Жорум

​Гүлжигит Исаков: Президент Жээнбековдун Түркияга сапары жана эки өлкөнүн мамилелери

13 апреля 2018 г. 8:11 3079

Кыргызстан-Түркия мамилелери салттуу түрдө жакшы эле болуп келген, эгерде 2016-жылдын 15-июлун эске албаганда.

Бул күнү эмне болгон өзү?

Германия, Англия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн атайын кызматтары, тийиштүү кызматкерлери бул жагдай боюнча өз иликтөөлөрүн даярдашып, жетекчиликтерине, парламенттерине сунушташкан. Ал рапорттордо Режеп Эрдоган айткандын тескерисинче, Фетхуллах Гүлендин төңкөрүшкө такыр тиешеси болгон эмес деп табылган.

Р. Т. Эрдогандын төңкөрүштөн качан кабардар болуу боюнча берген маектеринде 5 башка убакытты айтканы, көп ача пикирлерди жараткан. 2015-жылы Түркияда Орусиянын учагы атып түшүрүлгөндө да түрк жетекчилиги 5 башка позицияны билдирип, "мен буйрук бергемин" деп президент Эрдоган айтса, ошол кездеги премьер-министр Давутоглу "мен буйрук бергемин" деп отуруп, акыры такыр тиешеси жок Фетхуллах Гүленди "күнөөлүү" кылып чыгарышканы дале эсибизде. Ал кездеги КРнын президенти А. Атамбаев Эрдоганды Орусиядан кечирим сурап койсо жакшы болмок деген сунушунан баштап, мамиле сууй баштаган. Бирок, Түркия тез арада эле кечирим сурап, Орусияга компенсация төлөп берген.

Түркияда 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш атайын уюштурулган спектаклдин бир бөлүгү болуп, дүйнө коомчулугун ынандыра алган жок. Иликтөө башталбай эле туруп, Гүлен күнөөлөнө баштады. Түрк парламенти атайын комиссия түзүп, изилдейли дешсе, Эрдогандын партиясы комиссиянын түзүлүшүнө жолтоо болуп туруп алган. Бирок Гүленге жакын деген шылтоо менен жүз миңдеген мыйзамдуу жол менен иштеп жаткандардын тизмеси байма-бай электрондук почта аркылуу таркатылган жана жумуштарынан кетирилип, сот чечими жок эле, далилсиз камакка алынышкан. Демек, өздөрү алдын ала уюштурушкан. Жасалма төңкөрүштү шылтоолоп, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилди. Өзгөчө кырдаал киргизилгенде Конституция, мыйзамдар иштебей калды. Бул оюндан кабардар болгон Фетхуллах Гүлен ачык түрдө: "Эл аралык комиссия түзүлүп, төңкөрүштү аягына чейин изилдеп, менин тиешем бар экенин далилдеп чыкса, өлүм жазасына тартылганга ыраазымын", - деп өзүнө ишенимдүү сүйлөп, Эрдоганды ачык "дуэльге" чакырган. Эрдоган андайга бара алган жок. Дүйнөнү ишендире алган жок. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу, Кыргызстан да туура позицияны карманып, Эрдогандын негизи жок эле туш тарапта Фетхуллах Гүлен темасын ар жакка "жамай бергенин" этибарга алган жок. Бизге ар кандай көрсөтмөлөрүн ички ишибизге кийлигишүү катары баалады.

Бүгүнкү күндө Түркия Фетхуллах Гүленди террорист деп айтканы менен дүйнө жүзүндөгү бир да өлкөгө жетиштүү далилди жөнөтүп, бул кыймылга тиешеси барларды экстрадициялап бер деген талапты кое алган жок. Анын ордуна, Түркияга "каракчы мамлекет" дедирткидей өзүнүн дүйнө жүзүндөгү бейкүнөө жарандарын эл аралык эрежеге ылайык экстрадициялап алгандын ордуна, аларды уурдоо менен алек. Мыйзамсыз жолдор менен уурдап качуу менен алек. Акыркы мындай окуялар Косово менен Габондо катталды. Былтыр Малайзия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдө катталган болчу түрк бийлигинин адам уурдоо фактылары.

Эки өлкөнүн мамилелери эмне себептен салкындай түшкөнүнө себепкер деп айтылган Ф. Гүлен темасын кыскача түшүндүргөнгө аракет кылдык.

Кыргыз Республикасы экс-президент Атамбаевдин убагында да, учурдагы президент Жээнбековдун убагында да туура эле позицияны карманып келе жатат.

Бирге берилген брифинг убагында Эрдогандын бир тараптуу күнөөлөгөнүн Жээнбековдун жоопсуз калтырганы эң мыкты жооп болду. Эрдоган, адатынча, салкындап калган мамилелерден улам үйүлүп кеткен маселелерди чечүү үчүн жасалган сапарды, "Фетхуллах Гүленге мыкты жооп" деп бергиси келди. Ошондой түс бергиси келди.

Кол коюлган келишимдер күнүмдүк саясаттан алыс болуп, эки элдин мамилелерин чыңдоого багытталган.

Техникалык жөнгө салуу, стандарттоо, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо багытындагы макулдашуулар талапка жооп берет жана өтө орундуу деп баса белгилей алабыз.

Билим берүү жана басма сөз, маалымат айдыңындагы кызматташууну өтө кылдаттык менен жүргүзүү улуттук кызыкчылыкка жооп берет. Маалымат коопсуздугу биринчи приоритетибиз болушу зарыл. Түркиянын ички маселелерин бизге билим берүү жана бир тараптуу негизсиз маалымат таратуу аркылуу "көчүрүп келип алуубуз" коомдо поляризацияга жол ачат. Андан кудай сактасын! Жети да эмес, жүз өлчөп, бир кесүү керек.

Түркия чет өлкөлөрдөгү диний, коомдук жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, өкмөттүк уюмдарын ачыктан-ачык эле тыңчы катары колдонуп келе жатканын кооптонуу менен кабыл алып, алдын алышыбыз керек.

Жалпы жолунан, эки өлкөнүн жарандары көп карым-катнашта болуп жатканы үчүн, көптөгөн маселелер чечилүүгө тийиш болчу. Бул сапар менен муз ордунан жылды десек жаңылышпайбыз.

Шантажга чейин барган шарттарга көңүл бурбастан, салабаттуулук менен жүргүзүлгөн саясат өз мөмөсүн берет деген үмүттөмүн.

Эки өлкөнүн ортосунда юстиция тармагында кызматташуунун күн тартибинде болбогону өтө көп нерседен кабар берет.

Жыйынтыктап айтканда, президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия сапары жетишилген макулдашууларга, меморандумга ылайык, ийгиликтүү деп айта алабыз.