Орусия

“Орусиянын жаркын келечеги чыныгы федерацияга айланууда жатат”

24 апреля 2018 г. 14:33 551

Өткөн аптада Вильнюста бешинчи ирет Эркин Орусиянын форуму өттү. Бул жыл сайын өткөрүлгөн, орусиялык саясий эммиграциясынын 300дүн тегерегиндеги өкүлүн чогулткан ырааттуу иш чара. Бирок быйылкы форум алар менен эле чектелген жок. Жыл сайын апрелде өткөн Форумга 58 орусиялык шаар катышуу ниетин билдирген.

“Силерде, Балтияда аба да башкача, - дейт Уралдан келген өкүлдүн бири, - Бизде мындай темаларды эркин сүйлөшүү мүмкүн эмес”.

Чын эле, бир да орусиялык шаарда, керек болсо “эркин” деп эсептелген борборлор Москва менен Петербургда да мындай иш-чаранын өтүүсүн элестетип болбойт. Мисалы, бийликке жакпаган демонстрацияны бул жакка коёлу, өз идеялары менен долбоорлорун талкуулаган конференцияны да өткөрүү мүмкүн эмес. “Укук коргоо” органдарынын буга каршы дароо толгон токой дооматтары пайда болуп, керек болсо желим союлдар менен сабап, маселе катышуучуларга кылмыш ишин козгоого чейин барат. Түрдүү региондордо жарандык демилгечилерге “чакан” куугунтук менен “капыстан” кол салуулар небактан бери адат болуп калган.

Ооба, өкүнүчтүүсү, учурдагы Орусияда саясий абал ушундай, чыныгы оппозиция советтик доордогу баары жек көрүп куугунтуктаган дессиденттердин кебетесин кийип калган. Аларга кандайдыр бир “форум” өткөрүүгө уруксат берет беле? “Бузукулар” ал кезде же абакка солонгон, же мажбурлуу психиатриянын кардарына айланчу.

Аа, баса, Вильнюстагы Форумга орусиялык Биринчи канал дал ушундай мамиле кылды. “Время” программасынын алып баруучусу Кирилл Клейменов анын катышуучуларын “Орусияны жек көрүү депрессиясына түшкөн психтердин коому” деп атады. Андан кийин бул репортажда маңызынан жулунган бир нече сюжет берилди, кыскасы, кремлдик үгүттүн адаттагы усулу.

Чындыгында мунусу менен бул үгүтчүлөр өздөрүнүн болбогур экендерин гана көрсөтүштү. Бул жерде адистик жөнүндө кеп жок, мындай репортаждар чыныгы журналисттикага жакындап да койбойт. Айрыкча учурдагы орус бийлигине каяша айкандарга келгенде, түшүнүктүү маалыматтык сюжет сунуунун ордуна алар тажаалдыкка жакын какшык бааларды беришет.

Мындай телеберүүлөрдө күлкүлүү нерселер да кетип калат. Кээде үгүтчүлөрдүн кайсыл мамлекеттин атынан сүйлөп жатканы түшүнүксүз болуп кетет. Мисалы, Форумдун коногу жана Литванын мурунку президенти Витаускас Ландсбергисти бул программада “биздин мамлекетти ураткандардан” деп аташты. Бирок расмий Орусия (РСФСР) 1990-91-жылдары көз карандысыз Литваны колдогону белгилүү. Мында дал ушул импердик долулукту “антиорусиялык” десе туура болчудай эмеспи?

Бул үгүтчүлөрдүн акыл-эси СССР доорунда калган. Ошондуктан Вильнюстагы Эркин Орусиянын форуму катуу кыжырлантып жатат. Литва мурунку “советтик республика”, бирок сөөмөй кезеп тыйып салууга ал келбей калды!

Форумдун негизги демилгечиси Гарри Каспаров өткөн иш чараны жогору баалады. Анын айтуусунда, форум калыпка түшүп келе жатат. Катышуучулар орусиялык оппозициянын ишмердигин багыттаган комитет түзүштү. Бул органга шахмат боюнча дүйнө чемпиону менен бирге Владимир Ашурков, Марат Гельман, Андрей Илларионов, Даниил Константинов, Леонид Невзлин, Илья Пономарев, Андрей Сидельников, Иван Тютрин, Марк Фейгин жана Евгения Чирикова киришкен.

Мындан сырткары форумдун катышуучулары Орусиядагы абалды байкап, жакынкы мөөнөткө жарамдуу долбоорлорду иштеп чыккан бир нече топ түптөшкөн. Бул топтор укук коргоо, конституциялык реформа тармагы, орусиялык диаспора жана дүйнөлүк медиа менен иштөө сыяктуу кеңири багыттар боюнча иш алып бармакчы.

Тикелей башкаруу кирген путиндик доордо тып токтоп калган орусиялык федерализм боюнча иш тобу да түзүлчүдөй көрүнүп калды. Орусиянын түрдүү региондорунан келген катышуучулар бул темага байланыштуу пикир алмашууга активдүү катышышты. Жакында Литвада саясий башпаанек алган Павел Мезерин: “Биз Путинсиз келечек дегенде борбордук бийлик гана өзгөрүп тим болот деп ойлобошубуз керек. Орусиялык мамлекеттүүлүк форматы толугу менен өзгөрөт. ХХ кылымда эки жолу ушундай өзгөрүү болгон, XXI кылымда да сөзсүз болот. Орусиянын чыныгы федеративдик, керек болсо, конфедеративдык түзүмү тууралуу идея бышып жетилди. Биз кыялкеч эмес, чыныгы реалистпиз”, - дейт.

Азырынча Орусияда өткөн империяга табынуу өкүм сүрүүдө. Бул нерсе анын келечегин бөгөп турат. Келечек тууралуу айткандарды эскичил үгүтчүлөр атырылып беттен алып жатканына таң калбай эле коюш керек.

Акыры вильнюстук Форумга эч тиешеси жок сыяктуу көрүнгөн, бирок учурдагы орус бийлигинин эскилиги жеткендигин жакшы көрсөтүп турган жаңылыкты эстете кетким келет. Жетекчилиги ФСБга жазышуулардын сыр ачкычтарын бербей койгон Телеграм мессенжери жөнүндө айтайын деп турам. Сыр ачкычтар бир жерден алып бере салчу нерсе эмес экенин орусиялык күч органдары түшүнбөй келет. Бул окуя 1980-жылдары совет органдарынын заманбап маалымат технологиялары (компьютер, ксерокс ж.б.у.с.) менен күрөшкөнүн эске салды. Мындай куугунтук эмне менен аяктаганы белгилүү. Эски усулдарды кайталаган учурдагы орусиялык бийлик “СССРдын мураскоруна” да ошондо эле финалды даярдаган сыяктуу.

Вадим Штепа, Postimees, Эстония