Ара жолдогу мамлекет

​Экс-президенти Бразилияны башаламандыкка алып баратат

6 апреля 2018 г. 16:01 433

Президенттик шайлоого жарым жыл калса да Бразилияны ким жеткетеп кетээри али арсар. Ашкере оңчул талапкердин жеңиши жакшылыкка алып барбайт

Бразилия экиге бөлүнүп калды. Мурунку президент Луиса Инасиу Лула да Силва менен аны сындагандардын ортосунда чоң жарака турат. Жогорку соттун Силваны камакка алуу чечими абалды ого бетер курчутуп салды. Мурун өлкө ичинде да, чет жакта да абройлуу президенттин айыбы катуу эле ачылып калды. Аны менен Odebrecht курулуш концерни ортосундагы шектүү байланыштарды сот тастыктады. Бирок тагылган айып бразил коомун кайсыл жакка жетелеп кетээр экен деп чочугандар көп.

Бразилияда абал курчуп бара жатат

Октябрь айына бекитилген шайлоого жарым жылдай калды, өлкө болсо башаламандыкка багыттанган сыяктуу. Жакындан баштап кылмышкер атаккан Лула да Силва сурамжылоолордо биринчилигин улантып, талапкерлигин койгоно жатканы башаламандыктын бир эле себеби.

Соттун чечиминен кийин Силва шайлоо жарышынын сыртында калды сыяктанат. Кол тийбестик алыш үчүн президенттикке аттанган убакта да анын бардык юридикалык тоскоолдордон ашып өтөөрү арсар.

Бирок экс-президентти шайлоо жарышынан четтетүү аны жактагандардын ачуусуна тийиши мүмкүн. Алардын ою боюнча Лула саясий кутумдан зыян тарткан байкуш. Экс-президентти жактагандар менен ага каршы чыккандардын ортосундагы чыңалуу күн санап артып бара жатат. Да Силванын кортежине март айында атылган октор мунун эң жакшы далили.

Бразилиянын шаарларындагы зомбулуктун күчөгөнү мындай кырдаалга үстөккө-босток болуп, жакында биринчи кан да төгүлүп кетти. Марттын ортосунда Рио-де-Жанейродо шаардык депутат Мариэлла Франконун атылып өлтүрүлгөнү карапайым бразилдерде кооптуулук сезимин арттырды. Бул кылмышын бети ачылбай калганы, мамлекеттик мекемелерге болгон ишенимсиздикти ого бетер жогорулатты.

Ашкере оңчул талапкер утуп чыгышы мүмкүн

Бир чети корккон, экинчи жагынан ачууланган бразилдер чыгарчу чечим кооптуу. Сурамжылоолор боюнча экинчи орунда ашкере оңчул Жаир Болсонару келе жатат. Ал 1964-1985-жылдардагы аскердик диктатураны жактап, өлүм жазасын кайра киргизүүнү колдойт. Бразил калкы ашкере оңчул менен солчулдарды анча жактырбайт. Бирок “Унаа тазалоо операциясы” деп аталган көп миллиарддык коррупциялык иштердин кеңири тергелиши бардык салттуу саясий партиялар менен лидерлердин аброюн баткакка чаап, популисттерге даңгыр жол ачып берди. Жаир Болсонару сыяктуу кызыл камчылыкты жактаган талапкердин жеңип чыгуусу болжолдонуп калганы жакшы жышаан эмес.

Бразилия жарым жылдан кийин кандай өлкөгө айланат? Түштүк Американын эң ири мамлекети жетекчиликке кимди тандайт? Буга чейинки талапкерлер түшүнүктүүрөөк, саясий абал болсо турктуураак болчу. Бирок 2018-жылы Бразилия келечеги бүдөмүк өлкөгө айланды.

Александр Шосслер, Deutsche Welle