Батыш

​Акча жана менталитет: немистердин үнөмдөө салтынын тамыры кайдан

10 апреля 2018 г. 14:09 910

Унөмдөө, топтоо ашыктыгы Германияда улуттук адат катары эсептелет. Берлиндеги көргөзмө макроэкономикага таасир берген бул маданий өзгөчөлүктүн булактарын караштырган

“Экономика экономдуу болуш керек” деген совет доорунун жетекчиси Леонид Брежневдин унутулгус сөздөрү 1980-жылдардын башында немис сактык кассаларынын кайсыл болбосун филиалынын урааны болуп бермек. Экономдоо, акча топтоо, “каран күнгө” катып коюу, сактоо, тапканыңдан аз коротуу сыяктуу үнөмдөөнүн бардык түрлөрү Германияда улуттук изгилик деңгээлине чыгарылган. Бул мүнөз немистерге ушунчалык терең сиңгендиктен, Берлинде акча сактоо системасы менен тыйын топтоо менталитетине тиешелүү толук кандуу көргөзмө уюштурулган. Ал “Экономдоо – немис изгилигинин тарыхы” деп аталган.

Бир изгиликтин тарыхы

Ооба, бул адатты эч күмөн санабастан изгилик десе болот. Анткени чынчылдык, жөнөкөйлүк, тырышчаактык, адилеттүүлүккө умтулуу менен бирге кирешенин бир бөлүгүн коротпостон сактап калуу немис мүнөзү катары саналат. Аны бүгүндү гана эмес келечекти ойлоп, учурдагы каалоолорду ооздуктап, пландан сырткаркы чыгымдарга барбоо десек да болот.

Бул жүз жылдар бою калыптанган немис мүнөзү заманбап Европанын макроэкономикасы менен геосаясатына түздөн-түз таасир берет. Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы түшүнбөстүктүн көбү “европалык экономиканын локомотиви” атаккан Германиянын колдо болгонунан көп коротпоо аракетине байланыштуу. Балким ошондуктан көргөзмөгө келген адамдарды британдык The Economist журналынын “Немис көйгөйү” деген биринчи бетинин бакыйган сүрөтү тосуп алат. Көргөзмөнүн уюштуруучулары дал ушул көйгөйдүн тамырын караштырышкан.

Байыркыдан калган түрдүү акча чогултуу кутулары, банктык сактоо китепчелери, немис сактоо кассаларынын жарнама плакаттары – баары немис маданиятынын айныгыс бөлүгү үнөмдөп-жыйноо экенин көрсөтүп турат. Банкта сакталган акчага эч кандай үстөк каралбаса да, орто статистикалык немис орто америкалыкка караганда ай сайын 9дан 12 пайызга чейин көбүрөөк каражатты сактоого тапшырат. Орусиянын жараны менен немисти салыштырууга таптакыр болбойт, анткени орусиялыктын үчтөн экиси бир тыйын да сактап калбайт. Бул факт 2017-жылы күздө жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоодо билинген.

Каалоосун чектөө кантип макроэкономикалык талашка алып келди

Немистердин экономдоого умтулуп, өздөрүн чектегени жылмаюуга гана эмес катуу сынга да кабылып келет. Анткени Геманиянын сырткы соодадагы профицити (немистердин сыртка сатуусу сырттан алуусунан бир топ эле жогору) Евробиримдик базарын туруксуздукка түртүүдө дейт эксперттер.

Жогоруда аталган көргөзмөнүн генералдык демөөрчүсү Берлин шаарынын сактык кассасы. “Макроэкономикалын талашка тарыхтык өңүт киргизүү аркылуу сыймыктанган үнөмдөө сезимибиз кантип улуттук мүнөзгө айланганын билгибиз келет”, - дейт Немис тарых музейинин мүдүрү Рафаэль Гросс. Экономисттердин алыңа жараша жашообу же насыяга жашообу деген талашы күндемден кете элек.

Немис үнөмдөө мүнөзүнүн тамыры тагдырдын өйдө-төмөндүгүн эсепке алып, жоопкерчиликтүү турмуш сүрүү үчүн инсанды каржысын мерчемдөөгө чакырган Агартуу доору менен протестанттын ахлактан келет. Немистердин алгачкы сактык кассасы 1778-жылы Гамбург шаарында ачылган.

Германия индустриалдашып баштаган доордо бул ахлак саясий да өңүт алган. Немис бийлиги сактык кассага тапшырылган акчаны ыңкылапка каршы эмдөө катары көрүшкөн. Анткени жоготчу бир нерсеси болгон киши ыңкылап майданына чыгаардын алдында жакшылап ойлонуп көрөт. Немис өндүрүүчүсү Альфред Крупп жумушчуларынын биргелешкен сактык кассасын бекеринен биринчилерден болуп уюштурган эмес чыгаар.

Андан кийин бийликке келген улутчул-социалисттер топтоону саясий идеология гана кылбастан, аны жөөттөргө каршы өңүткө бурушкан. “Жөөттөрдүн үстөккө семирген каржысын” сындап, немис жумушчуларынын “маңдай тери менен тапкан” акчаларын макташкан. Туш-тарапка согуш ачкан “үчүнчү рейхтин” өндүрүшү калктын сактоого берген каражатын колдонуп да өнүккөн.

Дароо экономдогула

Акча тынч жерди сүйөт, акча жөнүндө көргөзмө да. Түрдүү тыйын топтоо кутучалары (арасында гранатага окшогондору да бар) сактык китепчелер, плакаттардын баары Германия жарандарынын эки дүйнөлүк согушка жана 1920-жылдагы гиперинфляцияга карабай өлкөсүнүн каржы жана саясий системасынын туруктуулугуна ишенгенин үнсүз көрсөтүп турушат.

Калктын каражатын көчөдөн сактоого алганга ылайыкташкан Deutsche Bankтын автоматы “Экономдоо – немис изгилигинин тарыхы” көргөзмөсүнүн эң шумдуктуу экспонаты. Ал кездеги немис өндүрүшү менен каржы кызматынын кереметинин бетинде “Убактыңыз менен акчаңызды автоматтык түрдө үнөмдөңүз” деген жазуу турат. Почто кутусунун көлөмүндөгү темир жашик Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин немис жарандарына “каран күнгө” акча сактаганга жардам берген. Ал үчүн атайын кагазды толтуруп, автоматка тыйын жүктөп, андан чыккан марканы кагазга чаптап, кайра автоматка таштап коюу гана керек болчу.

Көргөзмөдөн чыгып келе жаткандагы кинозалда немистердин үнөмдөп, каражат топтоосуна тиешелүү видеороликтер көрсөтүлүп жатат.

Бирок учурда ысырапкорчулуктан кайра тартпайт деген француздар да айына 180 еврону сактык кассасына тапшырган немистерден кем калбайт экен.

Deutsche, Германия