Орусия

​Батыш Путиндин тилинде сүйлөп киргенде Орусияга кыйын болду

13 апреля 2018 г. 19:31 2362

Сириядагы химиялык чабуул деген окуяны БУУнун талкуулаганын жана АКШнын жаңы санкцияларын эске алганда Батыштын Орусия менен башкача сүйлөшө баштаганын байкайсың. Кремль буга даяр эместей көрүнөт

“Кана далилиңер!”, “Эс алгыла!”, “Силер калп айтып жатасыңар!”, “Биз силерди беш колубуздай билебиз!”. “Бизди режим дебегиле!”, “Режим, режим, режим!”. Орусиянын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя менен АКШлык кесиптеши Никки Хейли жана британдык өкүл Карен Пирс, швед, нидерланд, поляк өкүлдөрү ортосундагы баарлашуу ушуга окшоп бара жатат. Муну карап туруп Вашингтон, Лондон жана алардын санаалаштары расмий Москва менен анын тилинде сүйлөшүүнү чечкен окшойт деген ой келет.

Небензянын жалгыздыгы, Асаддын тагдыры жана Путиндин унчукпоосу

Орусия демилгелеген талкууда Небензя өз билдирүүлөрү менен бирге жалгыз калган сыяктуу. Ал тынбастан жыйырма мүнөт Дамасктын жанындагы Дума шаарында орусиялык эксперттер эч кандай ууландыруучу заттын изин ырастабаганын далилдеп жатты. Сириялык активисттер менен батыш өкүлдөрүнүн айтымында Башар Асад дал ушул Думада кайра эле химиялык курал колдонгон. Небензя Англияда ууландырылган Сергей Скрипалдын суу чычкандарын эмнеге өрттөп жиберишкенин түшүндүрүп бергиле деген соң, табакташтарынан башка өнөктөштөрү жок деп АКШны бир сыйра шылдыңдап өттү.

Бирок Орусиянын өзүнүн өнөктөштөрү көрүнбөйт. Кытайлык “стратегиялык өнөктөштөрү” адатынча химиялык курал жаман, тергөө таза, жоопкерчилик олуттуу, бадыраңдар жашыл, абаа таза болуш керек деп божурап тим болушту. Орусиянын союздашы Казакстандын өкүлү нейтралитетти баса белгилеп, бул теманын үстүнө жатып алганына караганда: Астана өз өкүлдөрүнө Кремлди уяткарбоону, бирок ага эч кандай жардам бербөөнү буюрганы билинип турду.

Америкарыктар менен британдар “орусиялык режимге” Асадды сактап калыш үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешин бура бастырбай жатат деген кине коюшту. Никки Хейли Коопсуздук кеңеши эч кандай чечим чыгарбаса да Думадагы окуяларга Вашингтон жообун узатат деп убада берди. Британ айымы Пирс Небензяга: “Менин орусиялык коллегамдын сөздөрүмдү түшүнгөнчөлүк жакшы англисчеси бар”, - дегенинен эрежесиз мушташ башталганын байкаса болот. Мындай мушташ БУУ менен чектелген жок.

Москвадагы шалдаюу

Нью-Йорктогу драма орус биржасынын урап түшүүсү жана орусиялык мега компаниялардын баалуулугунун төмөндөөсү менен бирге ойнолуп жатты. Айрыкча ВТБ жана Сбербанк сыяктуу мамлекеттик банктар менен Олег Дерипасканын активдеринин куну катуу түштү. Түрдүү эсептер боюнча орусиялык кара көпөстөргө (олигарх) таандык компаниялардын капитализациясы бир нече саат ичинде 12-16 млрд долларга төмөндөдү.

АКШнын каржы министрлиги өткөн аптанын этегинде санкцияларга дуушар болгон физикалык жана юридикалык жактарды жарыялаганда, орус элитасынын күтүлгөн реакциясына туш болду. Мисалы “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер: “Бул тизмеге алынганыбыз баарын туура жасап жатканыбыздын белгиси”, - деди.

Бирок бул эрдемсинүүнүн аркасында Москванын дүрбөлөңгө түшкөнү болбосо да, алапайын таппай баштаганы байкалат. Орус биржасынын индекстери төбөсү менен ылдый кеткенде, Москванын негизги кардары Башар Асаддын тагдыры кылдын учунда илинип калды. Орус өкүлдөрү бул кабарлар тууралуу: санкциялар алдында калган кара көпөстөрдүн бизнесине мамлекет атайын түзүлгөн фонддор аркылуу жардам берээрин; президент Дональд Трамп сириялык диктаторду “айбан” дегени туура эмес деп гана айтканга жарады. Ошо менен бүттү.

Трапмтын арканы узун ташталган санкциялары

Обама менен Керринин алсыз саясаты Вашингтон менен өнөктөштөрүнүн жапырт дипломатиялык жана экономикалык чабуулуна алмаштырылса эмне кылаары тууралуу Кремлдин “Б” планы жок болуп чыкты. Мындан эки ай мурун орусиялык министрлер, аркандалган депутаттар менен кол күчүк үгүтчүлөр АКШнын Каржы министрлигинин “кремл тизмесин” көк мээ америкалыктар Москва шаарынын телефон жадыбалын көчүрөп алышыптыр деп, шылдыңдап каткырып жаткан болчу. Мен ошондо күлүүгө али эрте дегем.

Тизме аткарылуусу кечиктирилген өкүм болуп чыкты. Ал тизмедегилер Вашингтондун Ак үйүнө гана белгилүү эрежелерге жараша тандала баштады. Мындан үч-төрт жыл алды лоббичилерге опол тоодой акча берип, америкалыктарды тигил же бул таасирлүү орусиялык жаран тууралуу унуттура алсаң, эми антүүгө болбой калды. Вашингтондо расмий Орусияны коргойм дегендер калбай калды. Бул жагдайда Дональд Трамптын Путин жөнүндө жакшы ойлогону эч кимди кызыктырбайт.

Солсбериде ата менен кыз Скрипалдын ууландырылганы жана орусиялыктардын бул окуя жөнүндө шылдың аралаш жооптору Батышты Кремлге каршы анын өзүнүн баарын жалганга чыгаруу, орой мамиле кылуу жана оруксунган жерге кайра-кайра соккулоо сыяктуу куралын колдонууга түрткөндөй. Орус төбөлдөрүнүн ооруксунган жери көп экен. Рубль менен бирге батыш борборлору жана Москванын ортосундагы ишенимдин калдыктары урап түштү. Ошондуктан Эммануэль Макрон Санкт-Петербургдагы ар жылкы экономикалык форумга орусиялык төбөлдөрдү колдоо үчүн эмес, алардын эл аралык сахнада жүрүм-турумдарын өзгөртүүнү каалап-каалабаганын баамдаш үчүн келет. Француз президентин тетири жооп күтүп турганына ишенем. Владимир Путин кетенчиктебейт. Кремлдин идеологиялык көз ачыктарынын бири Владислав Сурковдун “Россия в глобальной политике” журналында “Аргындын жалгыздыгы” аттуу макаласы жарык көрдү. Сурковдун негизги ою жөнөкөй: “Жалгыздык Орусиянын адаттагы абалы”. Ага өнөктөштөрдүн кереги жок. 2014-жылы Крымды басып алуусу менен Москва үч жүз жылдык батышташуу аракетине чекит койду. Бул, автордун ою боюнча туура, керек болсо сонун иш. Орусия өзү кандай болсо ошондой калды – Батыш да, Чыгыш да эмес – “аргын”.

Бирок Сурков утулган оюнду утуш катары көрсөткүсү келет. Орус экономикасынын жалпы түзүмү жана аны башкарган төбөлдөрүнүн маанайы мурун көрүлбөгөндөй Батыш менен тыгыз байланышта. Акыркы жүз жылдыкты алсак, анын жетекчилигинин аброю бир да жолу мынчалык түшкөн эмес. Абрамовичтин колу туткактыгынан баш тартканда гана Сталин боло аласың. Владимир Путин өзүнүн төртүнчү мөөнөтүнүн аягына чыгышы мүмкүн. Батыш Орусиядагы өзгөрүүлөрдөн чочулайт, ошондуктан Кремлди чени менен омуроолойт. Бирок 18-марттагы шаңдуу утушту акыркы апталардын окуялары булгап койду. Бул абалды оңдоп кетүү мүмкүн эмес.

Константин Эггерт, жорум, Deutsche Welle, Германия