Ислам дүйнөсү

Афган-Түрк лицейдин ата-энелер комитети: Мектептерди "Маарифке" бербейбиз​

26 апреля 2018 г. 10:22 818

Мурун түрктөр менен бирге иштетилип, кийин толугу менен кыргыз тарапка өткөн “Сапат” лицейлери сыяктуу Афган-Түрк лицейинин ата-энелер комитети Афганистандын түндүгүндөгү Мазари Шарифте 23-апрелде пресс конференция өткөрүшүп, Түркия консулунун куралдуу адамдардын коштоосунда лицейге барып, директорду дайындоо аракети мыйзамсыз экенин белгилешти.

Бул мыйзамсыз ишке Түркия мамлекетинин басымы алдында калган Афган өкмөтү эч кандай реакция кылбаганы айтылууда.

Ата-энелер комитетинин мүчөсү (Афганистан Демократиялык Укук Уюумунун башчысы) илимпоз Кебир Ренжбер: “Урматтуу мугалимдер балдарыбызды окутуудан баш тартпагыла, биз силердин аркаңарга опол тоодой туруп беребиз. Бул мыйзамсыз ишке каршы бир муштум болуп, мектептерди коргойбуз. Колубуздан келет. Кандагарда да ушундай болду. Ал жердеги ата-энелер мектепти коргоп алышты. Желалабаддагы мектептерди да коргошту. Коргоого күчүбүз жетет. Антип опузаласа эле мектептерди берип койбойбуз. Бул тарыхка да жазылат” - деп билдирди.

Афганистан жана Түрк өкмөттөрүнүн мыйзамсыз ишин айыптаган юрист Абдышүкүр Дадрес: “Соттун чечими чыкпайынча биз каршылык көрсөтүүбүздү токтотпойбуз. Түрк консулу жүздөгөн куралдуу адамдардын коштоосунда афган-түрк мектебине “Маариф” фондунан мүдүр дайындоону көздөдү. Мектепке директор дайындоо куралдуу адамдын коштоосунда болмок беле? Афган эли меймандос. Түрк консулу келсе мейман катары тосуп алабыз. Бирок бир элдин укугун тепселеп келе турган болсо, меймандостукту жылдыра туруп, эл өткөн аптадагыдай өзүнүн укугун коргойт. Биз мыйзам үстөмдүгүн сыйлайбыз жана мыйзам да биз тарапта”, - деп нааразылыгын билдирген.

Афган-Түрк лицейинин ата-энелер комитетинин башчысы Фазл Ахмат Манави: “Бул дайындоону Афган билим берүү министрлиги жасаса түшүнмөкпүз. Бирок чет мамлекеттин бир өкүлү куралдуу адамдар менен келип мындай ишти жасаганы туура эмес. Чет элдик аткаминердин жаш балдарыбыз окуган жерге куралдуу келүүгө кандай укугу бар? Адеп ахлакка да мыйзамга датуура келбейт. Түрк болобу, орус болобу, америкалык болобу баары чет элдик. Алардын бул иши биздин элдин эгемендигин тепселөөгө барабар. Аларды кууп чыккан ата-энелер жана мугалимдер менен сыймыктанабыз”-деп айтты.

Белгилей кетсек Афганистан өкмөтү Кызмат (Гүлен) кыймылына тиешелүү делген жеке менчик лицейлерди Түркиянын өкмөтүнө караштуу “Маариф” фондуна өткөрүп берээрин айткан. Ал мектептерге Түркия мамлекеттик “Маариф” фондунан директорлорду дайындоо үчүн Түрк консулу куралдуу адамдардын коштоосунда баргандыгына ата-энелер каршы чыгышкан.

Аktifhaber.com, Түркия