Батыш

​Биз эмнеге интернеттеги соцтармактарда троллго айланып кетебиз

20 апреля 2018 г. 11:49 714

Жаман кабардан баштайлы. Жаңы изилдөө боюнча ар бирибизде интернет-тролль жашайт. Эми жакшы кабар: аны жеңип, жакшы мамилеге үйрөткөн онлайн-жамаат түзсө болот экен.

Бир факт: Аялзаты менен улуту башкалар Твиттерде басмырлоо менен троллдоого өтө көп кабылат. Аларды сабап кетебиз, зордуктайбыз, ал аз келгенсип өлтүрөбүз дегенге чейин барышат.

Аял жана ошол эле убакта улуттук азчылыкка кирсең, өзгөчө катуу онлайн-куугунтукка кабыласың. Британиядагы 2017-жылкы парламенттик шайлоодо парламенттин ынды кара депутаты Диана Эббот дал ушундай абалда калган. Шайлоо учурундагы аял парламентарийлерге жазылган кордоо твиттеринин жарымына жакыны Эбботко багытталган.

Депутат айым: “Мени өлүм менен коркутушту, бул семиз канчыкты көтөрө алчу бак табылаары менен асып салуу керек деп Твиттериме жазып жатышты, зордуктайбыз дешти, мунун баары кайра-кайра кайталанып турду”, - дейт.

Amnesty International уюмунун изилдөөсү боюнча Эбботтун дарегине келген твиттерди алып салганда да, ынды кара жана азиат айымдар ак жуумалдарга караганда 33% көбүрөөк акааратка кабылышкан.

Былтыркы изилдөө боюнча эрезеге жеткен америкалыктардын 40%ы интернетте акааратка, алардын жарымы көз көрүнө коркутуу, физикалык зомбулук коркунучу жана аркасынан түшүп аңдуу сыяктуу оор басмырлоого кабылган. Аялдардын 70%ы виртуалдык чөйрөдөгү басмырлоо менен тийишүүнү олуттуу көйгөй деп эсептешет.

Интернет адамзатка кызматташуу жана үзүрлүү баарлашуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк берди. Бирок биз аны араздашуу менен кастык гүлдөгөн жерге айланттык.

Кадимки турмушта биз адатта чоочун адамдар менен сылык-сыпаа мамиледе болууга аракеттенебиз, онлайн чөйрөгө кирээрибиз менен жүрүм-турумубуз эң жаман жакка ооп кетет.

Адамзатка кылымдар бою жардам берген кызматташуу рухун интернетте жандантып кетүү мүмкүнбү?

Йель университетинин окумуштуусу Дэвид Рэнд: “Кызматташуу адамзаттын өнүгүүсүнүн негизинде бар. Биздин ата-баба жашаган чакан коомдордо алар жакын арада кайра кезикчүү адамдар менен гана мамиледе болгон”, - дейт. Мунун өзү кастыкка баруу же башкаларга караганда негизсиз артыкчылык алуу аракетинен тоскон олуттуу фактор болчу. Интернеттеги туруктуу чакан топтордо да араздашуу аз кездешет.

Айрыкча, ким менен канча мөөнөт сылык-сыпаа болуш керек деп баш оорутуп отурбай, башкаларга дайыма жакшы мамиледе болуу натыйжалуу жана күч-кубат менен сезимдерди үнөмдөйт.

Окмуштуулар жүргүзгөн эксперименттер учурунда кайсы улуттан болбосун адамды жоомарт же тескерисинче зыкым болууга багыттаса болот экени далилденген.

Онлайн баарлашуу учурунда жийиркеничтүү жүрүм-турумга эмне түрткү берет?

Интернетте сиз баарлашып жаткан адамыңыздан узактасыз. Андан сырткары өз атыңызды колдонбосоңуз да болот. Адатта онлайндагы жаман жүрүм-турумуңуз үчүн жаза тартпайсыз, анын сиздин аброюңузга зыяны тийбейт.

Кыжырланган постторду жазсаңыз же тааныбаган адамдарга карата кара санатайлык кылсаңыз сиздин туугандарыңыз менен тааныштарыңыз билбейт, ошондуктан эч кандай коркунуч жок. Бирок троллдун ордуна тиешелүү социалдык топтогу ордуңузду бекемдеген пикир жана ойлоруңуз менен өз атыңыздан бөлүшсөңүз болот. Экөөнүн бирин өзүңүз тандайсыз.


Йель университетинин лабараториясында кадимки турмуштагы коомдук сезимдер интернетте кантип чагылдырылганын изилдешет. Анда абийир критерийлерине таянып башкаларды айыптоого өзгөчө көңүл бурулат.

Абийирдик артыкчылыкка байланыштуу адилеттүү каардануу учурундагы кишинин мээсин сканерлегенде, анын утушка жетүүнү чагылдырган бөлүмдөрүндө жандануу байкалган. Кишилерге бул сезимдер ырахат бергенсийт. Кийин мындай абал жаралса, алар өзүн ушундай эле алып жүрчүдөй көрүнөт. Коомдук эрежелерди бузган киши сизге кандай жооп кайтарса да сиздин аброюңуз жогорулайт.

Адаттагы турмушта сиздин нааразылыгыңызгы түрткү болгон окуялар аз кездешет. Бирок Твиттер менен Фейсбукту ачаарыңыз менен баары өзгөрөт. Абийирдик артыкчылык менен жазылган посттор соцтармактарда дароо тарайт. Мындай түстөгү сөздөрдүн башка кишилер тарабынан бөлүшүү мүмкүнчүлүгү 20%га жогорулайт.

“Кишилер көбүнчөсүн нааразылыкка түрткү берген же ага толгон постторду бөлүшөт”, - деп белгилейт лабараториянын директору Молли Крокетт. – Биз интернетте катуу нааразылык маанайын пайда кылып, ал мазмунду таратуунун эң ыңгайлуу жана жөнөкөй негизин жаратабыз”.

Эгер сиз эрежелерди бузган бирин жазаласаңыз, башкалардын ишенимине кирип, бузукуларга каардануу менен нааразылыгыңызды айтып, абийир артыкчылыгына ээ болосуз. Интернеттен сырткары жерде сиздин артыкчылыгыңызды бир нече адам гана көрөт. Онлайнда болсо миллиондогон адам билип, нааразылыгыңыз үчүн сый-урмат көрсөтүү эселеп жогорулайт. Бул сезим “лайктар” менен да кубатталат. Натыйжада соцтармактар дайыма нааразылык билдирүү сезимин калыптап, аны көнүмүш адатка айлантат.

Албетте, пайдалуу жагы да бар. Интернеттеги нааразылыктын ташкыны коомдун буга чейин кайдыгер топторун жандантып, өз кызыкчылыгы менен таламын талашканга жардам берет.

Бир жакшы жери, бул же тигил соцтармакта калыптанып калган агрессивдүү маданиятты өзгөртүүгө бир нече кишинин эле аракети жетиштүү экен.

Йель университетинин киши табияты лабараториясында Николас Христакис изилдөөчүлөр тобу менен бирге мындай адамдарды таап, коомду тазартканга жардам берген атайын программага тартканга аракет кылышат. Алар интернетти коркутуу менен троллдоо кеңири тараган виртуалдык реалдуулуктан жардам алуу үчүн кайрылган чөйрөгө айлантуу аракетинде. Христакистин жамааты интернеттеги кишинин достору же бөлүшкөндөрүнүн көптүгүнө гана эмес коюлган максатка жарамдуулугуна да көңүл бурушат.

“Интернетте бир топко кирген кишилерди бири-бирине жакшы мамиле кылып, өз ара кызматташып, мындан ырахат алган жамаатка же алардын арасына чагым салып, каардуу акмактардын тобуна айлантсаң болот”, - дейт окумуштуу.

Христакис жетектеген окумуштуулар атайын түзүлгөн топторго белгилүү бир алгоритмге жараша пост жазган жасалма интернет-ботторду киргизишкен. Боттор эрежеге жараша иштегенде жамааттын турмушуна эч кандай таасир бербегенин байшкашкан. Алар ката кетире баштаганда жамааттын буга чейин көрүнбөгөн мүмкүнчүлөктөрү жанданган.

Эксперименттин башка вариантында жамаатка башкача көз караштагы мүчө кирип, катышуучуларга башка өңүттү көрсөтүп, алардын көнүмүш интернет-уясынан чыгып, кызматташуунун жаңы тараптарын ачканга түрткү берген. Мисалы ынды караларды басынткан топко кирген ак жуумал сүрөтү бар бот “Салам дос, сенин твиттериңен реалдуу адамдардын жүрөгү сыздап жатканын унутпа” деп жазганда, расистик твиттер дароо азайганы байкалган.

Mosaic, ВВС