзүн бүтүрдү политолог.

Deutsche Welle, Борбор Азия