Африка &

​Армениялык жаштар кечээги президент – бүгүнкү премьерге каршы

18 апреля 2018 г. 19:43 495

Он миңдеген активист Серж Саркисяндын премьер-министр болгонуна каршы, алар Еревандын чок ортосунда жөө жүрүшкө чыгышты. Полистер демонстранттарды кармап жатат

Армениянын борбору Ереванда он миңдеген демонстрант шаардын чок ортосундагы Баграмян жана Маштоц көчөлөрүндө жөө жүрүшүн улантышты. Акция “Елк” оппозициялык парламенттик фракциянын лидери Николай Пашиняндын жетекчилигинде өтүп жатат. Ал экс-президент Серж Саркисяндын өкмөт башчылыгына келгенине каршы.

Бул көчөлөрдө автоунаалар жүрбөй калып, полистер бир нече демилгечини кармашты. Демонстранттар мурун президенттин, азыр премьердин резиденциясы болуп калган имараттын алдында чогулушту. Полистер резиденцияны курчап турушат.

Алмашкыс жетекчи

Кечээ парламент Саргсянды өкмөт башчы шайлады. Серж Саргсян буга чейин эки беш жылдык мөөнөт ажолук милдетин аткарып, 9-апрелде эле президенттик макамын тапшырып берген. Ал буга чейин 2007-2008-жылдары Армениянын өкмөтүн да башкарып турган.

Николай Пашинян өз тарапташтарын мамлекеттик мекемелер менен жолдорду тосууга чакырган. Мындан сырткары ал “элдик жумшак ыңкылап комитеттерин” түзүүгө даяр экенин билдирген. Ал Еревандын борбор аянтында 17-апрелде уюштурган мингинде: “Биз баштаган ишибиздин аягына чыгып, Арменияны бул бийликтен бошотушубуз керек”, - деп айткан.

Жаштар жана жаңы-эски премьер

Армения 9-апрелден баштап парламенттик башкарууга өтүп, ал күнү эл эмес парламент Армен Саркисянды президент шайлаган. Бирок президенттин ыйгарым укуктары мурункуга караганда бир топ кыскарып, негизги бийлик парлементке ооп, Армениянын биринчи макамы премьерлик болуп калды.

Парламентте оорчундуулук кылган Серж Саргсяндын партиясы, лидерин кечээ күнү 17-апрелде өкмөт башчылыкка шайлады.

Дойче Велленин Армениядагы кабарчысы Ашот Газазян: “Бул козголоңду “жаштардын жана студенттердин кыймылы” катары мүнөздөсө болот. Армян серепчилердин айтымында бул кыймылдын негизги күчүн билими жогору жана интернетти жакшы колдоно билген жаштар түзөт. Кыймылдын ыңкылапка айланып кетүүсүнө анын кеңири жайылбаганы бөгөт болууда дешет билермандар. Армениянын облустары бул кыймылдан алыс, ыңкылапты Ереванда гана кылып жиберүү мүмкүн эмес. Ошондуктан бул кыймыл бир аз өтпөй күчүн жоготот деген пикирлер күч”, - деп билдирген.

Бийликтин акыркы жылдардагы саясатына калктын 70 пайызы нааразы. Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы начар, маяналар менен пенсиялар төмөн, жумуш орундары тартыш, миңдеген жаран миграцияга кетүүгө мажбур. Эл бийликтин да, ага каршы болгон оппозициянын да абалды оңдоп кетээрине ишенбей бара жатат. Армяндар бүгүнкү толкундоолор ыңкылапка алып барбаса да калктын бийликке нааразы экенин жана мындай башкаруу ага жакпай калганын көрсөтөөрүнө ишенет.

Deutsche Welle, Армения