Ислам дүйнөсү

​Акыйкат бардыгынан бийик турат

25 апреля 2018 г. 10:31 862

Пайгамбарлардын адеп-ахлагынан алыс ой жүгүрткөндөр атам-замандан бери ар дайым “күч атасын тааныбайт” демекчи, күчкө маани берип келишкен. Күчтүүнүн иш-аракетин ар дайым туура деп баалашкан. Ислам дини тескерисинче, күчтү эмес, чындык-акыйкатты жогору баалаган. Укугу аз болуп, өзү алсыз болсо да, бардыгын акыйкат менен байланыштырган.

Бүгүн исламды тутунгандардын акыбалын карап көрсөк, төмөнкүдөй ар кандай күмөндүү ойлор келиши мүмкүн: Мисалы: “Эгер чындык чын эле үстөм абалга алып келсе, анда ислам жолунда жүргөндөр эмне үчүн азыр жеңилүү ызасын тартып жатышат? Ошол эле учурда батыш идеологиясын карманган элдер чексиз бийликке эгедер болуп, дүйнөнү башкарышып, күч-кубаты ашынып ойду омкоруп, тоонун томкоруп жатпайбы. Эмне үчүн учурда Аллага, Куранга, Пайгамбарга ишенгендер акыйкатсыз куугунтук көрүшүүдө?”

Сөзүбүздүн башында эскерткендей, исламда күч – чындыкта. Аны эч ким жеңе албайт. Бул салыштырмалуу эмес, абсолюттук эреже жана негиз. Бул абсолюттук эреже өзүнөнөн-өзү эле турмушта ишке аша бербейт. Анын иш жүзүнө ашышына ислам тарапка өткөн адамдардан кажыбас кайрат, тынымсыз аракет, темирдей эрк, ишенимдүү кызматташтык талап кылынат. Болбосо бул абсолюттуктун бара турган жери кургуй болуп калышы толук ыктымал.

Акыйкаттын артыкчылыгын камсыз кыла турган бир канча факторду санап өтөлү.

Биринчиден, исламга бара жаткан жолдогу каражаттар туура болушу керек. Туура эмес каражаттарды пайдалануу чындыкка бара жаткан жолдо жеңилүүгө кабылтат. Ошондой эле чындык да бөөдө жерде чыркырап, арабөк калышы толук ыктымал. Эгер мындай боло турган болсо, көпчүлүк эл чындыктын чын экенинен күмөн санап тескери жакка басып кетүү ыктымалдыгы бар. Иш жүзүндө эч кимдин калың карапайым калкты мындай күмөн абалда калтырууга акысы жок.

Кененирээк айта турган болсок: ислам жалпы коомчулукка адеп-ахлак эрежелерин тамырлатып, аны таркатып, адамдардын жүрөгүн жана жан дүйнөсүн тазалап, көкүрөгүндөгү жамандыкты тарбия процесси аркылуу жууп, тазалап чыкканда гана ишке ашат. Эгерде жетекчилер менен тарбиячылар экинчи тандоону көңүлгө албаса, бул жолдордун биринчиси гана чындыкты туура эмес жол аркылуу тушүндүрүүгө аракет кылат. Бул биз күткөн жакшы жыйынтыкты бербейт. Экинчи жагынан техника жана технология жаатында билим жана көрөгөчтүк талап кылынат. Өнүгүүнүн ушул жагынан алып карап көргөндө туура эмес жолду тандагандар жалпы адамзатты жок кылып алышы мүмкүн болуп, туура эмес жыйынтык чыгып калат. Ошондуктан адашууну тастыктаган, чындыкты далилдеген ар бир жүйөө, ар бир далилди туура деп эсептесек болот.

Экинчиден, мусулмандар мусулмандык сыпатка эгедер болушу керек. Алар бул сапатты башынан аягына дейре бир бүтүндүк катары жоопкерчиликтүү аркалашы керек. Мындай мусулманды белгилөө үчүн кынтыксыз мусулман деген сөз айкашын пайдалансак болот. Албетте, акылман адамдардын айтуусунда кудай жолундагы адамдын кээ бир сапаттары ыймансыздарга тиешелүү болуп калышы мүмкүн. Тескерисинче, кээ бир кудайга ишенбегендерде момундардын сыпаты бар болушу мүмкүн. Бирок чындыктын түйүнүн кемчилиги жок бир гана ыймандуулар чече алат. Кудайга ишенген мындай адам бардык жакшы сапаттарды бир бүтүндүктө башкаларга үлгү кылып көрсөтө алат.

Үчүнчүдөн, себепти иликтөөчү байланыштар аркылуу аракет кылуу керек. Он сегиз миң ааламда Жаратуучунун мыйзамынын эки түрү бар. Бул мыйзамдардын биринчиси Анын сапаттарынан келип чыгат. Ал зор эркке эгедер. Бул тууралуу төмөнкү аятта мындай делет:

“Эгер Ал бир нерсени каалап: “Бол” десе болуп калат.”

Экинчи мыйзам Анын “Калям” деген сыпатынан. Бул Куран жана анын негизиндеги мазмун. Анын эрки менен буйругунан келип чыкканы – “суннатуллах” (Жаратуучунун эрежелери) бүткүл ааламдарды башкарат. Атомдордон баштап галлактикаларга чейин бүткүл он сегиз миң аалам ушул мыйзамдарга шайкеш иштейт. Мисалы, жерге ташталган урук абанын, суунун, күндүн таасири менен өсүп, бутак пайда болсо, баланын төрөлүшү жуптардын (ата-менен эненин) биригүүсү аркылуу шартталат. Ушул мыйзамдардын мисалында Улуу Жараткан адам-пенделерге сабак берип, ушул нерсенин баарын көңүлгө алуусун эскертет. Бул мыйзамдардын ишке ашышын эсепке албай турган болсо, бардык аракеттер ийгиликсиз аяктайт. Кээ бир көз караштардан алып карганда мусулмандар бүгүнкү күндө ушул мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жазага тартылып жатышат.

Мындан ары баяндала турган нерсе төртүнчү фактор болот. Жаратуучунун таранчыга жана жөжөлөргө кол салган шумкарды жаратканын билебиз. Ошол эле учурда таранчы чымчыктар менен жөжөлөргө коргоно турган кээ бир мүмкүнчүлүктөрдү бергенин да көрүп жүрөбүз. Так ошондой эле бул дүйнөдө ишеними жок адамдын ишеними бар адамга кол салып турганын да көрүп жүрөбүз. Муну менен Ал момундун өзүнүн ким экендигин таанышын каалап, аны жаңы изденүүлөргө багыттайт.

Ооба, көптөгөн жылдар бою мусулман аалымдары менен ойчулдары кээ бир суроолорду талкуулашып, Куранды бүгүнкү күндүн түшүнүгүнө ылайыктап койгонун элестетип көрүшкөн эмес экен. Андагы салыштырылгыс мыйзамдар башкалар тарабынан түшүнүлүп, турмушта ишке аша баштагандан кийин гана эсине келишип, “Бул Куранда бар эмес беле?” дешип бармактарын тиштешет. Бул көз караштан алып караганда жеке мен мусулман эместердин артыкчылыгын, жетишкендиктерин жамандык деп эсептебейм. Тескерисинче, алардын изденгенине баа берем. Себеби алардын кылган ишинде береке бар.

Бир сөз менен айтканда бүгүнкү күнү биз “туура эмес” деп эсептегендер жеңүүчү болуп чыга келишти. Бирок алардын жеңиши түбөлүктүү эмес. “Вал-акибату лил – муттакин” принцибинин негизинде “келечек Кудайдан корккондордуку болот.” Эгерде чындыктын тарапкелери жогоруда айтылган боюнча аракет кылышса, алар “аль-хакку ялу ва ла юла алайх” (күч чындыкта, аны эч ким жеңе албайт) деген сырдын түйүнүн чече билишет.

“Грани” журналы. Которгон: Талгат Деркембаев