Кытай/Индия

​Кытай – лагерь: миңдеген казак «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жөнөтүлүүдө

27 апреля 2018 г. 9:45 1737

Өткөн аптада Түштүк Азия жана Тынч океан регионунун иштерин караган мамкатчынын орун басарлыгын аткарып жаткан АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Лаура Стоун америкалык маалыматтар боюнча Кытайда “он миңдеген” уйгур жана башка мусулман азчылыктар кармалганын Бээжинде айткан. Бардыгы Синьцзянда кармалып, бири калбай “саясий кайра тарбиялоо лагерлерине” жиберилип жатат, “бул бизди тынчсыздандырат” деген Стоун.

Буга жооп катары Кытай ачык эле “ички иштерибизге асылбагыла” деген каяша кайтарган. 24-апрелде болсо казакстандык “Азаттык” радиосуна Кытайдын ошондой лагерлеринин биринен качкан этникалык казак Кайрат Самаркандын маеги чыккан.

Самаркан аны Бурылтогай районунун “саясий кайра тарбиялоо борборунда” кармап, басмырлап, “мээсин жуу” аракетин кылышканын айткан. Айласы кеткенинен өз жанын кыймакка, жүгүрүп барып дубалды сүзгөндөн кийин чыгарышкан. Өлкөдөн чыгуусу тыйуу салынган Самаркан Казакстанга качкан.

Кытай бул маекке азырынча жооп кайтара элек. Бирок Пекин менен Астананын дипломаттары бир нече айдан бери “саясий кайра тарбиялоо борборлору” тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Казакстанда жашоого уруксат алган жарандарын Кытай кармап жатканы жөнүндө кабарлар өткөн жазда эле тараган, кишилер туугандары менен көрүшкөнө кетип эле дайынсыз жоголо баштаган.

Жоголгон кишилердин Казакстанда калган туугандары алар тууралуу кытайлык тууган-уругунан телефондон сураштырганда “биздин партия ак, адилеттүү жана алдынкы” деген сөздөн башка эч нерсе биле албай коюшкан. Кишилерди “паспортунда туулган датасы туура эмес экен” сыяктуу болбогон бир шылтоолор менен кармап, белгисиз жакка алып кетишкен. Бирок негизги шылтоо – “башкаларды жактыруу”, б.а. кытай эмес казак, кыргыз же уйгур болуу аракети. Мындан сырткары исламды жактырганы үчүн кармашат, ага үч жыл мурун дин жөнүндө сүйлөгөнү же диний окуу жайдагы тууганына акча салганы жетиштүү.

Кытайдын ички маселесиби

Кармалгандардын көбүн “саясий кайра тарбиялоо лагери” же “борборуна” жиберишет. 1950-жылдары түрмө менен үгүт мектебинин ортосундагы мындай жайларга Маого каршы чыккандар жөнөтүлчү. Бир нече жыл мурун Кытай мындай түзүмдөрдөн раймий баш тарткандай болгон. Бирок Синзянда алар калтырылган. Андай лагерлерде зомбулук жок делгени менен Кайрат Самаркандын айтымында, аны кишендешип, нандан башка эч нерсе бербей коюшкан. Мындай борборлордун негизги максаты – кишини партияга берилүүгө жана “чоочун” нерсенин баарынан баш тарткандай “кайра тарбиялоо”.

“Мен Бурылтогай районунун “саясий кайра тарбиялоо борборунда” кармалдым. Биз ал жерде 2017-жылы өткөн Кытайдын коммунисттик партиясынын акыркы XIX съездинин материалдарын окудук. Кытай эл республикасынын сырларын сактоо, улуттарга бөлүнбөөнү, мусулман болбоону үйрөндүк”, - деген Самаркан “Азаттыкка”.

Кишилер мындай жайларда бир нече айдан бир нече жылга чейин кармалышат. Мындай борборлордун бар экени ачык айтылбайт, кытайлык ЖМКлар да алар тууралуу сөз кылышпайт. “Ишенимсиз” адамды ал жайларга жиберүү чечимин ким кабыл алаары али белгисиз. Жергиликтүү аткаминерлер салып берет окшойт деген күмөн күч.

Лагерь менен борборлорго солонгондордун саны үрөй учурат. Мисалы Кашгар аймагында 2017-жылы 120 миңге жакын киши (калкынын 10%ы) жатканы белгилүү. Борборлор жык-жыйма толгону менен аларга баруу өкүмүн жегендердин аркасы суюла элек.

Бул окуя деле “Кытайдын ички иши” бойдон кала бермек, бирок Казакстанда Кытайдан да кайтып келген көп “оралман” этникалык казак бар. Алардын бир тобунун туугандары Кытайга кирип кеткен боюнча жоголгондуктан, нааразылык тутанып кеткен. Натыйжада “лагердеги” кытайлык казактар жөнүндө кабар эң жогорку макамдагыларга чейин жеткен. Этникалык казактарды кордоо тууралуу кеп Нурсултан Назарбаев катышкан 2017-жылдын июнь айында өткөн Казактардын бүткүл дүйнөлүк курултайында көтөрүлгөн. Бирок казак ажосу “Синзяндагы абалды көрүп жатпайсыңарбы, ал жакта террорчулук, сепаратизм бар. Бирок казактарды куугунтукташканы тууралуу эч нерсе укпапмын”, - деген шылтоо менен кутулмакчы болуп, акыры “ал тууралуу кабар келсе”, Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маселени териштирүүсү керек деген.

Андан кийин көйгөйдү бир топко чейин байкамаксанга салышты, антишкени менен калк нааразылык акцияларына чыга берип, ноябрдан баштап казак менен кытай дипломаттары бул көйгөйдү кылдат талкууга өтүштү. Расмий билдирүүлөр “эки элдин достугу “ чегинде кылынып жатканы менен, кытай бийлиги да мындай маселе бар экенин жарым-жартылай моюндады. Казакстандагы Кытай элчиси Чжан Ханьхуэй өткөн күздө: “2017-жылдын 24-октябрында Кытай коммунисттик партиясынын XIX съезди өтүп жаткан кезде Синзян-Уйгур автономдуу райондо бардык кишилерди катуу көзөмөлдөө жана тинтүү чаралары көрүлгөн”, - деп билдирген.

Бул жылдын февралында казак ТИМинин башчысы Кайрат Абдрахманов казактарды кармоо партиянын съездинен кийин да токтобой жатканы боюнча Кытайга дипломатиялык нота тапшырганын айткан.

Натыйжада жаздын башында бир нече этникалык казакты “лагерлерден” бошотушкан. Бирок канчасы ал жактарда кала бергени жана “жумшоо” казак дипломаттарынын аракеттерине байланыштуу болдубу, али сыр бойдон турат.

Кытайлашкыңар келбесе

“Кытай эли бир улуттан турбайт. Ал “кытай эли” деп аталган этностордун тобу. – деп түшүндүрөт Чыгыш таануу мектебинин директору Алексей Маслов. – Бирок совет элиндей жасалма эмес, табигий куралган эл. Азыр биз кытай деп билген эл бири-бири менен тычтыкта жашаган түрдүү тили жана маданияты бар суперэтнос. Алар эч качан диний негизде бириккен эмес. Император кандай болбосун диний авторитеттерден жогору турган. Бирок Синзяндагы кийинчерээк кошулган уйгур эли динин сактап калган. Алардын улуттук өзгөчөлүгүнө “кытайлаштыруу” таасир берген эмес”.

Кытай уйгурлары бир кудайлыкты бекем карманганы диндар кытайларга да оор келет. Мындан сырткары, Масловдун айтымында, уйгурлар мусулман түрк элдери дүйнөлүк күчкө айланышы керек деген пантүрктүк идеяны да колдошот. “Аларын арасында Кытай мамлекети сунган артыкчылыктарды алып, кытайлашып кетпестен, өздөрүнүн идеялары менен мамлекетти чочуткан топтор бар, - дейт Маслов, - бирок кытай өкмөтү кетенчиктеп көргөн эмес, ошондуктан кандай толкуу болбосун күч менен бастыруу аракетинде”.

Кытай учурда дүйнөгө “Бир кырчоо – бир жол” деген соода жана “тынчтык менен гармонияга” чакырган жаңы тартип сунуу аракетинде. Ошондуктан өзөктөн чыккан от анын аброюна катуу сокку урушу мүмкүн.

Кытайдын лидери Си Цзинпин “Эгер ички толкууну баса албаса, партиялаштары ага “Биз сени өмүр бою президенттикке коюп жатсак, сен тынчтык менен коопсуздукту камсыздай албайсың” деген кине коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал нааразылыкты басуу аракетинде болот”, - дейт Алексей Маслов. Бирок Синзян басмырлоо жана үгүт саясаты аларга туура келбесин кытай бийлигине дайыма далилдегиси келген чуулгандуу аймак.

Кытай мындай саясаты менен Казакстанды оор абалда калтырды. Астана жагдайга түз таасир бере албайт, бирок ошол эле учурда аны көз жаздымга да калтыра албайт. Таасир берем десе, Кытай Казакстан үчүн өтө пайдалуу экономикалык долбоорлорду жаап салат, кийлигишпесе “өз элине жардам бере алган жок” деп казак өкмөтүнүн аброю түшөт.

Андан сырткары “саясий кайра тарбиялоо лагерлерине” түшүп калган этникалык казактар тууралуу кабарлар буга чейин эле кытайдан чочулаган казак элинде синофобияны ого бетер тутандырып жатат. “Албетте, синофобия бар. – дейт экс-дипломат Казбек Бейсебаев. – Бизге бийлик кытайлар менен кантип иштешип жатканын, кызматташуу кандай шарттарга негизделгенин түшүндүрбөйт”. Мындай түшүнүксүз абал кытайларга жер сатылып жатат деп уккан казак элин 2016-жылы жазында 1986-жылдан бери көрүлбөгөн, чоң нааразылыкка түрткөн.

Бул эл аралык скандалга АКШ да көңүл бурган, бирок Москва мындай “лагерлерде” орусиялыктар жоктугунан уламбы, унчукпай кутулган. Ошол эле убакта Рамзан Кадыров сыяктуу орус бийлигинин өкүлдөрү Мьянмадагы мусулмандардын куугунтукталганына катуу нааразы болушкан. Албетте алыскы Мьянмага геосаясий булчуңдарды көрсөтүү жеңил, ОДКБга кирген коңшуңа болушканда да Кытай, албетте, башка кеп.

Вячеслав Половинко, Новая газета, Орусия