Кытай/Индия

​Үңкүрдө жашап көргөн президент

16 апреля 2018 г. 17:49 1618

Си Цзинпин кытайлык коммунисттик партиянын элитасына кирген үй бүлөдө туулган, бирок 15 жашында анын жакшылыгынын баарынан кол жууган. Бул макала Маонун учурунан кийинки эң кудуреттүү башчы деп эсептелген адам тууралуу баяндайт

Си Цзинпин Мао Цзэдундан кийинки эң кудуреттүү кытай лидери. Ал 17-мартта экинчи президенттик мөөнөтүнө кайра шайланды. Жакында бир киши эки мөөнөт гана президент боло алат деген конституциялык чектөө алынды. Си кааласа өмүр бою бийликте кала алат.

“Си эч ким күтпөгөн өңүттө кете баштады. “Маданий ыңкылаптын” убагында көргөн запкыларын эстегенде кыйноо жана мажбурлоо эмне экенин жакшы түшүнөт деп ойлойсуң. Си партияны баарынан жогору койгон лениндик принциптерге күтүүсүздөн кайтты”, - дейт кытай жетекчилери тууралуу бир нече китеп жазган Тронд Эйнар Якобсен.

Кытайлык коммунисттик партия менен жакшы карым-катнаштагы тааныштары бар Якобсен Си президент болгонго чейин жагымдуулугу жана жакындарына ынактыгы менен таанылган инсан катары мүнөздөлчү экен дейт. Ошондуктан Синин кытай иерархиясынын чокусуна жеткенине баары таң калган. “Аны көбү дос тутуп, коркунуч катары көрчү эмес”, - деп баяндайт Якобсен.

Ал өзгөчө артыкчылыктар каралган шарттарда өскөн, “кызыл аристократия” аталган алгачкы коммунисттик башкаруучулардын тукумунан. “Кызыл жакшыларынын” тукумундагылар учурдагы кытай саясатында борбордук макамдарды ээлешет. Алардын көбү шумдук байып да кетишкен.

“Ал Кытайды башкарууга укуктуу жана милдеттүү экенине ишенген киши экенинен күмөн санабай эле койсо болот”, - дейт Оксфорд университетинин ардактуу профессору, Кытай жөнүндө “Жеткилең диктатура” китебин жазган Стейн Ринген. Синин эски досторунун бири америкалык дипломаттар менен баарлашканда бул пикирди тастыктаган. Си менен бул досунун бир нече маеги Wikileaks сайты жарыялаган документтердин арасына кирген. Ал досу Сини – Маонун муунундагы лидерлердин тукумдары Кытайдын бийлигинин толук кандуу мураскору – деп эсептеген ак сөөктөрдүн бири катары сүрөттөгөн, анткени алар революция үчүн күрөшүп, курман болушкан.

Ыңкылап каарманы

Синин атасы Си Чжунсун Кытайдагы жарандык согушта Мао менен бирге күрөшкөн биринчи муундагы коммунисттик жетекчилердин бири. Мао бийликке келгенден кийин, Синин атасы үгүт бөлүмүн жетектеп, премьер-министрдин орун басары болгон.

Бирок кийинчерээк атасы суук мамилеге кабылып, аны трактор чыгарган заводдо иштегенге айдашкан. Андан кийин ого бетер оор болгон. Мао 1966-жылы “маданий ыңкылапты” баштатканда, Синин атасына “коомдун душманы” деген кине коюлган. Үй бүлөсү турган үйгө ачууланган кишилер кол салышкан. Синин карындаштарынын бири ошол окуяда курман болгон, бирок анын кантип өлгөнү азыркыга чейин бүдөмүк. Си 15 жашка кирген 1968-жылы атасы камакка алынган.

Атасы камалган соң Сини Шенси районунун Лиангиахе айылына жиберишкен. Миллиондогон жаштар сыяктуу эле Си Маонун “айылга кайтуу” кыймылынын бир өкүлү болуп калган. Ал кыймылдын идеясы боюнча жаштар шаарда “жуктуруп” алган буржуазиялык адаттардан тазалануусу керек болчу.

1960-жылдары кытай айылында учурдагы ыңгайлуулуктун бир да жок болчу. Электр кубаты да жок Лиангияхта Си кара жумушка тартылган. Ал кезде учурдагы кытай президенти бир керебетти дагы үч киши менен бөлүшүп, үңкүрдө жашаган.

“Үрөөн себүү, мал кайтаруу, жер семирткич ташуу сыяктуу бардык ишти жасачуумун... Эс алганга убакыт жок болчу”, - деп баяндаган 1995-жылы Си Цзинпин.

Саясий кайра жаралуу

Си айылда жети жыл жашаган. Коммунисттик партия аны катаал турмушка соккону менен ал партиянын катырына кирген. Аны партияга тогузунчу ирет кайрылганда гана кабыл алышкан деген кеп бар.

Бош убагында Си партиялык китептерди окучу. “Ал Маонун тандалма эмгектерин, Маонун ойлору жазылган китепче менен гезиттерди окуп турчу. Андан башка окуганга эч нерсе жок болчу”, - деп баяндаган Си менен үңкүрдө чогуу жашаган Лу Хошенгм ВВСге берген маегинде. Си курбуларындай болуп кыздар жана покерге кызыкчуу эмес. Ал тамашаны да түшүнчү эмес дейт Лу.

“15 жашымда сары жерге келгенимде мен коркконуман алапайымды таппай калгам. Сары жерден 22 жашымда кайтып жатканымда алдыма койгон так максаттарым бар болчу, мен өз күчүмө толук ишенип калгам”, - деп жазган Си 1998-жылы. Бул тууралуу Foreign Policy Magazine журналы баяндаган. “Сары жер” деген сөз кытай дыйкандарынын катаал турмушун сүрөттөө үчүн колдонулган метафора.

“Маданий ыңкылап” аяктап, Бээжинге кайтып келгенде Си саясатка сүңгүп кирген. Wikileaks жарыялаган документ боюнча америкалык элчиликтин кытайлык бакан оозу ал кездеги Си тууралуу “ал кызылдын кыпкызылына” айланды деген.

Бакан ооз Сини 1970-жылдары эле өз алдына так максатты койгон дымактуу саясатчы деп сүрөттөгөн. “Си өз карьерасын ийне-жибине чейин эсептеген мерчем түзгөн. Ал мерчем Сини партиялык иерархиянын бийиктигине жетүү мүмкүндүгүн болушунча жогорулаткан”, - деп жазылган америкалык элчиликтин 2009-жылы түзгөн документинде. Ал кезде Си вице-президент болчу.

Атасын 1976-жылы абактан бошотушкан. Ал кийинчерээк Дэн Сяопиндин реформаларын жетектеген адамдардын бирине айланган.

Дэн президенттин бийликте туруусуна чектөө киргизген. Анткени Маодой жеке бийликчил жана келечекте эмне кылаары белгисиз жетекчи келип калаарынан чочулаган.

Эки тизгин, бир чылбыр

2012-жылы Си кытайлык коммунисттик партиясынын баш катчысы, бир жылдан соң Кытайдын президенти болду.

“Ал чечкиндүү жана дымактуу жетекчи. Си кытай саясий түзүмүнүн бардык жиптерин бириктире алды. Ал кубаттуу жана жеткилең лидер”, - дейт Ринген. Анын айтымында Маодон кийинки бир да кытай жетекчиси колуна мынча бийлик топтой алган эмес. “Кытай партиялык, мамлекеттик, атайын кызматтык жана аскердик бюрократиядан турат. Си бардык бюрократияда лидерликке жетти. Ал жамааттык башкаруу түзүмүн мурастап алды. Учурда бул түзүмдү бир адам жетектейт”, - дейт оксфорддук профессор.

Си – партиянын лидери, куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы жана президент. Ал сырткы коопсуздук, интернет коопсуздугу жана экономикалык реформаларды жүргүзүү сыяктуу көптөгөн жаңы комитеттерди түзгөн. Ал комитеттин баарынын жетекчилигине өзүн дайындаган.

Микал Хем, VG, Норвегия

Уландысы бар...