Борбор Азия

​Кыргыз саясий кризиси: Жээнбеков Атамбаевге каршы

14 апреля 2018 г. 18:15 3970

Кыргыз Республикасынын жаңы президенти кадр тазалоого киришти. Анын мурунку патрону Атамбаев бийлигин өткөрүп берген адамына каршы. Кыргыз Республикасы саясий кризисти көздөй бара жатабы?

Адатта Кыргызстанда ар жаз сайын саясий абал курчуйт. Алмазбек Атамбаев өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүн өтөп, күчүнүн баарын жумшап конституцияга жараша өлкөнүн биринчи макамын ага таянган Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден төрт ай өтпөй экөөнүн ортосунда курч тирешүү башталды. Жаңы президент күч органдары менен юстиция жетекчилигинде бир нече кишини алмаштырды. Атамбаевдин кишиси делген алардын акыркысы генпрокурор Индира Жолдубаеванын кетишин 11-апрелде парламент колдоп берди.

Экс-президент парламентаризмди жактап чыкты

Жогорудагы алмашуулар экс-президенттин катуу сынына карабастан жүргүзүлдү. 31-мартта учурдагы жана мурунку президент кирген, азыркы парламенттин өзөгүн түзгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жабык жыйынында Сооронбай Жээнбековго бир нече айып тагылды. Анын партиянын парламенттик башкаруу багытынан тайып, таза эмес аткаминерлер менен байланышып алганы айтылды. Кыргыз ЖМКлары эки анжы башкаруу тууралуу айтып киришти. Кыргызстан кезектеги саясий кризиске баштанып калдыбы?

“Мен тескерисинче, мынча тынч экенине таң кала баштагам. Сооронбай Жээнбеков эч күмөнсүз Алмазбек Атамбаевдин протежеси болчу. Бирок ал президент болгон соң өз патронунан бошоноорун күтсө болот эле. Атамбаев Жээнбековго телефон чалып, каалаганын жасатам деп ойлогон. Андай болбой калаары менен бийлик дымагынан арыла элек экс-президент жаңы өлкө башчысын ачык басынтып көрдү”, - дейт Берлиндеги Чыгышевропалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун кызматкери (ZOiS) Беате Эшмент.

Жээнбеков Атамбаевге каршы: кимиси саясаттан чегинет

“Партиясынын съездинде Атамбаев кыргыздын ири саясатынан кетүүгө ниети жок экенин билдирди. Саясатка Жээнбеков аркылуу таасир берем деп ойлогон, бирок ал өз идеяларын ишке ашыргысы келгенин көрсөттү. Демек, Атамбаев эми жаңы жолдор менен жаңы өнөктөш издеп баштайт”, - деп эсептейт ZOiSтин эксперт айымы.

Азырынча Сооронбай Жээбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жеке тирешүүсү гана көрүндү деген ойдо кыргыз саясатынын көмүскөсүн билген Таалатбек Масадыков.

“Мен КСДПнын жабык жыйынынын катышуучулары менен сүйлөштүм. Экс-президентке берилген тарапкерлер бар жана жаңы президенттин тегерегине бириккен өлкөнүн түштүгүнүн өкүлдөрү бар. Бул аптада мен парламенттин бир нече депутаты, Боршайкомдук өкүлдөрү менен көрүштүм, кимдин кай тарапка өтөөрү, кимиси мурунку, кимиси азыркы менен калаары али белгисиз. Экөөнүн ортосунда кандай принципиалдуу өзгөчөлүк бар экенин экс-президент даана айтты. Жаңы команда партиянын парламентаризмди күчөтүү багытынан тайып, күчтүү президенттик башкарууга кайтууну каалайт”, - дейт Масадыков түзүлгөн абал тууралуу.

Парламенттик шайлоого чейин үлгүрүп калуу...

Бирок Атамбаевге парламенттик башкаруу идея катары эмес, бийликке кайтып келүү куралы катары керек. “Эгер ал уюштуруу ишин жакшы каржылап берем деген чоң капчыктууларды тегерегине жыйнай алса, тарапкер топтоп, кезексиз шайлоого аттана алат. Жаңы парламентте көпчүлүктү алса, ал аркылуу толук парламенттик башкарууга өтүү сыяктуу маанилүү саясий маселелерди чече алат. Андан кийин, алсыздашкан президенти бар бийликте аткаруу бийлигинин эки тизгин бир чылбырын өз колуна жыйнаган премьер-министр боло алат”, - деп ой жүгүртөт Таалатбек Масадыков.

Бирок, деп оюн улантат ал, эгер Атамбаев мунун баарын 2020-жылкы кезектеги парламенттик шайлоого чейин ишке ашыра албаса, жаңы президент, айрыкча коррупция менен күрөшүү багытында, өз туурун бекемдеп, элге аны жок кылуу убадасын аткарып жатканын көрсөтө алат. Бекемдеп алган соң өзүнүн саясий күндемин аткарууга өтөт. “Азыртадан эле президенттик башкаруусу бар 1993-жылкы конституцияга кайтуу кептери жүрө баштады. Анда Атамбаев чийден тышкары калат”, - дейт саясатчы.

УКМКдагы өз кишилер жана парламенттин олку-солку партиялары

Азыр болсо жаңы өлкө башчысы президентке түз баш ийген мамлекеттик коопсуздук кызматы менен прокуратурада өзгөрүүнү баштатты. “Ал күч органдарын арам кекиртектикке айыптаган. Анысы туура, жетекчиликтин бир бөлүгү саясатташкан сот жараяндары менен Кытай товарларына тиешелүү аткезчилик схемалары сыяктуу иштерге катышы бар болчу. Эгер ал коррупцияга каршы күрөшөм деген убадаларына чын эле турам десе, бул органдарды тазартууга даяр экенин көрсөтүүсү керек болчу. Бул тазартууга УКМКнын башчысы менен орун басары, генпрокурор баш болгон Атамбаевдин адамдары капташты. Алар буга чейин Атамбаевдин телефон чалып айтканынан чыкпай келишкен. Эми бул адамдарысыз күч органдарына өз каалаганын кылдыра албайт”, - деп эсептейт Таалатбек Масадыков.

Ал да, Беате Эшмент да азыркы абал толук кандуу саясий кризиске алып баруусу мүмкүн деген ойдо. ““Республика – Ата Журт” чындап келгенде ажырап кетти, түштүктүн өкүлдөрүнүн көбү жаңы президент тарапка өттү, калган өзөгү да Атамбаевди толук колдогондой көрүнбөйт. Атамбаевдин демилгеси менен лидери Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин “Ата Мекен” партиясы да түштүктүк жана түндүктүктөргө бөлүнүп калды. КСДП менен бирге көпчүлүк коалициясына кирген “Кыргызстан” менен “Бир Бол” партияларын да бирдиктүү деп айта албайсың. Саясий майдандагы кептерге караганда, куулган президент Бакиевге жакын адамдардан турган “Бир Бол” партиясы бийлик коалициясынан чыгып кетээри менен өкмөт таркайт”, - дейт абалды сүрөттөгөн Талатбек Масадыков.

“Кыргыз партиялары программаларга эмес, лидерлерине багытталган. Саясий системадагы алдынкы партия КСДП гана эмес, башка партиялар да лидерлерине жараша ажырап, жаңы нуктарга түшүп башташы мүмкүн. Атамбаевдин убагында көмүскөгө түртүлгөн экс-президент Роза Отунбаева жаңы президент менен иш-чаралардын бирине катышканы да мындай абалды мүнөздөйт”, - дейт Беате Эшмент.

Сырткы фактор жана президенттердин бири-биринен артыкчылыгы

Сооронбай Жэнбеков барган сайын бекемдеп кете бермекчи дейт ZOiSтин кызматкер айымы. Бирок күч органдарындагы кадр алмаштыруу бул үчүн жетиштүү эмес. Анын Атамбаев жерип салган кайсыл саясатчыларды өзүнө тарта алаары маанилүү деп эсептейт Беате Эшмент.

Мындан сырткары сырткы факторду да эстен чыгарбоо керек. Анткени кыргыз саясаты кризис убагында коңшу өлкөлөр менен мамилесине бир топ эле көз каранды. Буга келгенде Сооронбай Жээнбековдун экс-президентке караганда атаандаштыкта артыкчылыгы бар деп баса белгилейт эксперт айым.

“Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди сезимтал деп атады. Бул жумшак мүнөздөмө. Атамбаевдин таптакыр дипломатиялык шыгы жок. Бул жагынан алганда жаңы президентинин убагында Кыргызстандын тышкы саясаты түшүнүктүү болуп, дипломатиялык эрежелерге ылайык нукка кирди”, - деп белгилейт немис серепчи айым. Мунусу менен ал президент болуп турган маалында олдоксон сүйлөгөн Атамбаев башка өлкөлөрдүн лидерлери менен арасы сууп кеткени тууралуу кыйытты.

Deutsche Welle, Борбор Азия