Ара жолдогу мамлекет

​Эрдоган жана Косово. Косоварлар диктаторду эмнеге жек көрөт

7 апреля 2018 г. 17:16 1289

Түркиянын президенти Таййип Эрдоган беш мугалим менен бир докторду Косоводон уурдап чыкканын тарапкерлерине чоң эрдик жана жетишкендик катары көрсөттү. Бирок косовалык журналист Берат Бузхалы бул окуя түрк фирмалары менен түрк мамлекетинин фонддорунун ишине балта чабат деген ойдо

29-мартта беш мугалим менен бир доктордун жергиликтүү коопсуздук кызматынын жардамы менен Түркияга уурдалып чыккандан кийин косова калкы түрк президенти Таййип Эрдоганга каршы бир нерсе десең, башыңа балээ келетпи деген ойдо калды.

Түрк башчысы адам уурдатканы аз келгенсип, бул кылмышка катышы бар шеги менен ички иштер министрди жана коопсуздук кызматынын башчысын алган премьер-министрибизге “сенин эсебиңди табабыз” деди. Бул “эр жүрөкүктүн” албетте бир себеби бар. Анын аты Косованын президенти Хашим Таажи. Ал жардам бербесе, түрктөрдүн атайын кызматы (MIT) муну ишке ашыра алмак эмес.

Биздин президентибиз Таажинин Евробиримдик сыяктуу дүйнөлүк уюмдар менен түшүнбөстүктөрү бар. Бул маселелерди чечүү үчүн азыр ага колдоочулар керек. Ошондуктан ал Түркиядагы Эрдоган менен ынак болууга мажбур.

Таййип Эрдоган Түркияны тизелетип, кызыл камчы менен башкарганы сыяктуу, Хашим Таажи да Косовону ошондой тескейт деген ойдо. Бирок Косовонун абалы андай эмес. Анткени бул жерде демократия Түркияга салыштырмалуу жогору деңгээлде. Жарандык коом менен, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) президенттин алдында эмес. Биздин жарандар өз пикирин ачык-айкын айта алат.

Эрдогандын биздин премьер-министрибиз Рамуш Харадинажды бир эмес үч жолу коркутканы косово калкына серб диктаторлорун эстетти. Косоварлар серб үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн согушкан. Биз башка бир тиран же заалым бизди башкарсын деп согушкан жокпуз.

Түркия жана анын калкы менен эч кандай чатагыбыз жок. Эрдоган биз үчүн түрк калкы менен бирдей эмес, аны Косоводо колдогондор 5 пайызга жетпейт. Бирок бул жактагы түрк азчылыгы Эрдогандын таасири алдында калганы өкүндүрөт. Косоварлар жергиликтүү түрктөрдүн диктаторду жакшы көргөнүн эч жактырбайт. Ошондуктан түрк президенти косоволук түрктөрдү оор абалга кириптер кылып жатат.

Таййип Эрдоган косоволук түрктөрдүн пикири менен ойнош үчүн миллиондогон доллар колдонуп келет. Ал түрк бюджетинин эсебинен ачылган Маариф” деген фонддун мектептери, салынган мечиттер, түзүлгөн исламчыл жарандык уюмдар, элчилиги, түрдүү долбоорлорду каржылаган TIKA уюму аркылуу косоволуктардын пикири менен ойноо аракетинде. Мындан сырткары косоволук аткаминерлерге пара берип, Косовонун электр кубатын таркатуу компаниясын, Приштинанын учак майданын арзан баада саттырып алды. Аларды Эрдогандын туугандары, күйөө балдары менен достору сатып алышкан.

Түрк ажосунун жогорудагы аракеттерин Косовонун бардык ЖМКсы, жарандык уюмдары, бүтүндөй калк билет. Ошондуктан Таййип Эрдоганды жек көрүү күн санап артып барат. Бул жек көрүү биздин прездент Хашим Таажинин рейтингин да түшүрүп, анын партиясынын бийликте калуусуна коркунуч жарата баштады.

Башкы прокурор Александр Люмизи Косоводон уурдалган алты түрк жараны тууралуу тергөө баштатты. Бул тергөөгө премьер-министр көз салып турмай болду. Учурда кылмыш иши адам уурдоого гана эмес, биздин бийликтин буга катышканы боюнча да ачылмакчы. Окуя адаттагы депортацияга окшобойт. Бул кылмышка биздин президент Хашим Таажи жана ага тиешелүү кишилер менен уюмдар катышкан.

Түрк президенти саясий соодагер экени белгилүү. Косоводогу окуяда ал акча жана президент Таажиге пайдалуу иштерди колдонгон. Биздин президент да түрк кесиптеши сыяктуу жеке пайдасы үчүн өз уулун кылмыш кылдыруудан кайра тартпайт. Хашим Таажи Эрдоганды колдонуп, Евробиримдик менен мамилесин оңоп кетсе, ага дароо далысын салат. Эрдогандыкындай эле анын бир да сөзү же аракети ишенүүгө татыбайт.

Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинаж Эрдоганды жактырбайт. Бирок анын парламенттеги коалициясы алсызыраак болгондуктан, түрк президентине катуу жооп бере алган жок. Бирок ишке келгенде, ал мындан кийин Эрдоган жектеген бир да кишини Түркияга салып бербейт.

Түрк бийлигинин өз жарандарын Косоводон уурдай качканы, косоварларга жеке бийликтин, диктаторлуктун канчалык коркунучтуу экенин дагы бир жолу эскертти. Бардык жарандык коомдун активисттери, ЖМКлар адам уурдоо – Хашим Таажи менен Таййип Эрдогандын “соода-сатыгынын” бир бөлүгү деген пикирде биригишти. Бул кылмыш алардын жеке пайдасы үчүн кылынган.

Бул окуядан кийин Хашим Таажиге жакын бир нече жогорку макамдагы атка минер кызматтан алынды. Бул окуя косово калкында уят иш катары кабыл алынды. Анткени, заалымдан качып, баш паанек үчүн келген адамды косоварлар эч качан саткан эмес, аларды өз жанын ортого салып коруган. Уурдалган мугалимдер эң азы алты жыл, калганы 15-20 жылдан бери биздин балдарыбызга билим менен тарбия берип келген инсандар болчу. Косоварларда зулумдуктан качып, башпаанек үчүн келген коногун саткан адам чыккынчы катары каралып, журтта калтырылчу. Бул жазылбаган мыйзамдардын бири. Ошондуктан учурдагы президентибиз Хашим Таажи бул мыйзамга жараша жазасын алат. Муну жакынкы шайлоо көрсөтөт.

Берат Бузхала, Gazeta Exspress, Косова