Батыш

Кытай менен АКШнын соода согушу. Пекин Вашингтондун мизин майтарды

5 апреля 2018 г. 16:16 1166

Кытай шершемби күнү Кошмо Штаттарына жооп катары соккусун узатты. Ал америкалык соя төө буурчагы, автоунаа, химикат жана башка товарларга жалпысынан 50 млрд долларлык төлөм киргизээрин жар салды. Бул кадам эки өлкөнүн каршылашуусу толук кандуу соода согушуна айланып кетеби деген чочулоолорду ого бетер арбытты.

Кытай аткаминерлери мурун көрүлбөгөндөй ыкчамдык менен Кытайга киргизилип келген 106 америкалык товарды кымбаттатууну мерчемдеп калышты. Бул план кытай супермаркеттерин жер-жемиш менен камсыздаган жана АКШнын учурдагы президенти Дональд Трампты колдогон штаттарына сокку урмакчы.

Трамптын администрациясы кытайлык товарларга каршы киргизилчү чектөөлөрүн ачыктагандан кийин бир нече саат өтпөй, Кытайдын жооп катары төөлөмдөрдү киргизүү мерчеми жар салынды. Америкалыктардын чектөөлөрү Кытайдан кирген учактын бөлүктөрү, автоунаа жана тетиктери, телевизорлор, болот жана башка товарларга тиешелүү болчу. Мындан бир нече күн мурун киргизилген буга чейинки карама-каршы тарифтерден кийинки бул жаңы чектөөлөр араздашууну тереңдетип, эки өлкөнүн тең эмгек базарына терс таасир берет деген чочулоого себеп болду.

Эки өлкөнүн тарифтик согушу уланат деп чочулаган инвесторлор каржы базарларынан кача башташты.

Шаршемби күнкү брифингде каржы министринин орун басары Чжу Гуанъяо: “Кытай сырткы зордоого эч качан моюн сунбайт. Сырткы кысым кытай элин экономикалык өнүгүүгө ого бетер жан үрөөгө мажбурлайт”, - деди.

Сүйлөшүү үстөлүнө отураардан мурун эки тарап мындай аракеттерин күчөтөбү деген маселе турат. Эки өлкөнүн бири-биринин товарларына киргизген кошумча алымдары дароо ишке кирбейт. Кытай да акыркы билдирүүсүндөгү чектөөлөрдү качан киргизээрин айткан жок.

Тариф согушу эки өлкө арасындагы жылдык 650 млрд долларлык сооданын негизги бөлүгүнө тие элек. Бирок экономисттердин айтымында, эгер эки тарап араздашууну токтотуунун ыкчам ыкмаларын таппаса, маселе ырбап, дүйнөлүк соода алакаларына кесепетин тийгизет.

Шанхайдагы Фудан университетинин улуу илимий кызматкери Цзе Чжао бул араздашуу бири-биринин эркин өлчөөгө жана амбициялардын күрөшүнө айланып кетсе, чоң ката болот деген ойдо. Ал: “Биз адистиктин негизинде сүйлөшүү жүргүзүп, идеология менен эмоцияны чектөөгө аракеттенүүбүз керек”, - дейт.

Кытай буга чейин киргизген башындагы 3 млрд жана кийинки 50 млрд долларлык алымдар АКШдан импорттолгон товарлардын үчтөн бирин камтыйт.

Кошмо Штаттарына келген болсок, алар Кытайдан өтө эле көп товар киргизендиктен, Вашингтондун койгон тарифтери кытай импортунун тогуздан бирине тиешелүү. Ошондуктан АКШнын кытайлык товарларга дагы кошумча чектөө киргизгенге мүмкүндүгү кененирээк.

Шаршембиде кытай бийлиги курч билдирүү кылганы менен араздашууну ырбатууну каалабаганын айткан. Каржы министринин орун басары Чжу мырза айткандай: “Кытайдын ою ачык. Биз соода согушун каалабайбыз, анткени ал эки тараптын тең кызыкчылыгына терс келет”.

Бирок Кытай башка жолдор менен каршылык кылып, жоготууларын толуктап алышы мүмкүн. Ички экономикасы менен жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетин көзөмөлдөгөн кытай бийлиги коомдук пикирди багыттап, соода согушунун кытай керектөөчүлөрүнө таасирин болушунча азайта алат. Буга чейинки геосаясий араздашуу учурларында кытай аткаминерлери өзүнүн керектөөчүлөрүн багыттап, аларга Жапония, Филиппин жана Түштүк Корей товарларын жек көрсөтө алган.

Эки тарап тең келечекти болжоп араздашып жатат. Президент Трамп Кытайга каршы өзүнүн акыркы алымдарын Пекиндин өз экономикасын келечектүү технологияларды иштеп чыгууга багыттаганына каршы киргиздим деген. Made in China 2025 деп аталган программа боюнча робототехника, аэрокосмикалык тармак жана электрунааларын чыгаруу сыяктуу алдынкы технологияларга көңүл бурулган.

Европалык жана америкалык көптөгөн компаниялардын жетекчилиги аталган программа мамлекеттин жардамына таянган атаандаштарды пайда кылат деген чочулоолорун айткан. Бул жүйөөнү Трамптын администрациясы колдоп чыккан. Кээ бир компаниялар эгер Кытайда өз товарларын саткысы келсе, Пекин аларды технологияларын да өткөрүп берүүгө мажбурлап жатканын айтышкан. Бирок кытай бийлиги бул айыптоону четке каккан.

Шаршембиде мамлекеттик ЖМКларда жарык көргөн макалада заманбап жана алдынкы технологияларды өнүктүрүү “Кытайдын өндүрүшүн жаңылоонун баш тарткыс талабы, кытай экономикасынын сапатка өтүү доорунун жалгыз ыкмасы” деп жазылган.

Учурда Кытай тарабынан киргизилген алымдар Трамптын администрациясына олуттуу маселе жаратып коюшу мүмкүн. Анкени алар соя төө бурчагы, жүгөрү, пахта, уй эти, тоңдурулган апельсин ширеси, тамеки жана виски сыяктуу айыл-чарба товарларына киргизилген. Бул товардын көбүн Трамптын саясатына таасир бере алчу республикачыл депутаттар көзөмөлдөгөн штаттар өндүрөт. Алар АКШ президентин акыркы талаптарынан баш тарттыра алышат.

Мындан сырткары кытай бийлиги дүйнө боюнча соода эрежелерин түзүп, араздашууларда ортомчу болгон Дүйнөлүк соода уюмуна Трамп араздашуу чогун жандырды деген арыз менен кайрылган. “Кошмо Штаттары менен Кытай интеллектуалдык менчик жана базарлардын ачыктыгы тууралуу келишимди жаңыртчуу убагы бышып жетти, - дейт Фудан университетинин Америкалык изилдөө борборунун жетекчисинин орун басары Сун Гою. – Антишпесе соода башаламандыгы башталат”.

Кит Брэдшер, Стивен Ли Майерс. The New York Times, АКШ